Журналисттер мектеби

Клооптун онлайн-журналистикасынын күзгү окуусу старт алды: студенттерди кабыл алабыз!

«Клооп Медиа» журналисттик кесиптин сырын билүүнү каалагандар үчүн өз эшигин ачат!

Тиешелүү форманы толтурууга өтүү

Жаңылык калемгери болгуңуз келеби? Иш убагында сиздин баардык макалаларыңыздар маалыматтык интерет баракчасында жарык көрүүсүн каалайсыңбы? Ийгиликтүү бүтүрүүчү болгуң келеби?

Анда клооптун күзгү онлайн-журналистика окуусуна жазыл! Андан сен журналистиканын төмөнкү сырларын ачасың:

Жаңылыкты кантип жазуу керек (12 – 16-сентябрь)
Интернет инстументтерин туура пайдалануу (26 – 30-сентябрь)
Этика жана медиа-мыйзам (10 – 14-октябрь) (Медиа-полис институту менен кызматташтта өтөт)
фото сүрөт чеберчилиги (31-октябрдан – 4-ноябрга чейин)
Үналгы (14 – 18-ноябрь)
Онлайн-видео (28-ноябрдан – 2-декабрга чейин)

Бул окуу курстарынын ортосундагы убакыт жалаң гана тажрыйба алуу менен коштолот. Сенин макалаң интернет баракчада орун алат.

2007-жылдан бери натыйжалуу иштеп келе жаткан, 1000 ашуун макалалардын жарык көрүүсүнө түрткү берген «Клооп Медианын» кызматкерлери сага устат болуп, ар дайым жардам берүүгө даяр.
Андан тышкары медиа-серепчилер чакырылат: Клооп түзүлгөндөн бери анын кабарчылары менен «Дойче Велле», «Голос Америки», «Интерньюс» жана башка белгилүү медиа өкүлдөрү тыгыз кызматташып келген.

Ал эми сенин юридикалык суроолоруңа медиа-полиси институтунан такшалган укук коргоочулар жооп берет.

Күзгү окуу курсунун баасы 6000 сом. Эң кызыктуу арыз жазган 3 мектеп окуучусу бекер окууга мүмкүнчүлүгү бар.

Жалпысынан 15 кишини окутууга даярбыз! Шашылгыла, орундар чектелүү.

Эскертүү: Окуу курсунда 15 макала чыгарган студент клооптун бүтүрүүчүсү болуп эсептелинет.

Арыздар ушул жылдын 4-сентябырына чейин кабыл алынат!

Кантип каттоодон өтүү керек? Эң жөнөкөй – төмөнкү анкетаны толтуруп, бизге жөнөт!

http://school.kloop.kg/2011/08/17/osennyaya-shkola-onlajn-zhurnalistiki-ot-kloopa-nachalsya-priyom-studentov/