Былтыркыга салыштырмалуу эт 60 сомго кымбаттады


2010-жылдын октябрь айынан тартып, мал этинин баасы жогорулап баратканы байкалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык антимонополияны жөнгө салуунун башчысы Кенешбай Тайлаков билдирди. Калаадагы эт заводунун мүдүрүнүн орун басары Андрей Петров, баалар тоюттун кымбатташына жараша өсүп атат дейт.

Тайлаков баалардын өсүшүн, 3 фактор менен байланыштырат.

«Биринчи фактор — бул мезгилдеги адаттагы көрүнүш. Экинчиси бул контрабанда, биздин азык-түлүктөр мыйзамсыз башка мамлекеттерге чыгарылууда. Базарларда алуучулар көп, ал эми саткандардын товары аз, ага жараша да баалар күндөн-күнгө жогорулап атат, бул үчүнчү фактор», — деди шаардык бөлүмдүн башчысы.

Антимонополияны жөнгө салуу боюнча расмий сайтынын билдиргенине караганда, 2010-жылдын сентябрь айында кой этинин бир килограммы 186,8 сомду, ал эми уй эти 189,5 сомду түзгөн.

Декабрь айында кой эти 40 сом 70 тыйынга жогорулап, килограммы 227 сом 30 тыйынды түздү. Уй эти болсо 236 сом 60 тыйынд түзгөн.

Ушул жылдын 6-июлуна карата, эттин эң максималдуу баасы катталган. Уй эти 278,3 сомду, кой эти 279 сомду түзүп турган.

Тайлаковдун айтымында антимонополияны жөнгө салуу агенствосу мамлекетке эт перенинин баасын жөнгө салуу үчүн бир нече жолдорду сунуштаган.

«Малды контрабандалык негизде алып чыгып жаткандарды кармоо жана убактылуу мал этин экспорттону токтотуу боюнча сунуш жасадык. Муну менен катар эле биздин сунушубуз, мамлекеттик уюмдар эт сатуу үчүн соода кылуу түйүндөрүн ачсын деген ой болду», — деди башчы Тайлаков.

Бишкек шаардык эт заводунун жетекчисинин орун басары Андрей Петров баалардын кымбатташын дүйнөлүк ал-акыбалга байланыштырат.

«Мамлекет башында туура эмес саясат жүргүзүп койгон. Эт дайыма чет өлкөлөрдөн келип турган. Ошондуктан биздин өндүрүш төмөндөдү. Тоют кымбаттан, баалар да өстү. Андан тышкары биздин мамлекет дүйнөлүк баалардан көз каранды», — деп түшүндүрдү цехтин жетекчисинин орун басары.

Петров белгилегендей, баалардын жогорулашында жакшы жактары да бар. Бул өлкөнүн экономикасына салым кошот.

«Дайыма эле элет жергесинин тургундарына көңүл жетиштүү деңгээлде бурулбай келген. Алар жашоо үчүн күрөшүп келишкен. Эми болсо, алар тескерисинче эмгегинин акысын алышат. тапкан акчасын албетте шаарга алып келип, сарыптайт. Бул өз кезегинде өлкөнүн казынасына киреше», — деп эсептейт Петров.

Айыл чарба министрилигинин пикири

Аталган министирликтин башчысы Торогул Беков эт цехинин башчысынын орун басары айткан сөздөрүнө кошулат. Баалар кымбатташы менен, айыл-чарба продукцияларын өндүрүүчүлөрдүн иши кыйла эле жакшырат.

«Айыл-чарба азык-түлүк кымбатташын чоң кемчилиги деп айтуудан алысмын. Анткени ар бир нерсенин өзүнүн жакшы да, жаман жактары да бар. Мисалы эттин кымбаттаганы фермерлер үчүн жакшы кирешелерди алып келет», — дейт Беков.

Министирдин айтымында, азык-түлүк бааларынын жогорулашы колдонуучу кардарлардын чөнтөгүн кагат

«Эгер айыл-чарба азык-түлүгүнүн баасы төмөн болсо, фермерлер кыйналып калат. Бир чети жогоруласа, алардын эмгегинин акыбети кайтат, бирок бл жагдай шаар тургундарын кыйнап коет», — деп баса белгиледи айыл-чарба министри.

«Баалар мындан ары жогорулай берет»

Бексултан Абазов Ош базарында мал этин сатуу менен алектенет. Анын айтымында, эттин кымбатташы анча эмес көрүнүш.

«Кымбатчылык болуп атканы жаман. Ар бир айда баалар өзгөрүп атат», — деди сатуучу.

Кызылгул Нурмамбетова базардын баалары дүң өткөрүүчүлөрдүнүнө караганда алда канча төмөн.

«Жай бою ушундай темп менен соода кылсак, кышында сөзсүз турдө кымбатчылык болот. Мурун биз 10-15 сом кошуп сатсак, азыр 100 сомго чейин кошумчалап атабыз», — деди Нурмамбетова.

Редактор: Илья Каримджанов
Которгон: Кундуз Исмаилова