ОшМУнун студенттери ар бир сессиянын жыйынтыгын расмий сайттан көрө алышат

Ош мамлекеттик университетинин маалыматында, 16-ноябрда ОшМУнун бардык факультеттеринин студентеринин зачет, экзамендердин жыйынтыктары интернет сайтка киргизиле баштады. ОшМУнун проректору муну менен коррупцияга бөгөт коюга болот деген ойдо.

Университеттин окуу информатикалык департаментинин проректору Кудайберди Кожобековдун айтымында, avn.oshsu.kg сайтында ушул айдан баштап ОшМУнун баардык окуу базасынын программасы киргизилди. Бул жерден студенттер өздөрү тууралуу маалыматты, окуудагы жетишкендиктерин жана экзамендерден алган бааларын көрө аларын кошумчалады.

Ошондой эле ата-эленер да сайтка кирип, балдарынын кандай окуп жатканын текшерип турса болоорун айтты Кожобеков.

«Азыркы кезде окуп жатам деп ата-энесин алдап, окубай жүргөн студенттер көп болууда. Ошондуктан ата-энелер тиешелүү сайт аркылуу балдарынын кандай окуп жатканын көрө алышат», — деди проректор.

Электрондук зачеттук баракча аркылуу коррупцияга бөгөт коюу

ОшМУнун математика жана информациялык технологиялар (МИТ) факультетинин мугалими Расул Маматовдун билдиришинче, сайт аркылуу мугалимдерге экзамен-зачет кезинде белгилүү убакыт берилген. Ошол бөлүнгөн мезгилде студенттердин модулдан алган баллдарын киргизбесе, автоматтык түрдө электорондук ведомосту жабылып калат. Аны кайра ачканга мугалимдердин укугу жок болот.

Ошондой эле МИТ факультетинин мугалими кошумчалагандай, бул мезгилге чейин кээ бир окутуучулар модул мезгилинде студенттердин бааларын ведомост кагазына коюп бүтүрсө да, коё электигин айтып кыйнаган же акча талап кылган учурлары кездешсе, студенттер эми алардан сурап отурбастан эле сайт аркылуу баа алганын же албаганын билип алса болот.

Ал эми ОшМУнун студенти Кубат Абдималик уулу билдиргендей, сабак берген мугалимдер, студенттердин модулдарынын жыйынтыгын өз убагында электрондук системага милдеттүү түрдө киргизүүдө.

«Коррупцияга бөгөт коём деп ойлойм. Биринчиден, ведомостко, сайтка кошо түшөт модулдар. Аны өзгөрткөнгө мүмкүнчүлүк жок. Экинчи модул түшкѳндѳ да бекитилет, сессияга барганда модулдун жыйынтыгы менен экзаменге кирип керектүү бааны зачетто алат», — деп айтты студент.

Маалыматтын аздыгы электрондук система менен колдонууда кыйынчылыктарды жаратууда

Орус филология факультетинин мугалими Алтынай Арзыбекованын айтымында, бул мезгилге чейин ОшМУнун сайты боюнча окутуу иштери болгону менен дагы эле иш үстүндө иштөө бир топ кыйынчылыктар жаралууда.

«Мен өзүм жасай турган иштерди билем. Андан сырткары башка иштерин жакшы деле түшүнө албай жатам», — деп кейиди Арзыбекова.

Ушул эле факультеттин окутуучусу Рано Усманова да, сайттагы программа менен иштөөдө бир нече кыйынчылыктарга туушугуп жатканын айтат.

«Бул программанын жакшы жактары көп эле экен. Бирок студенттердин модулун [электрондук программага] түшүрүүдө бир канча түшүнбөгөн жерлери пайда болууда», — деди мугалим.

Редактору: Айзат Шакиева