ИИМ авто унаасы менен мотоциклдин кагылышуусунан улам 16 жашаар кыз каза тапты


1-сентябрда милиция унаасы Кызыл-Аскер конушунан мотоцикл менен кагышып, андан улам 16 жашаар көз жумган. Ал эми мотоциклдын айдоочусу оор жаракат менен ооруканага жеткирилди.

Тез жардам кызматынын маалыматында кырсыкка учураган кыз дарыгерлер келе электе окуя болгон жерде кайтыш болгон. Тез жардам кечки саат сегиздерде аравия болгон жерге келип жетти. Ал мотоциклдын айдоочусу №4 шаардык ооруканага оор жаракаттары менен жеткирилди деп тез жардам жана ички иштер министирлиги билдирет.

ИИМ- Ленин районуна караштуу болгон «Дэу-Нексия» автоунаасынын 34 жашаар айдлоочусу мотоцикл менен кагышкан.

ИИМ бул окуя боюнча иликтөө иштерин баштады.

Kloop.kg порталына берген маалыматында ИИМ пресс-кызматы авто кырсык Дэн Сяопин проспектисинде 1-сентябрда кечке маал болгонун тастыктады.
Аталган кызматтын билдиришинче мотоциклда отурган айдоочу жана анын жүргүнчүсү 16-жашаар кыз атайын сактоо шлеми жок кетип баратышкан.

««Дэу-Нексия» авто унаасынын айдоочусу өткөрүлгөн медициналык экспертизанын негизинде кырсык болгон учурда спирт ичимдиктерин ичпегендиги ныкталды», — деди министирликтин кызматкерлери.

Андан тышкары ИИМ кырсыктын негизи азыр тастыкталып жатканын кабарлашат.

Интернет колдонуучуларынын көз карашы

Болгон жол кырсыгына популярдуу «Фейсбук» жана «Дизель» форумунун колдонуучулары активдүү көз салышкан.

«Фейсбукка» колдонуучу Эльмира Эсенаманова кырсыктын болушуна милиция кызматкерлери күнөөлүү экенин белгиледи.

«Атайын унаа Ленин райондук милиция бөлүмүнөн жол эрежелерин бузуу менен чыгып бара жаткан жана андан улам машинанын оң тарабына мотоцикл келип кабылды. Анда отурган кызды кагылышуу болгон жерден 10-15 метрге күч менен ыргытты. Кызык, эми бул ишти кандай жол менен жылмалашат болду экен?», — деп суроого жооп издеген Эсенаманова.

Эсенаманованын билдирүүсүнө окуянын жүрүшүнө көз салган журналист Абдумомун Мамараимов да комментарий жазды.

«Мен Жалал-Абадтан өздүк автоунаам менен келе жатып, баарын көрдүм. Тилекке каршы сүрөткө тартып ала алган жокмун. Сүрөттүн деле эмне кереги бар, ал жакта эркек бала дагы араң жан жаткан», — деп сүрөттөйт Мамараимов.

«Дизель» форумунун Rigit аттуу колдонуучусу да окуяга күбө болгонун айтат.

«Деу Некси авто унаасы жолдо туурасынан туруптур. Кыздын сөөгү 20 метр аары жатат, ак шээшеп менен жаап коюшуптур. Эл көп. Машина да көп», — деп жазган Rigit.

Редактор: Бектур Искендер
Автор: Любовь Шевченко
Которгон: Кундуз Исмаилова