Кыргызстанда экинчи аялдар колониясы пайда болот


Беловодск айылында жакынкында дагы бир аялдар колониясы пайда болот. Жаза аткаруу боюнча мамлекеттик кызматы [ГСИН] экинчи жаза өтөө жайын ачуу, камактагы аялдардын көптүгү менен байланыштырат. Эми 2 жылдан бери ээн турган айылдагы кесиптик техникалык окуу жайы жаза мөөнөтүн өтөө жайына айланат.

Аялдар колониясына айлана турган мекеме, кесиптик билим берүү комитетинин карамагында турат. Мамлекеттик жаза аткаруу кызматынын пресс-катчысы Джолдошбек Бузурманкуловдун айтуусунда, бул имараттын жетекчилиги аталган кызматка өткөрүп берүүгө даяр экенин билдирди.

«Акча каражатынын жетишсиздиги жана ошондой эле бир катар маселелерге байланыштуу бул кесиптик билим берүү имараты 2 жылдан бери иштебей турат. Бир айдын ичинде биздин өкмөт имаратта оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүү боюнча чечим кабыл алышы зарыл. Жооп келээри менен биз тергөө жүргүзүү изолятору жана жаза мөөнөтүн өтөө боюнча мекемени ылайыкташтырып жасайбыз», — деди пресс-катчы Бузурманкулов.

Катчынын билдиргендей, азыркы тапта Кыргызстандын аймагында аялдар мыйзам чегинде жазасын өтөөчү бир гана колония бар.

«Мыйзамга ылайык айтканда бир жолу сот жообуна тартылган аял көп жолу түрмөгө түшкөндөр менен отурбашы керек. Андан сырткары жаш кыздар карылардан өзүнчө, кош бойлуулар атайын камерада, ал эми оорулуурал такыр башка абакта кармалышы керек», — дейт Бузурманкулов.

Абакта отурган айымдардын соттолушу боюнча ар түрдүү режимдеги категориялар бар.

«Кыргызстандагы жалгыз аялдардын колониясы Степной айылында орун алган. Соттолгондордун баары бир жерде эле отурушат. Ал эми мыйзамга ылайыкташтыра турган болсок, алар атайын режимдерге бөлүнөт. Эгер андай кылып баарын ар башка камакка алабыз десек, бизге аз дегенде 10 колонияга керек», — деди мамлекеттик кызматтын катчысы.

Бузурманкулов Кыргызстанда №1 иликтөө изолятору бар экенин билдирип, анда аялдар да, эркектерде жаза өтөй тургандыгын белгиледи.

«Булар атайын дарбазалар менен бири-биринен бөлүнүп турат. Бирок эл ичинде түн киргенде эркектерге аялдарды киргизет деген ушак чыккан. Бул туура эмес маалымат», — деп кошумчалады Бузурманкулов.

Kloop.kg порталына берген маалыматында укук коргоочу Сардар Багишбеков кесиптик билим берүү мекемесин кайра жасоо туура эмес деп билдирет.

«Имаратты кайра жасоонун кажети деле жок. Анткени бу маселе түп-тамыры менен жок болуусу зарыл. Абактагы аялдардын санын максималдуу түрдө кыскартыш биздин эле колубузда. Ошол эле соттолгон аялдарды кечке камап отурбастан, коомдук жумуштарга тартуу керек. Жылдарга бөлбөй жеңил кылмышы барларды альтернативалык негизде жазалап, акча айыптарны төлөнүш менин оюмча алда канча жакшы», — деп эсептейт укук коргоочу Багишбеков.

Каржы министирлиги ишти токтотуп жатат

Кесиптик билим берүү боюнча мамлекеттик комитет имаратты берүү боюнча макулдугун бергендиги менен, каржы министирлиги курулуш иштерин токтотуп жатат.

«Имарат билим берүү комитетине тешелуу болгондуктан каржы министирлиги макулдугун берүүдөн баш тартууда. Биз өз кезегинде билим берүү боюнча комитетинин имаратты алуу боюнча макулдугун алганыбыз менен каржы министирлиги каршы болууда. Ошол үчүн долбоор токтоп турат», — деп кошумчалады Бузурманкулов.

Билим берүү министирлиги Kloop.kg порталына №28 кесиптик окуу жайы аларга тиешелүү эмес деп билдирет. Ошондой эле билим берүү комитети бул имарат балдарды окутууга жараксыз болуп калганын билдирди.

«Биздин баланста 3 кесиптик окуу жайы бар. Ал эми сөз болуп жаткан мекемеде балдарды окутуу болбой калды. Ошол себептен биз аны мамлекеттик жаза аткаруу кызматына бергенбиз. Ал иштебей калганына 2 жыл болду», — деди кесиптик техникалык билим берүүнүн бөлүм башчысы Алсеит Джусумамбетов.

Экинчи аялдар колониясы

Аялдар колониясында бүгүнкү күндө 1600 соттолгон айымдар бар, негизинен бул жаза өтөө колониясында 1300 аял камакта туруш керек болчу.

Курулуш иштерине 4 миллион АКШ доллары сарыпталып, жаңы колонияда чач тарачтын окуусу жана тигүү цехи уюштурулат.

Автор: Анаркан Садыралиева
Которгон: Кундуз Исмаилова