Каракол шаардык прокуратурасын өрттөгөндүгү үчүн шектүү деп табылган айыптуу ачкачылык жарыялап, өзүн-өзү өлтүрүүгө мажбур экенин айтты


Прокуратураны өрттөөгө аракет кылган шектүү Андрей радченко мындай ишке барууга мажбур болгонун айтат. Укук коргоо органдарындагы адилетсиздиктен улам ал өзүн-өзү өрттөп жиберүүнү көздөгөн. Сот анын кат түрүндөгү кайрылуусун кабыл алган жок.

Радченконун айтымында анын өзүнө кол салуусуна түрткү болгон нерсе, аталган кызматта иштегендер болгон.

«Эгер мени мыйзамсыз негизде №3 абакта кармагандыгы тууралуу чара көрбөсө, мен өзүмдү өрттөп жиберүүгө даярмын», — деп айыптуунун атайын жазылган катынде берилген.

Сот айыптуунун арызын кабыл албастан, бул айыптуу деп табылган Радченкого гана тиешелүү болгон маселе экенин билдирди.

9-августа болгон сот отурумунда айыптуунун адвокаты Чолпон-Атада болуп жаткан башка сот иштерине байланыштуу келбей калган.

Арыздангым келди

Бул ишке чейин уурдап-тоноочулук үчүн үч жыл абакта кармалган Радченко прокуратурага арыздангысы келген. Анын айтымында аны тергөөчүлөр мыйзамга каршы иш жасап, андан тышкары аны токмокко алды.

«Эрникнидикке чыккандан кийин мен дароо эле прокуратурага барып, мени мыйзамсыз зордоп түрмөгө отургузуп койгон Каракол шаардык ИИБ оперативдүү кызматкерине каршы кылмыш иши эмне себептен козголбогондугу тууралуу билгим келди. Бирок мени эч ким уккан жок», — деди Радченко.

Мындай кайдыгерликтен улам Радченко бензин алып, прокуратуранын имаратына барып, өзүнө-өзү бензин чачып, Каракол шаарынын прокурору Кылычбек Токтогуловдун жана жергиликтүү массалык маалымат кызматкерлеринин келишин талапка койгон.

Бензинди прокуратуранын имаратына да чачты

Өзүнө-өзү күйүүчү майды чачып алган күнү Радченко мас абалда болгон деген оюн прокуратуранын кызматкери, күбө Наристе Турусбаева айтат.

«Анын колунда бөтөлкө жана ширеңке турганын көргөм», — деди Турусбаева.

Иман Аскаров дагы Радченко тарабынан айтылып жаткан туура эмес сөгүнүч сөздөрүн укканын айтат.

«Мага жолобо! Деп андан соң көчөгө чыга калып, өтүп бараткан машинаны анан өзүн дагы бир жолу бензин менен куйду. Акырында аны милиция кызматкерлери кармап алышты», — деп прокуратуранын токтомунда жазылган.

Андрей Радченкону прокурор Медер Сламкулов да колдоорун билдирет. Ал сот иши жүрүп жаткан учурда видео жана аудио жаздырууларды жүргүзүүө каршы болгон.

Радченко өз кезегинде күнөөлү эместигин тастыктоо менен алек.

«Мага көңүл буруп коюшун эле каалагам. Мен прокуратураны өрттөп жиберейин деген эмесмин. Колумда ширеңке да жок болчу, акырында милицияны өзүм чакырдым», — деп билдирди Радченко.

Редактор: Илья Каримджанов
Автор: Азат Рузиев
Которгон: Кундуз Исмаилова