«Манастаануу» сабагын киргизүү өкмөт жана мектептердин ортосунда талаш-тартыш ойду жаратты


Жаңы окуу жылынын башталышы менен катар эле өлкөнүн аймагындагы орто билим берүү жайларында “Манастаануу” сабагы киргизилди. Буга кээ бир мугалимдер жана окуучулар каршы оюн айтышууда.

Министирликтин белгилешинче мектептерде бул предметти таанып-билүү үчүн атайын “Манас” эпосунун биринчи бөлүмүнүн кыскартылган варианты китеп катары чыгарылган.

Китептин автору Бексултан Жакиев болуп, эпостун башкача түрү 10 миң экзеплярда ыргыз тилде жарык көрдү.

Министирликке караштуу мектепке чейинки жана мектеп убагындагы билим берүү бөлүм башчысы Дамира Кудайбергенованын айтканына караганда чыккан китептер орто билим берүү жайлары үчүн негизги адабият катары эсептелип, 5-11 класстарга сабак болуп киргизилет.

«5-класстын окуучулары жумасына эки саат, жогорку класстарда 18 сааттан ал эми бул класстын ортосундагы жаш балдарга сабак жумасына 8 сааттан өтүп турат. Мындан тышкары орус, өзбек, тажик тилдүү мектептерде Манастаануу ар жумада 6 сааттан киргизилген», — деп кабарлады Кудайбергенова.

Тарыхчы Кыяз Молдокасымовдун айтуусунда жаңы сабакты тарыхчы жана филолог мугалимдер алып барып, Манастаануу өзүнчо сабак катары киргизгендиктен башка предметтерге таасирин тийгизбейт.

«Башка сабактардын сааты алынбаарына мен ишенем. Билим берүү министирлиги ыңгайын табып, бир чечим чыгарат болушу керек», — деди Молдокасымов.

Мындан тышкары тарыхчы өлкөнүн аймагындагы баардык мектептерде “Манастаануу” сабагын киргизүү керек деген пикирде.

«Манас тууралуу бир нече параграфтарды киргизген иш аздык кылат деп ойлойм. Атайын предмет чыгарып, Манас деген ким болгон, ал кыргыз эли үчү кандай эрдиктерди жасагандыгын окуучуларга толук айтып берүү кажет», —деп баса белгиледи тарыхчы өз сөзүндө.

Балдар Манастын ким болгонун сөзсүз түрдө билиши керек. Мындай ойду шаардагы №13 мектеп-лицейинин окуучуларынын биринин апасы айтат.

«Азыркы мектеп жашындагы окуучулар Манастын ким экенин да билишпегени кишини өкүндүрбөй койбойт. Эми предмет киргизилсе алардын бир аз да болсо эпостун каарамын тууралуу түшүнүгү болот да», — деди Мамбетова Kloop.kg порталына берген маалыматында.

«Бул предметти окуунун кажети жок»

Ортоңку класстарга сабак берген Бегимай Ламированын айтымында жаңы предмет окуучулардын сабактагы жетишкендиктерине тоскоол болушу мүмкүн.

«Балдар окуй элек сабакты киргизүүдө биз башка предметтердин сааттарынан алабыз. Ал өз кезегинде окуу процесине тоскоолдуктарды жаратат. Менин оюм боюнча тарых китептеринде Манас тууралуу маалыматтар ансыз деле көп, ошондуктан предметти киргизбей деле койсо болот», — деп белгиледи Ламирова.

Анастасия жогорку класстарга алгебра боюнча сабагынын мугалими. Ал дагы кесиптешинин айткан сөздөрүн колдойт.

«Манас тууралуу окуя бул жөн гана жомок. Мектеп окуучулары эмне үчүн жашабаган эпостун каарманы тууралуу окуп-билиши керек? Мисалга Орусияда Илья Мурамецти окуу процесине киргизип койгондой эле нерсе да бул дагы», — деди мугалим.

11-класстын окуучусу Алина “Манастаануу” сабагынын окуу процессине киргизүү тууралуу каршы оюн айтты.

«Бизге Манастын таржымалын азыркы тарыхчылар айтат дейт. Алар бул каарман тууралуу чындыкты кайдан билишмек эле? Эпос боюнча атып бергени деле туура эмес, анткени бул чындык эмес да», — деди мектеп окуучусу.

Жетинчи класстын окуучусу Айгерим дагы жаңы сабактын кереги жок деген оюн билдирди.

«Азыр окуш оор, эгер жаңы сабакты кошуп койсо андан бетер оор болуп кетет го. Мага анча деле жаккан жок, бирок чеим чыгарып коюшкан турбайбы», — деди Айгерим.

«Манас баатыр»

Манас — эпсото бүткүл кыргыз элинин башын бириктирген каарман катары берилген. Эпос дүйнө жүзүндө көлөмү боюнча биринчи орунда туруп, ал ЮНЕСКОнун маданий мурастарынын катарына кирген.

Кыргызстандын Талас шаарында “Манас ордо” маданий ордосу курулуп, анда «Манас» эпосуна арналган музей жайгашкан. Мындан тышкары Таласта баатырдын божомолдуу сөөгү жерге берилген жери да атайын коргоого күмбөз түрүндө алынган.

Кыргызстандын борбор калаасында эпостун башкы каарманына арналган атайын эки айкел орнотулду. Алардын бири улуттук филармониянын бет-маңдайында турса, бири Ала-Тоо аянтынан орун алып, республиканыны эгемендүүлүгүнүн 20-жылдыгында расмий түрдө ачылышка ээ болду.

Ала-Тоо аянтында жаңы орнотулган Манас айкелинин ордунда мындан мурун түндүк кармаган аялдын элеси туруп, «Эркиндик» деген аталышка ээ болгон.

Эпостун каарманын атын Бишкектеги көчөлөрдүн бири жана аэропорт алып жүрөт.

Автор: Бегайым Джуманазарова
Редактор: Диана Рахманова
Которгон: Кундуз Исмаилова