Караколдо кыз ала качууга каршы акциясында «Кыз ала качуу» катталды


Кыз ала качуу акциясынын алкагында кино көргөзмөсүнө катышуу максатында бараткан студент Кымбат Баракан кызын ала качышкан. Жабырлануучу укук коргоо органдарына кайрылганы менен алар эч кандай чара колдонушкан эмес.

Кызды ала качканы тууралуу маалыматты Каракол шаардык кеңешинин депутаты Саламат Молдосанов билдирди. Кымбат курдаштары менен бирге кино көрүүгө бараткан жеринен бул окуяга кабылган.

«Каршылык көрсөткөнүнө карабастан аны топ балдар авто унаага салып, Маяк совхозуна алып кетишти», — деди жергиликтүү эл өкүлү Молдосанов.

Жаш кыздын айтымында, ала качкан баланы тааныган эмес. Кыйнап-кыстоодон турмуш курууга мажбурлаган балдарга кызын берүүгө макулдугун берген апасы Бурул айым, милиция кызматкерлерин жана кызынын окуу жайынын мугалимдерин окуя болгон жерге келишинин кажети жок экенин айткан.

«Кызды ала качкан күнү ага телефон чалууга уруксат беришкен эмес. Эгер барган биринчи күндөн калбай анын аркасынан жакындары барса, Кымбат отуруп калбастан кетмек», — деп кабарлады Молдосанов.

Кыз уурдоо-салт эмес

«Кымбатты ала качты»,-деп анын жанында жүргөн курдаштары тайпанын куратору Багымгүл Жорупбековага жана окуу жайдын мүдүрүнө айтышкан. Мындай кабардан кийин мүдүрдүн орун басары Каракол шаардык ички-иштер бөлүмүнө билдирүү жасагандыгына карбастан, укук коргоочулар «кыздын ата-энеси тараптан арыз келип түшүшү керек»,- деген жоопту кайтарышкан.

Бирок мындай жоопко карабастан бир нече сааттан кийин тергөөчү Сүйүн Куланбаев жана эки укук коргоочу кызматкерлери келип,мүдүрдүн орун басарын, студенттер кеңешинин жетекчилерин түшүнүк кат жазуусун талап кылышкан.

«2011-жылдагы окуу жылынын башталышынан бери Кымбат кабылган окуя биринчи жолу болуп жаткан жок. Эки айдын ичинде бир тайпанын студенттеринин арасынан 3 кыз ушундай жол менен турмушка чыгышкан»,- дешет педагогикалык билим берүү окуу жайынын жетекчилиги.

«Кызын ала качкандыгы туралуу ата-энеси арыз жазгандан кийин укук коргоо органдары тарабынан тиешелүү чаралар колдонулат»,- деп түшүндүрдү»,- тергөөчү Сүйүн Куланбаев.

Кыз уурдоо тууралуу фактысы боюнча «Вентус» коомдук фонду Ыссык-Көл областынын губернаторуна расмий кайрылуу жасаган. Анын негизинде облус жетекчиси өзүнүн орун басары Валерий Сетчихинге тапшырма берген. Эми иш укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин колуна түштү дешет жетекчилер.

Ыссык-Көл областы боюнча күзөтчү прокурор Талант Абылов «кыз ала качуу ишин кароонун кажети жок»,- дейт. Анын айтымында бул кыргыз элиндеги байыртадан келе жаткан салттардын бири.

«Прокуратура жөнөкөй иштер менен эмес оорчундуу маселер менен алектенет», — деп кошумчалады Абылов.

Кыз ала качууга каршы акциясы

Ыссык-Көл областынын борбор калаасында иш-чара 2 айга созулуп,акциянын алкагында кино тасмалар көрсөтүлөт. Иш-чаранын негизинде «Кыз ала качуу —бул салт эмес, бул кылмыш» деген аталыштагы түшүндүрмө баракчалары таркатылып берилет.

Акция «Кыз коргон» долбоорунун кыз уурдоого каршы окутуусунун негизинде өтөт. Акциянын максаты Кыргызстандын аймагында кыз уурдап, анын эркине каршы үй-бүлө күтүүгө түрткү берген негиздер бар экендигин, изилдөө иштери аркылуу аныктап чыгуу болуп саналат.

«Индепендент» британ басма сөзүндө жазылгандай; Кыргызстанда кыздар кыйнап -кыстоонун астында турмушка чыгат. Ал эми айрым региондордо ала-качуунун натыйжасынан турмуш кургандар 80 %га жеткен. Ошого карабастан ала-качуудан салтты гана көргөн кыргызстандыктар болуп өткөн эки кыздын өлүмүн эске алышкан жок.

Автор: Азат Рузиев
Которгон: Кундуз Сырдыбаева
Редактор: Айгуль Гуламидин кызы, Диана Рахманова