Ош шаардык мектеп окуучулары билим алуунун ордуна шаар күнүнө карата саамалыкка даярдык көрүдө


Ош шаарынын күнүн белгилөө боюнча даярдык иш-чараларына мектеп окуучулары тартылып, алар сабактан калганын айтышат. Укук коргоочулар бул окуучулардын укуктарын бузуу болуп саналат деген ойду айтышса, шаардык мэрия кандайдыр бир иш-чараларга даярдык көрүүгө ар дайым мектеп окуучулары катыша турганын билдиген.

Ар жылдын 5-октябрында белгиленип келген Ош шаарынын быйыл 3011-жылдыгы майрамдалат. Ага карата даярдык иштерине мектеп окуууларыныны арасынан кыздар да сабактан бошотулган. Киров атындагы мектебинин кыздары гана машыгууга барып, балдар сабакта билим алып жатышат. Борбордук аянтта парадка басууга мугалимдер тарабынан мажбур болуп жатканын Нариман атындагы орто мектебинин окуучулары билдиришти.

«Биздин оюбуз боюнча бул туура эмес. Эмне үчүн кыздар эле катышып, эркек балдар сабакта отурушат? Сабакты калтырып жаткандыгыбыз үчүн ата-энелерибиз нааразы болуп, каршы чыгып жатышат», — деди атын жашырган окуучу кыз.

Ош технологиялык университетинин студенти Салтанат ушул сыяктуу даярдануу иш-чараларына катышууну жактырбаарын айтып, нааразы болду.

«Мугалимдерибиз барып койгула деп айткандан эле барып атабыз. Андан көрө сабакта отуруп билим алсак алда канча жакшы болмок», — деп эсептеген Салтанат өз ою менен бөлүштү.

Шаардын 3011-жылдыгына карата даярдануу иштерине барып жаткан окуучу кыздарды жана бул күндөрү болгон ар кандай учурларды мугалимдер кезектешип көзөмөлгө алып турушат. Нариман атындагы орто мектебинин окутуучусу Замира Токтогулова билдиргендей, мэриянын буйругу менен кыздар сабакка барбастан, машыгуу иштерине барып жатышат.

«Балким кыздарды сабактан алаксытуу туура эмес болуш керек, бирок бир четинен бул шаардын ийгилиги үчүн жасалып жатат да. Биз мектепке келбей калгандар үчүн атайын кошумча сабактарды өтүү тууралуу ойлонуп жатабыз», — деди Токтогулова.

Галина Багамалова Киров атындагы орто мектебинин мугалими болуп иштейт. Анын оюу боюнча окуучулар коомчулук иштерге алагды болбой, окуу программасынан артта калбай таалим алганы жакшы. Ал эми мындай түрдөгү иш-чаралар окуучуларга бир гана терс жактарын алып келет.

Саамалыкка катышуу эч кандай ыңгайсыздыкты жаратпайт

Ош шаарынын күнүн белгилүү салтанатын даярдап жаткан режиссер Турат Муратов окуучуларга бул иш-чарага катышып коюу эч оорчулукту деле жаратпайт жана бул машыгуулар аркасында тескерисинче жаштардын патриоттук сезимин күчөтсө болот деген ойдо.

Шаардык мэриянын басма сөз катчысы Гүлжан Ажиматованын айтымында студенттер жана мектеп окуучулары буга чейин деле коомдук иш-чараларга катышып келген.

«Эгер ушунчалык эле билим алууга умтулушкан болсо, бош убактысында кошумча сабактарга барып, билимин өркүндөткөнү кеңири убактылары бар», — дейт Ажиматова.

Жогоруда айтылган ой менен укук коргоочулар макул эмес.

«Ачык позиция» коомдук фондунун мүдүрү Дмитрий Кабак билим берүү мыйзамынын жоболоруна ылайык окуучуларды коомдук иш-чараларга тартуу мыйзамды бузуу болуп эсептелээрин айтат.

«Эгер мажбурлаган түрдө окуучуларды машыктырууга алып чыгып, сабагынан алагды кылса, мыйзам бузгандык болуп саналат», — деди Кабак өз сөзүндө.

Автор: Чолпонай Рыскулова
Которгон: Кундуз Сырдыбаева