Чыр чатактуу блогтун ээси Артемий Лебедев эми Кыргызстанга келет

Орусиянын белгилүү интернет блоггери жана дизайнер Артемий Лебедев 2012-жылдын сентябрь айында Кыргызстанга карай аттанууда. Мындай кабар анын өздүк жеке сайтында жазылып чыккан.

"Яндекс» интернет порталынын рейтинги боюнча Лебедев орус тилдүү таанымал блоггерлердин арасынан алгачкы орунда. Мындан тышкары ал өзүнүн дизайн студиясы менен элге таанылган.

Өздүк блоггунда көбүнчө анын саякаттары жөнүндө баяндалат. Ошондой эле ал бүт дүйнөнү кыдырып чыгууну максат кылып алган.

Өздүк сайтындагы баракчасында билдиргендей, көптөгөн өлкөлөрдүн арасынан Лебедев Кыргызстанда бир да жолу болгон эмес.

Бир эле учурда төрт өлкөгө саякат жасоону каалаган Лебедев, 2012-жылы сентябрь айында Кыргызстанга, Тибетке, Кытайга, жана Таиландка барууну пландап жатат.

«Live Journal» блог платформасында tema аттуу лакап аты менен жазган Лебедев өзүнүн өзгөчө фото отчеттору менен белгилүү.

Ал өзү барган бардык шаарлардын ар түрдүү элементтерин, көчө көрсөткүчтөрүн, светофор, таштанды урналарын жана көптөгөн кызыктуу жайларын сүрөткө тартып, аларга дизайнердик сын пикирин билдирет.

Блоггер окурман-күйөрмандарына, шаарлар боюнча өз оюн тартынбастан айтуусу менен таанымал.

Мисалы, Украинадагы Винница шаары жөнүндөгү фото отчетунда ал шаарга  «дүйнөдөгү эң түшүнүксүз жана үрөй учураган шаар» деген комментарий берген.

Бирок, ал жалаң гана терс пикирлерин билдирбестен, ошол эле учурда Украинадагы Черновцы шаарын- «эң укмуш кооз шаар» деп айткан. Бул айткан сөзү учкул сөзгө айланган. Анын блогуна бир күндүн ичинде 150 миңден ашуун адам кирет. «Яндекс» порталынын маалыматтары боюнча анын  58 миң туруктуу окурманы бар.

Лебедев жана Казакстан

Дизайнер Орто Азия мамлекеттеринин ичинен Казакстанда 2010-жылдын август айларында болуп кеткен.

Астана шаары Лебедевдин көңүлүнө төп келген эмес.

«Бул шаар жагымсыз, муздак, төрт тарабы тең шамал, партиялык башкаруунун эси жоктугунун адамсыз эстелиги»,- деген көз карашын интернет баракчасына түшүргөн.

Ал эми, 2005 -жылы Алматы шаарында болуп, тоолорун мактап, «көңүлдүү» шаар деп айткан.

Бишкек шаарынын тургуну Лебедевдин блогунун активдүү окурмандарынын бири программист Даниил Вартанов, блоггердин Кыргызстанга келишин чыдамсыздык менен күтүүдө.

«Эгер Лебедев Кыргызстанга келе турган болсо, табигый кооз жерлерди  карабастан, биз билбеген, байкабаган жагымсыз нерселерди таап чыгат. Ошондо биз Кыргызстанды такыр башка жагынан көрөбүз»,- деген ойдо Вартанов.

Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз катчысы Эдита Айыпованын айтымында, Кыргызстан Лебедевдин көңүлүнө төп келет. Себеби Бишкектин архитектурасы башка өлкөлөрдүкүнөн кем эмес.

«Башка мамлекеттердин жетишкендиктерин кемсинтким келбейт. Бирок Кыргызстан башка чет өлкөлөрдүн борборлорунан кем калбайт. Балким бизден үйрөнүүчү нерселер бардыр. Биздин шаарда аябагандай кооз архитектуралык имараттар бар»,- дейт Айыпова.

Эдита айымдын пикири боюнча шаар көчөлөрүндө илинген жарнамалык тактайчалар болггердин көңүлүн бурушу мүмкүн. Анткени, жарнамаларда бир топ грамматикалык жана стилистикалык каталар кетирилген. Бирок бул жалпы маданий баа берүүдө өз таасирин тийгизбеши керек.

«Бул жарнама тактайчалары үчүн шаардык башкарма эмес жеке уюмдар жооптуу экенин эске алуусу абзел», -дейт Айыпова.

«Лебедевдин кандайдыр бир имартка дизайн жана архитектура жаатында өзгөртүү сунуштарын чын жүрөктөн кабыл алабыз», -деп басма сөз катчы кошумчалап кетти.

«Лебедев мырза тарабынан кайсы бир нерселерди өзгөртүү боюнча сунуштар болсо, албетте шаар тургундарынын кызыкчылыгын көздөө менен биргеликте, ал имарат мамлекеттин карамагында болсо сөзсүз түрдө иш жүзүнө ашырганы аракет кылабыз»,-деди Айыпова.

Буга чейин Лебедев Кыргызстан жөнүндө деталдуу эч нерсе жазган эмес. 2011- жылдын 10- октябрында географиялык объектилердин аталыштарынын өзгөртүүлөрү тууралуу жазуусунда, блоггер биздин өлкөбүз  жөнүндө да учкай жазып кеткен : «Мен Киргизия ордуна Кыргызстан деген аталышты кабыл албайм».

Жаңжалдуу жазуулар

Лебедев күндеминдеги опурталдуу маселелерге да комментарийлерди берип, одоно жана орой сөздөрдү колдонуудан эч тартынбайт.

Блогдогу кайсы бир жазуусу Орусия өкмөт үйүндөгү депуттардын нааразычылыгын жараткан. Ал 2008 -жылы орус чиркөөсүнүн Патриархы Алексей II каза болгон күндү аза күтүү күнү деп жарыялоого каршы болгон.

«Башкы раввин, башкы муфтий же хамбо ламанын өлгөн күндөрүндө траур жарыяланганындыгы боюнча мен эч нерсе эстей албай турам»,- деп жазып чыккан.

«Алексей IIге арналган аза күнү менин атеисттик сезимимди мазактайт» деп кошумчалап, каза болгон Патриархтын сүрөтүнө «капысынан башкармалык чакырып калды» деп жарыялап койгон.

Комментарий берилген күндүн эртеси «Единая Россия» партиясынын депутаты Борис Резник блоггердин сөздөрүн «чектен чыккандык» десе, коммунисттер партиясынын депутаты Виктор Илюхин дизайнерди «этникалык кагылышууну жаратууга аракеттенди",-деп күнөөлөгөн.

Мындай күнөөлөргө Лебедев өзүнүн стилинде одоно уят сөздөр менен жооп берген:

«Кайсы бир жыйырма жыл мурун, мындай айткан сөздөрүнөр үчүн силерди партиядан кууп чыкмак. Бүгүнкү күндө бизде диний ишеним бар жөн эле керемет, баары тим эле ыйман деп чуркап калышты»,-деп жооп жазган.

Которгон: Бермет Абдыкадырова
Кыргыз редактору: Айгул Гуламидин кызы
Автор: Диана Рахманова жана Бектур Искендер