Шайлоо-2011: Президент болууну каалагандардын саны 29 кишиге жетти


БШК- билдиргени боюнча, 1-августка карата 29 талапкер катталган. Акыркылардан болуп «Рабочая партия Кыргызстана» партиясынан Замирбек Панрманкулов жана эки журналисттик басмаларынын башкы редакторлору арыз тапшырышкан. 2011-жылдагы президенттик шайлоо талапкерлердин саны боюнча лидер болду.

Шайлоо комиссиясына арыздарын 1-августка карата «Перри Нур» газетасынын башкы редактору Ырыскелди Ыбашев, «Kginform.com» маалымат порталынын редактору Виктор Виноградов жана 2003-жылдагы парламенттин экс-депутаты Замирбек Парманкулов киргизген. Ал «Рабочая партия Кыргызстана» партиясынын атынан өз талапкерлигин койгон.

Парманкулов азыр «Инструменты» заводунун башкы мүдүрү болуп эмгектенет.

Өз талапкерлигин коюу боюнча арыздарын жарандар БКШ- 16-августка чейин киргизе алышат.

Президенттик шайлоого мамлекеттик казынадан 450 миллион сом бөлүнүп берилген. Шайлоо ушул жылдын 30-октябырында өткөрүлөт.

«Кыргыз Республикасынын шайлоо тууралуу» мыйзамына ылайык, президенттик тактыга талапкерлерге тиешелүү болгон маалымат агенстволору үгүт иштерине катыша албайт.

Потенциалдуу талапкерлер

Президенттик шайлоого катышам деген талапкерлердин арасынан жети гана адам партиялардын атынан талапкерлигин коюшкан.
Бирок азыркы тапта бийликте турган «Ата-Журт» фракциясы өз лидери Камчыбек Ташиевди талапкер катары расмий түрдө көрсөткөн.

Мындан бир аз мурун ал өзгөчө кырдаалдар боюнча министр болуп эмгектенген. Бул жылы ал ММК- көңүлүн өзүнө бир гана алып барган иши эмес, өзүн алып жүрүүсу менен да көңүлүн бурган. Апрель айынын башында ал өзүнүн эки кесиптеш депутаттары менен согушуп кеткен.

Алардын биринде Ташиев өзүнүн партиялашы Бахадыр Сулеймановду токмокко алып, бир аз убакыттан кийин коомчулук алдында Сулеймановдон кечирим сураган.

Калган 22 өзүнүн талапкерлигин өзүлөрү койгондор, алардын алтоосу жумушсуздар.

Президент болууну каалаган, бирок борбордук шайлоо комиссиясына арызын тапшыра элек болуп «Ар-Намыс» партиясынын депутаты Турсунбай Бакир уулу эсептелет. Ал өз талапкерлигин «Эркин Кыргызстан» партиясынын атынан коет.

Бакир уулунун айтымында, бул эки партия 2010-жылдагы парламенттик шайлоо алдында бириккен. Депутат президенттик шайлоого ушуну менен төртүнчү жолу катышууда. Президенттик шайлоо 1995, 2000 жана 2005-жылдары өткөрүлгөн.

Автор: Азат Рузиев
Которгон: Кундуз Исмаилова