Кадамжай жер титирөөдөн кийин калыбына келтирилүүдө


Баткендин Кадамжай районунда жер титирөөдөн ураган социалдык объектилерди кайра ондоп-түзөө иштери жүрүп баштады. Аймактык оорукананы жасоого 1 миллион сом каражат бөлүнүп берилди дейт райондук аким.

Кадамжай районунун акими Тохтомат Ганиев, азыркы тапта прокуратура, нике үйү жана милиция имараттары четинен кайра жасалып атканын билдирди. Ошондой эле саламаттык сактоо министирлиги тарабынаны аймактык оорукананы калыбына келтирүү максатында 1 миллион сом каралган.

Азыркы тапта район боюнча 54 мектептин имараттарына капиталдык ремонт керек. Дагы 2 билим берүү жайларын бузуу абзел. Бирок аталган райондун башчысынын атканына караганда, бул имараттарды кандай кылып оңдоо керекиги тууралуу толук чечим чыга элек.

Аким Тохтомат Ганиевдин айтымында, атайын банк эсеби ачылып, ага баардык каалоочулар оңдоп-тузөө иштерине жумшала турчу акча каражаттарын которо алышат. Бүгүнкү күндө элден 100 миң сом чогулду. Өкмөт дагы 17 миллион сом бөлүп берген. Ал жабыркагандарга компенсация төлөп берүүгө, пайызсыз ссудага жана социалдык объектилерге жумшалат.

«Кимдин үйү урап калуу коркунучунда турса, аларга кайтарусууз 50 миң сом берилет. Ал эми каалоочулар 15-жылдык мөөнөт менен 200 миң сомдон ала алышат», — деди райондун акими Тохтомат Ганиев.

Акимияттын кызматкерлери жабыркаган көп баттуу үйлөрдүн тургундарына 200 миң сом жана жер үлүштөрүн сунуш кылган. Бирок жашаган жерин алмаштырып, башка үйгө кетүүнү каалагандардын саны абдан эле аз.

«Элдин оюнда өкмөт аларга жаңы көп кабаттуу үйлөрдү куруп бериши керек. Бул суроо чечилип калса, чет өлкөлүк куруучуларды алып келебиз. Башка куруучуларга акча аз төлөнөт, сапаттуу да болот. Көп кабаттуу үйдөн 326 куруу керек. Ошол себептен жумушчу күч жетишпей калышы мүмкүн», — деди Ганиев.

Кадамжа аймактык ооруканасы калыбына келтирилүүдө
Аймактык оорукананын мүдүрүнүн орун басары Ашим Баймаматов оорукана четинен оңдолуп жатат деди. Медицина кызматкерлери өзүлөрү чогулуп алып, операция бөлүмүн жасап чыгышкан. Эми бөлүмдө мурункудай эле операцияларды жүргүзүүгө болот.

Анын айтымында, премьер-министр Алмазбек Атамбаевдин убадасына карабастан, өкмөт тарабынан калыбына келтирүү иштери азыр жүрбөй эле турат.

Ушул жылдын 20-июлунда, түнкү саат 01:00 чамабарында Баткен облусунда жер титирөө катталган. Анын эпицентри Советский айылында болгон дешет серепчилер. Силкинүүдөн кийин облустагы көпчүлүк объектилер жабыр тартты. Алардын бири Кадамжай аймактык ооруканасы.

Жер титирөөдөн кийин жарабай калган хирургиядан даарылануучулар травматологияга жана төрөт бөлүмүнүн оорулуулары балдардын дааарылоо бөлүмүнө которулган.

Бул оорукана негизи 204 адамга ылайыкташтырылып, курулган. Бирок кырсыктан киийн азыр анда 140 киши гана даарылана алат.

Оорукананын мудүрүнүн орун басары Ашим Баймаматов азыр даары-дамркетер жетиштүү экенин билдирип, жер силкинүүдөн кийин эки гана жабырлануучу кайрылганын айтат. Алар үчүн атайын өзгөчө кырдаалдар министирлигинин көзөмөлү алдында эки чатыр бөлүнүп берилген.

Редактор: Диана Рахманова жана Александр Ким
Которгон: Кундуз Исмаилова