Бишкектин чыгыш бөлүгүндө мас абалдагы айдоочу тез жардам унаасын кырсыкка учуратты


Горький атындагы көчөгө жетпей Шабдан Баатыр көчөсүнөн 27-июнь күнү
таңга маал мас абалындагы айдоочу тез жардамдын автоунаасын сүзүп алган.
Саламаттыкы сактоо министирлиги билдиргендей, кырсыктан жабыркагандардын
баары №4 шаардык ооруканада оор абалда. Кагылышуудагы автоунаалар кайра
жасоого жараксыз болуп калган.

Мамлекеттик МАИ кызматкерлеринин билдиргенине караганда жол кырсыгы Шабдан
Баатыр көчөсүндө таңкы саат 8:40 чамасында болгон.

«Спорт машинасы катуу келе жатып, биздин тез жардам авто унааны кагып кетти.
Унаа тоголонуп кетти, ичиндеги айдоочу мас болчу», — дейт саламаттык сактоо
министирлигинин пресс-катчысы Светлана Байтикова

Бирок атайын экспертиза жүргүзүлгөндөн кийин айдоочунун канындагы спирт
ичимдигинин басымдуулугу билинди.

Пресс-катчынын айтымында, тез жардам унаасы автозаправкага бара жаткан.

«Врач менен айдоочу баш мээсине катуу жаракат алып, андан тышкары сөөк сыныктары
да болгон. Алар азыр №4 шаардык ооруканада даарыланып жатат», — деди Байтикова

Ошондой эле Байтикованын кабарлагандай, спорт машинасынын айдоочусу да оор абалда.

Бул кырсыктан кийин Бишкекте 37 тез жардам машинасы калды.

Азыркы тапта шаардык МАИ кызматкерлери тарабынан иликтөө иштери жүрүп жатат.

Жол коопсуздугу боюнча кызматкерлери спорттун машинанын айдоочусу мас абалда
болуп, кырсыктын кесепетинде эки машина тең атайын штраф стоянкада коюлду.

№4 шаардык оорукананын кызматкери Талантбек Барымкатовдун билдиргендей
жабыркагандар ооруканага эртең менен саат 9:50 жеткирилген. Алардын баары оор
жаракаттарды алып, абалы абдан начар.

Саламаттыкты сактоо министирлигинин пресс-кызматы, тез жардам машинасынын толук
баасы 100 миң АКШ долларын түзөруун айтты.

Шаардык МАИ кызматкерлери тез жардамды «Митцубиси» маркасындагы автоунаа
какканын билдирди.

17-июнь күнү Тынчтык проспектиси жана Горький көчөлөрүнүн кесилишинде МАИ-
инспектор-регулировщиги катуу сирена менен келген тез жардам каретасын өткөрбөй
койгон.

«Тез жардамдын айдоочусу тушүндүрүүгө аракет кылды. Бирок андан эч тыянак чыккан
жок. Тез жардам өкмөттүк кортеж өткөндөн кийин гана өз жолун улантып кетти.
Балким ал кортеж президентке тиешелүү болчу», — деп «Я-репортер» долбоорунун
колдонуучусу жазган.

Төрт күн өткөн соң тез жардамды өткөрбөй койгон инспекторго атайын кызматтык
жактан жазалоо буйругу жазылган.

Редактор: Илья Каримджанов
Которгон: Кундуз Исмаилова