5- каналдын жетекчилиги парламенттик канал болууга каршы


«5- канал» ЖАК- мүдүрү Евгения Бердникова, телеканалдын парламенттик болуп өзгөртүлүшүнө каршы. Депутаттар бул боюнча мыйзам долбоорун кабыл алган. Анын негизинде, бешинчи каналдын эфиринде бир гана парламенттин жаңылыктары чыгып турушу керек.

Аталган каналдын башчысынын билдиргенине караганда, телеканалды парламенттик кылыш үчүн биринчи кезекте аны улутташтыруу зарыл.

«5- каналды бир жыл мурун эле улутташтырырып өзгөртүү боюнча атайын декрет кабыл алынган. Бирок ага карабастан биз азыркы күнгө чейин жеке компания катары иш алып барып келебиз», — деди Бердникова.

KДПК фракциясынын депутаты, долбоордун жетекчиси Исмаил Исаков, бул канал парламенттин жаңылыктарын бериш керек деп айтты. Депутаттар жаштарга ылайыкташтырылган берүүлөрдү кошууну сунуштап, бирок жалпы добуш берүүдө ал четке кагылган.

«Бул мыйзам долбоору өлкөдөгү бирдиктүү мамлекеттик саясатты түзүү жана маалыматтык мейкиндиктеги иштин таза болушун камсыздоо үчүн кабыл алынган», — деди Исаков.

Каналдын жаңы программасы

Бердникова телеканал боюнча мыйзамды кабыл алган депутаттар парламенттик канал деген сөз алдында эмнени түшүнүшөт деген суроо берет.

«Парламенттик канал деп эмнени түшүнүшөт? Биз алардын бири-бири менен согушканын түз эфирде көрсөтүшүбүз керекпи? [мисал катары 2011-жылдын 1-апрелиндеги депутаттар арасындагы урушту], Алар журналисттер менен кызматташууну каалабагандан кийин парламенттик каналды түзүүнүн кажети жок», — деди «5- каналдын» жетекчиси.

«Ар-Намыс» партиясынын депутаты Акылбек Жапаров,Kloop.kg порталына берген интервьюсунда кайсы программалар каналдын эфиринде чыгып тураарын так айткан жок.

«Менин оюм боюнча «5- каналдын» эфиринде атайын программалар пайда болот. Эртеден кечке чейин парламенттин ишин көрсөтө берүүнүн кажети деле жок. Каналды кызыктуу кылыш үчүн жарнактарды да көргөзүү кажет», — деп эсептейт Жапаров.

Шайлоо алдындагы агитация иштерине ар бир президенттикке талапкерлер үчүн атайын эфирдик убакыт бөлүнүп берээрин, каналдын өзүнүн байкоо кеңеши түзүлүшү мүмкүн экенин Жапаров кошумчалады.

«Биз ар бирине убакыт бөлүп беребиз. Ал эми калганы талапкерлердин өз тандоосу болот. Балким кээ бири каналдын белгилүү бир эфирдик убактысын өз акчасына сатып алат», — дейт депутат.

Телеканалдын карыздары

Канал улуттук болуп калса, мамлекет анын 38 миллион сомду түзгөн карыздарын төлөшү керек экендигин Бердникова билдирди.

Депутаттар мыйзам долбоорунун аталышын өзгөртуп, андан «Улуттук» деген сөздү алып салган. Парламенттин айтымы боюнча бул кыргыз Республикасынын конституциясына төп келбейт.

Жапаров телеканалдын карыздарына таң калууда.

«Биз парламенттик шайлоону өткөрдүк. Расмий катталган 29 партиянын баары телеканалдардын баарына эле төлөмдөрдү киргизишкен. Эми каналга дагы бирөөлөр карыз деген бул-нонсенс. Бухгалтериянын ишин карап чыгуу зарыл. Балким карыздарын азыркыга чейин төлөбөгөндор бар», — деп билдирди депутат.

Бишкектиктердин ою

Бишкек шаарынын тургуну бул мыйзам долбоорунун ишке киргизилишине каршы оюн билдирди.

«Мен «5- каналды» улуттук кылып өзгөртүүгө жана парламенттик гана болуп калышына каршымын», — деди ал.

Надежда Бишкек шаарынын тургуну. Ал парламенттик каналдын пайда болушун колдоорун билдирди.

«Биздин өлкөдө көп улуттуу элдер жашайт, ошондуктан эгер телеканал бир гана кыргыз тилинде эмес, орус тилинде да чыгып турса абдан жакшы болмок», — деди Бишкек шаарынын тургуну.

«5- канал» Жабык акционердик коому
Телеканал 1996-жылы «КООРТ» деген аталыш менен пайда болуп, анын жетекчиси катары өлкөнүн биринчи президентинин улуу баласы Айдар Акаев эсептелген.

2005-жылдын март айында болгон төңкөрүштөн 2 жыл өткөн сөң Аскар Акаев ээлеген ордунан бошоп, телекомпания ишмердүүлүгүн токтоткон.

«КООРТтун» ордуна «бешинчи канал» иштей баштаган. Анын жетекчиси болуп, 2009-жылга чейин экс-депутат Оксана Малеваная иштеген. 2009-жылдан баштап азыркы күнгө чейин бул кызмат ордунда Евгения Бердникова отурат.

5- канал Кыргызстандын аймагында көрсөтүп, чоң телеканалдардын катарына кирет. Анын эфиринде саясатчылар жана эксперттерлин катышуусунда автордук «Майдан» аттуу ток-шоусу, күндөлүк жаңылыктар жана социалдык программалар чыгып турат.

Редактор: Илья Каримджанов
Которгон: Кундуз Исмаилова