Ош облусундагы ширетүүчү "Кыргыз Джип" автоунасын жасады

Араван районундагы Мангыт айылынын тургуну эскилиги жеткен "УАЗ", "Волга" жана "Жигули" маркаларынын тетиктеринен «Кыргыз Джип» автоунаасын жасаган. Быйылкы күздө биринчи жолу бул унаа менен талаа эгиндерин жыйнап ташышкан. Бирок, Ош облустук маалыматтык бөлүмү, мындай өз алдынча унаа жасоо мыйзамга каршы келээрин билдирди.

Мырзакул Бөрүбаев өз айылында ширетүүчү болуп иштейт. Ошону менен бирге автоунааларды да оңдойт.

Ал мындай унааны биринчи жолу Ооганстанга аскердик кызмат өтөгөнү барганда көргөн. Ошондон бери мындай унааны жасоону кыялданып жүргөн. Акыркы эки жылдан бери жарактан чыккан, документи жок унаалардын тетиктерин чогултуп отуруп, «Кыргыз Джип» автосун жасаган.

Ошондой эле Бөрүбаевдин сөзүндө, унаага кеткен тетиктердин айрымдарын базардан сатып алган. Өзү уста болгондуктан кураштыруу кыйын деле болгон эмес.

«Тетиктерин алганга 30 миңдей акча сарптадым. Калганын шакирт балдарым менен жасадым»,—деди ал.

Шакирттеринин бири Мухаммед Мустапа уулунун айтымында, устатынан ширетүүчүлүк кесипти үйрөнүп жатат. Ошондой эле «Кыргыз Джипин» жасап жатканда жардам берген. Бул унааны минип көргөнгө кызыгат.

«Күздө айдай албай калдым, азыр автоунаага иш жок болгондуктан дем алышта»,—деп айтты Мухаммед.

Уста Мырзакулдун айтуусунда, эки жылдан бери, быйыл биринчи жолу жүргүзүп, эгиндеринин түшүмүн ташыган. Талаанын жолдору жаман болгондуктан бул унаа дыйканчылыкка абдан «ыңгайланышкан». Анткени, мунун төрт дөңгөлөгү тең кыймылдаткычка туташтырылгандыктан иштөөсү күчтүү.

«Жол жаман болгондуктан талаага башка унаа бара албайт. Быйыл кыйналбай ушул унаа менен картошка, жүгөрү ташыдык»,—деп кубанды Мырзакул.

Бирок Ош облустук маалыматтык бөлүмүнүн башчысы Акыл Абжаловдун билдирүүсүндө, өз алдынча унаа кураштыруу бул мыйзамга туура келбейт. Эгер кураштырса жоопко тартылат.

«Ар жерден чогултуп автоунаа жасаганга мүмкүн эмес. Бир гана конструкторлорго жасаганга уруксат берилген»,—деди Абжалов.

«Бул унаага кызыккандар көп»

Бөрүбаевдин айтымында, айыл жерине ыңгайланып жасалгандыктан бул унаага «кызыккандар көп» болуп жатат. Алайдан көмүр ташыганга «Кыргыз Джипти» сатып алабыз деп келишкен. Алар 60 миң сомго алаарын билдиришкен.

«Дагы жасап бер, деп келип жатышат. Бирок менин колум бошобой жатат»,-деп айтты Бөрүбаев.

Устанын жубайы Мөтөвар Бөрүбаеванын айтымында, айылда мингенге эч ким жок болгондуктан элдер өздөрү эле жыйын-теримин ташып жаткан. Кээ бири жөн деле айдаганга кызыгып минип көрүшкөн.

Кошунасы Кутмидин Кошмырзаевдин билдириминде, бул "джип" менен тезек ташыган.

"Элеттик ишке боло берет. Күчтүү жакшы машина экен. Алды бийик, жерге тийбейт, жакшы тартат. Американский джип да",—деди Кошмырзаев.

Ушул айылдын тургуну Кайрат Арапбаевдин оюнда, мындай өзгөчөлүнгөн унаа "Волганын" кыймылдаткычынан жасалгандыктан бензинди аз сарптайт. Ошондой эле ал муну алыс жолдорго жарабайт, деп билдирди.

"Өздөрүнүн талаасында төрт, беш гектар жери болгондуктан ошого ылайыкташтырып жасаган. Ал талаада иштеткенге эле жасалган",—деген оюн билдирди Арапбаев.