Ош милициясы: Жол жээгиндеги сатуучулар автоунааларга тоскоолдук жаратууда


Жол коопсуздугун көзөмөлдөө башкармалыгы борбордук базардын четинде соода кылган сатуучуларды коомдук тиртипти бузууда деп билдирүүдө. Жергиликтүү бийлик кызматкерлери президенттик шайлоодон кийин базарды башка аймакка которууну айтышты. Ал эми сатуучулар өз ордуларынан кетпей тургандыгын айтып нааразы.

Ош аймагы боюнча жол коопсуздугун көзөмөлдөө башкармалыгы жол жээгинде соода-сатык жүргүзгөндөр, коомдук тартипти сактоодо тоскоолдук кылып жатат деген расмий нааразычылык каты менен шаардык мэрияга кайрылды. Алардын айтымында, баардык тыюу салууларга карабастан соодагерлер азыркы күнгө чейин ишин улантып келишет.

«Жолдо соода жүргүзгөндөр биздин сөзүбүздү угушпайт. Бир нече жолу атайын рейд жүргүзүп, аларды мыйзамсыз жерден кетиргенге аракет кылдык, бирок алар тескерисинче бизге кыйкырып, кыжаалат кылышат», — деп билдирди жол коопсуздугун көзөмөлдөө башкармалыгынын жетекчиси Шакиров.

Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү мындан бир аз мурун базарды башка аймакка көчүрүү 2011-жылдын 30-сентябрында жүргүзүлөт деп билдирген.

«Планга ылайык Ош борбордук базарын жибек комбинатынын жанына которуш керек. Ошондой эле жол коопсуздугун көзөмөлдөө кызматкерлери жолду бойлоп соода кылган соодагерлерди «Келечек» соода базарына которуунун үстүндө иш алып барып жатышат», -деп билдирет мэрдин пресс-катчысы Гульжан Ажиматова.

Жолду бойлоп соода кылгандар бийликтин көздөгөн максатына карабастан иш ордуларынан кетүүнү ойлошкон да жок.

«Биз бул жерде отурганыбызга, таштанды үчүн жана лабораторияга ай сайын ижара акысын төлөп турабуз. Бирок ага карабастан эч кандай тазалык жок. Бийликке кайрылаар элем, бизге тиешелүү шарттарды түзүп берсе жакшы болоор эле», — деп нааразы болгон базар соодагери Гүлзада Маматова билдирди.

Соодагер Матлюба Исраилова базардын ичинде соода жүргүзө албай жатканын билдирип, ага милиция кызматкерлери тоскоол болгонун айтат.

«Базардын ичинде соода кылганга бизге уруксаат бербей жатышат. Айла жок жолдун боюнда турабыз. Эки катар такси унаалары тизилет, эки катар соодагерлер тизилебиз. Кээде бири-бирибиз менен орун талашып урушуп да кеткен учурлар болот», — деди Исраилова.

Студент Абдурахман Моминов сатуучулар базардын ичинде отуруп ишин алып барышы керек дешет.

«Бул чоң маселеге айланып бара жатат. Жол автоунааларынын ары-бери жүрүшү үчүн жасалган. Ал эми сатуучулардын базарда отурганы жакшы болот эле», — деп өз оюн билдирди студент.

Шаарда коомдук транспорттордун бирин айдаган Алишер Турсунов ушул жол боюнча соода-сатык жүргүзгөндөрдөн улам базардын тегерегиндеги көчөлөрдө дайыма жык-жыйма машиналар топтолуп калат.

«Маселе жергиликтүү тургундарга терс таасирин тийгизүүдө. Биз дагы. Маршруттук таксилер бул көчөлөргө келгенде бытылдаган жерде жарым саатка жакын убакыт тура беребиз жөн эле, өтө албай», — деп нааразы болду шоопур.

«Маршруттук таксилердин көбүнчөсү базарды айланып өтүп кетишет. Базарга келип кетиш абдан эле кыйын болуп калды. Мыйзамга карап, базардын сыртындагылардын баарын балким базардын ичине киргисе кандай болот? Базардын ичинде деле башаламандык толтура, бирок акырындап ирээтке келтирип алса болот болуш керек», — деп эсептейт Kloop.kg порталынын кабарчысы менен болгон маегинде, Ольга Ниязова.

Автор: Эльмурад Абдуллаев
Которгон: Кундуз Сырдыбаева
Редактору: Айгуль Атабекова