Ош мектептери: Жол коопсуздугу боюнча атайын сабактар өтүлгөн жок


ИИМ Ош шаарындагы мектеп балдары үчүн жолдо жүрүү эрежелери боюнча атайын сабактарды өтүлүшү керек экендигин белгилейт. Ал үчүн атайын жол кыймылынын инспекторлору сабак өтүшү керек болсо, мектеп окуучулары эч кандай лекциялар болбой эле, мектеп жанында кезекте тура турган инспекторлор жок экендигин белгилешет.

Ош шаардык жол коопсуздугу бөлүмүнүн башчысы Шайырбек Шакировдун айтуусунда анын бөлүмүнүн кызматкерлери балдарга жолдо жүрүү эрежелерин үйрөтүп, андан тышкары кичинекей балдарды жолдон өткөрүп туруусу абзел.

Мектептер орун алган чоң көчөлөрдө таңкы саат жетиден баштап окуу мөөнөтү бүткүчө 65 МАИ кызматкери кызматын аткарат.

Шакировдун айтымында жол эрежелерин жогорку класстын окуучуларына да үйрөтүү керек.

«Өзүлөрү 10-11 класста окугандыгына карабай, кээ бир окуучулар жолдон туура эмес жерлерден өтүшөт», — деди Ош шаардык жол коопсуздук кызматынын жетекчиси.

Маек түзүлө элек

Ош шаарынын Нариман атындагы орто мектебинин мугалими Жанна Шералиева ал иштеген билим берүү жайында окуучулар менен азырынча эч кандай маектер курала электигин белгиледи. Анын айтымында жолдо жүрүү эрежелерин айтып, аларга МАИ кызматы келген жок.

Жанна кошумчалагандай жол коопсуздугу эрежелерине балдарды мугалимдер өзүлөрү үйрөтүүгө аргасыз.

Окуу мезгили жаңыдан эле башталгандыктан мептепте дагы эрежелерди түшүндүрүү иштери баштала элек. Мындай оюн Ленин атындагы мектептин завучу Озода Абдулафазиева билдирди.

Анын айтымында өткөн жылы инспекторлор бул ишти өз убагында, так аткарып келишкен.

Жогорку класстын окуучулары макул эмес

Шаардагы мектептеринин биринде 11-классынын окуучусунун айтымында жолдо жүрүү эрежелерин үйрөтүүчү атайын лекциялар өтүлгөн эмес. Мектеп окуучусу кошумчалагандай жогорку класстын окуучулары жол коопсуздук эрежелерин түшүндүрүү иштерин өткөрбөстөн эле билишет, окутуп кажети деле жок.

Ош облустук ички иштеп башкармалыгынын маалымында жаш балдардын катышуусунда болгон жор кырсыктары өткөн жылга салыштырмалуу абдан жогорулап, өткөн жылы 32 болсо, бул жылы 43 жол кырсыгы катталган.

2010-жылы 12 мектеп балдары каза табып, 36 бала ооруканага жаткырылган. 2011-жылдын биринчи үч чейрегинде 46 жол кырсыгы катталып, анын биринде мектеп жашындагы бала көз жумуп, ал эми калган 45 бала ооруканага жаткырылган.

Ош облустук ички иштер башкармалыгынын пресс-катчысы Замир Сыдыков кабарлагандай көбүнчө учурларда жол кырсыктары эрежелерди билбегендиктен улам келип чыгат.

«Бул жылы өткөн жылга салыштырмалуу жол кырсыгы көп катталган. Анкени 2010-жылы комменданттык саат киргизилген да, автоунаалар аз болчу», — деп белгиледи Сыдыков.

Редактор: Александр Ким
Которгон: Кундуз Исмаилова