Интернет колдонуучулар эң сексуалдуу депутат үчүн добуштарын берүүдө

Limon.kg сайтында интернет колдонуучулардын добушу беруу аркылуу, Жогорку Кеңештин эң сексуалдуу депутатын аныктоо жүрүп жатат. Бирок кээ бир эл өкүлдөрү бул жарышка каршы.

Limon.kg сайтынын администратору Эркенин айтымында «Жогорку Кеңештин эң сексуалдуу депутаты» аттуу жарыш 17-июнда башталган жана күз айларына чейин уланат.

«Биз азыр жарыш качан бүтөөрүн билбейбиз, анткени добуштарды интернет колдонуучулары берип жатышат. Балким 2 айдын ичинде жыйынтыгын чыгарып калаарбыз», — дейт Эрке

Сайттын администраторунун айтымында, жарыштын максаты интернет колдонуучуларынын көңүлүн көтөрүү болуп эсептелет.
«Бизде азыр баары саясатташып кеткен, ошондуктан биз бир позитивдүү жолду тандап алдык. Бирок бардык эле окурмандар муну жактырышкан жок, андан көрө жөнөкөй сурамжылоо жүргүзгүлө деди», — деди Эрке

Уюштуруучулардын айтымында ар бир фракциядан 9 депутат тандалып, алар 3 этаптан отушот.
Жарыштын бул бөлүгүндө азыр «Республика» партиясынын депутаттары катышууда.
«Эң сексуалдуу депутат» аттуу жарышка ар бир фракциянын бирден депутат катышат.

«Депутаттарды интелектуалдык денгээли аркылуу сындоо керек»

«Республика» фракциясынын депутаты Азиз Закиров бул сыяктуу жарыштарды өткөрүүнүн кереги жок деп эсептейт.
«Бул кызыктуу экен. Депутаттарды аткарган иши, интелектуалдык деңгээли аркылуу сынаш керек», — деп сунуштады парламент өкүлү.

Интернет колдонуучулары добуш берип жаткан депутат Нурбек Мурашев өзүнүн кесиптешинин айтканы менен макул болду.
«Мен үчүн эл добуш берип, ушундай жарыш өтүп жатканын дегеле билген эмесмин. Мен мындай иш-чараардын өткөрүлүшүнө каршымын», — дейт Мурашев Kloop.kg маалымат порталына берген интервьюсунда

Ал эми «Республика» партиясынан Назарали Арипов, Абдыжапар Бекматов мындай демилгени колдоорун билдиришти.
«Кандай гана жарыш болбосун баарына эле менин жакшы көз караштамын», — дейт Бекматов.

КСДП фракциясынын депутаты Олег Домшенко мындай иш-чараны жактырбаарын айтат
«Бул эмне деген жарыш? Эл тандаган адам кантип сексуалдуулук боюнча иш-чараларда сыноого алынат, бул туура эмес», — деди интервьюсунда Домшенко

Нурлан Торобеков «Ар-Намыс» фракциясынын депутаты мындай сынактардан абайлаш керек дейт.
«Биздин мамлекеттеги демократиянын өнүккөнүнө карабастан өтө кылдат болуу керек. Анкени жаштар муну туура эмес кабыл алып, түшүнбөй калышы да мүмкүн», — деди өз сөзүндө Торобеков

Конкурстун жыйынтыгы

Сынактын өткөн эки турунан кийин «Жогорку Кеңештин эң сексуалдуу депутаты» деп «Республика» партиясынын 3 өкүлү табылды.

Аталган сайттын администраторунун айтымында эми жарыштын жыйынтыгы күзүндө чыгат.

Редактор: Диана Рахманова
Которгон: Кундуз Исмаилова