Кыргыз тили «Гугл» - котормочуда


2012-жылдын январь айынан тартып, Google Translate сервисинде, кыргыз тилинен орус жана англисче котормочу иштей баштайт. Онлайн котормочуга жаңы сөздөрдүн түрүн жазса болот.

Кыргыз тилин «Гуглдагы» котормочуга киргизүү боюнча долбоорду уюштуруучулардын бири Мурат Жумашев, 2012-жылдын январь айынан баштап кыргыз тили боюнча котормочунун тесттик түрү ишке ашырылат дейт. Анда орус жана англис тилдеринин колдонулушу күтүлүүдө.

Долбоор үстүндө Жумашевден тышкары, Рахат Сабырбеков, Данияр Усенов, Бакай Жунусов жана Тологон Аматов иш алып барууда.

Бул котормочуну башка эч бир нерсе ашып түшө албайт деп эсептейт Жумашев.

«Азыркы тапта сөздүктөрдө коомдо колдонулуп жаткан жаңы сөздөрдүн тизмеги жок. Алардан кыргыз тилиндеги фразалардын башка тилдердеги маанисин таба албайсың», – деди Жумашев.

Долбоор ишке ашса, Кыргызстан Борбордук Азиядагы мамлекеттик тилин интернет-корпорацияга киргизген эң биринчи өлкө болот.

Бул иш коммерциялык көз караштарды өз ичине камтыбайт дешет долбоордун уюштуруучулары.

«Долбоордун максаты, кыргыз тилинде сүйлөгөн жарандарга, интернет-ресурсундагы маалыматтарды көбүрөөк алуусуна жардам берүү», – деп түшүндүрдү Жумашев.

Сөздөрдү, фраза, сүйлөм жана веб-баракчаларды, документтерди котормочунун жардамы менен 57 тилге которгонго мүмкүнчүлүк бар.

Кыргыз тилинин онлайн котормосу

Kloop.kg порталынын кызматкерлери интернеттен сегиз онлайн котормочу тапкан. Анда орус жана англис тилинен кыргыз тилине которууга болот. Бирок бул сөздүктөрдүн баардыгы сөздөрдү гана которо алат.

Tilchi.com онлайн сөздүгү – кыргыз тилинен орусча жана кайра орус тилинен кыргызчага которот.

АКИ Пресс маалымат агенствосунда дагы кыргыз тилинен орусча жана англис тилинен кыргызча котормочусу бар.

Press.kg – кыргызчадан орусчага котормочу.

Жанылак Тасма –кыргызчадан орусчага которулган сөздөрдүн тизмеги.

«Он миң сөз»

Kloop.kg порталына берген маалыматында, педагогика илимдеринин доктору Жеңишбек Чыманов, кыргыз тилинде 10 миңге жакын сөз бар дейт.

«Орто статистикадагы колдонулган сөздөр беш-жети миңди түзөт», – деди Чыманов.

Доктор, көп жылдан бери котормочулук менен алектенгени менен, кыргыз тилиндеги жакшы котормочунун көрө электигин белгилеп айтты.

Долбоорду каржылоо

Жумашевдин билдиргенине караганда, долбоорду ишке ашыруу үчүн 10 500 АКШ доллары талап кылынат.

Анын оюнда, президенттик аппараттын этникалык саясат бөлүмүнүн каржылоого мүмкүнчүлүгү бар.

«Акча программалык колдоо, оргтехника жана адистердин айлык маянасын төлөөгө жумшалат», – деп белгилейтл Жумашев.

Бирок этникалык саясат боюнча бөлүм башчысы Мира Карыбаева бул долбоорду каржылоону колдоого албай турганын белгиледи. Анын айтымында, бөлүм ишти колдоо боюнча катты жазып берет. Ага ылайык долбоор жетекчилери эл аралык уюмдарга грант алууга арыз жаза алышат.

Редактор: Илья Каримджанов
Которгон: Кундуз Исмаилова