Айлык маянасына нааразы болгон тез жардам кызматынын айдоочулары митингке чыгышы мумкун


Бишкек шаарынын тез жардам кызматынын айдоочуларынын айлыгын көтөрбөсө, алар ак үйдүн маңдайына митингке чыгууну пландап жатканын Өкмөт айтууда. Саламаттык сактоо министирлигинин билдирүүсүнө жараша аталган кызмат өкүлдөрүнүн маянасы план боюнча ушул жылдын 1- сентябрында гана көтөрүлөт.

Тез жардам каретасынын айдоочусу Талайбек Искенбаевдин айтымында, алар жумуштун көбүнө карабастан айлыкты аз алышат.

«Кайда гана болбосун биз ар дайым жардамга келебиз. Азыркы тапта оорчунду маселе биздин айлыгыбыз, 3500 сом алабыз. Мындай акчага үй-бүлөңдү эмес, өз керт башыңды багууга болбойт», — деп билдирет интервьюсунда Искенбаев.

Эгер өкмөт тез жардам айдоочуларынын айлыгын жакынкы арада көтөрүү чечимин кабыл албаса, алар чогулуп, митингке чыгаарын билдирет Искенбаев.

«Бийлик дайыма эле айлыгыңарды көтөрүп беребиз деп убадасын бергенден башка бир тыянактуу чечим кабыл албай жатат. Бийлик бир жуманын ичинде маселени чечпесе биз ак үйдүн маңдайында митинг иштерин уюштурабыз», — деди айдоочу.

Өз атын айтуудан баш тарткан дагы бир тез жардам кызматкери митингке чыгуу максатын көздөп жатканын айтат.

«Митингке чыгабыз. Себеби биздин айлык жалпылап айтканда, 4000 сомдон 5000 сомго чейин. Ушул акча жашоого жетпейт да», — деди тез жардам айдоочусу.

Тез жардам кызматынын кичи персоналынын айлык акысын көбөйтүү ушул жылдын сентябрь айында башталат. Бул тууралуу саламаттык сактоо министирлигинин катчысы Паиза Суюмбаева билдирүүдө.

«Эгер короо тазалоочу, пол жуугуч жана санитарлардын маянасы 1000 сомду түзгөн болсо, жакында алар 2500 сомдон алышат. Андан тышкары дагы кошумча акчалары болот. Бул жылыштарга жараша, медицина кызматкерлеринин да айлыгы көбөйөт», — деп кошумчалады Суюмбаева.

Эмгек, миграция жана социалдык коргоо министирлиги ортоңку категориядагы кызмат адамдарынын ишин баалаган атайын иштик категория ойлоп чыгат. Ал боюнча бул кызматкрелер айлык маяна ала башташат.

Кызыл-Жар айылындагы медицина кызматкерлеринин нааразычылыгы

Өлкөнүн түштүк тарабынан орун алган Кызыл-Жар айылында психиатриялык оорукана бар. Анын кызматкерлери 17-майда нааразычылык акциясына чыгышкан.

Экинчи категориядагы медицина кызматкерлеринин айлыгын көтөрүүнү талап кылышкан кызматкерлер айлык маянаны 1-сентябрдан эмес, биринчи майдан баштап көтөрүүнү айтышты. Мындан мурун ага даарыгерлердин айлыгы бир кыйла көтөрүлүп, санитарлардын акчасы 1500 сом бойдон кала берген.

Белгилүү бир талаптар менен медицина кызматкерлери аталган психиатриялык мекеменин башкы дарыгери Медерхат Курманалиевке кат түрүндөгү билдирүү киргизишкен.

Айлык маянасын көтөрүп берүүнү талап кылган медицина кызматкерлерине жоопту, дарыгер 3 күн аралыгында бериши керек эле. Бирок башкы дарыгер эч кандай нааразычылык акциясы болгон жок деп билдирди.

Саламаттык сактоо министирлигинин пресс-катчысы Елена Баялинованын айтуусунда, медицина кызматкерлеринин айлыгы алардын ар биринин иштөө мөөнөтү жана иштик мүмкүнчүлүктөрүнөн көз каранды.

«Айлыктын көптүгү же аздыгы иштеп аткан адамдын өзүнө жараша болот. Кээ бири жарым күн иштейт, кээ бири толук ставка менен иш алып барат. Биз санитарлардын акчасын дарыгерлердин айлыгы менен теңей албайбыз. Медицина жаатында адис болуш үчүн 10 жыл окуп, билим алуу керек. Эми мына баарынын айлыгын көтөрсө, жакшы эле болуп калат», — деди катчы.

Таш-Көмүр шаарынын мэри Мамидали Кулдышев, аталган психиатриялык оорукананын медицина кызматкерлери алган айлыгына нааразы болгону туура деп эсептейт.

«Аларды да түшүнсө болот. Элди даарылоо жаатында иштөө оңой иш эмес. Эртеден кечке иштеп алган акчасы эч нерсеге жарабайт. Өкмөт даарыгерлердин айлыгын көтөрө турган болсо, санитарлардыкына да кошсун да», — деди шаардын мэри.

Медицина кызматкерлеринин айлыгын көтөрүү

Өкмөттүн 2011-жылдын 19-январындагы отурумунда, маданият, спорт, мугалим жана медицина кызматкерлеринин маянасын көтөрүү боюнча суйлошуу болгон. Ага ылайык ушул жылдын май айынан тартып аталган жааттагы кызматкерлердин айлыгын көтөрүү чечими кабыл алынган.

Эми медицина мекемелеринин жетекчилери 6300 сом, даарыгерлер 5000, ал эми ортоңку персонал 4300 сомдон кем эмес айлык алууда.

Саламаттыкты сактоо министри Сабырбек Джумабековдун айтымында, медицина кызматкерлеринин орточо маянасы 9000 сомду түзөт.

«Эгер даарыгер буга чейин 3 миң сом алып жүргөн болсо, азыр 9 миң сом алат. Бул башталышы гана. Ал эми эгер тоолу аймакта иштеп, бир жарым ставкадагы планды аткарса, иштөө стажы көп болсо, анда анын айлыгы 15 миң сомго чейин жетет», — деди Джумабеков.

Айлыктын көтөрүлүшү менен кадрдык агым токтолот деген оюн билдирди министр. Анын айтымында, 2010-жылы 1500 медик кызматынан бошоп, алардын 200 чет өлкөгө иштөөгө кеткен.

«Башка мамлекетке кеткендерден калганы айыл-чарбачылыгына кетип, же жеке ишкерлик менен алектенип атат. Биз азыр биринчи кезекте аларды кайра кызмат абалына келтирүү мүмкүнчүлүгүн түзүшүбүз керек. Анан гана ишиндеги сапаттуулукту талап кылабыз», — деди Джумабеков.

Каржы министирликтин маалыматына караганда, бул максатта 1,3 миллиард сомду кошумча бөлүп берүү керек.

Азыр медициналык кызмат көрсөтүү жаатында 12 миң даарыгер жана 28 миң ортоңку звенодогу кызматкерлер эмгектенет.

Автор: Диана Рахманова
Которгон: Кундуз Исмаилова