Жеке ишкерлер Кыргызстандын футболуна каражаттарын салууга даяр эмес


Азыркы күндө Кыргызстандага беш футбол клубунун экөө гана туруктуу каржылоо булагына ээ. Футбол федерациясынын айтымына караганда, жеке ишкерлер футболду каржылоодо чыгымдар көп экендигин айтып, каржылоого кызыкадар эмес.

Кыргызстандын футбол чемпионаты октябрь айында болуп өттү. Чемпионатка 6 клуб катышып, бирок бешөө гана аягына чейин ойноду.

Бүгүнкү күндө «Дордой» жана «Абдыш-Ата» клубдары туруктуу каржыланып келет. Азыркы кезде мурдагы жылдын чемпиону Кочкор-Аталык «Нефтичи» клубу «Кыргызнефтегаз» демөөрчүсү менен келишим түзүүнү күтүүдө.

Чемпионаттын экинчи турунда «Ысык-Көл» клубу каржылоосунун жоктугунан чыгып кетүүгө аргасыз болгон. Ошондой эле «Алай» жана «Алга» клубдары да каржылоо жагынан аксап келет.

Быйылкы жылы Жеңишбек Кожоналиев Каракол шаарында «Ысык-Көл» клубун түзгөн. «Дородой» Ассоциациясынын президенти Аскар Салымбеков жана бир-эки жеке ишкерлер жаңы клубдун каржылоосуна жардам көрсөтүшкөн.

«Футбол командасын түзүү боюнча пикиримди областтык администрацияга айтсам колдоо көрсөтүшкөн жок. Ошол учурдагы губернатор Нурдин Абдылдаев менин сунушумду дароо эле четке каккан»,- деди Кожоналиев.

«Бизидн өлкөдө жеке ишкерлер эч качан футболду колдошпойт. Анткени алар дароо эле жыйынтыкты күтүшөт. Эгер жыйынтык болбосо алар колдоону ойлоп да көрүшпөйт. Мисалга эле «Нефтичи»клубун алсак болот. Клуб 2010-жылы жакшы жыйынтык көрсөтүп, өлкөнүн чемпионатын утуп алган. Бирок кийинки жылы алтын медалды колдон алдырган соң, бул клубду чыгарып салышкан »,-деп ой бөлүштү Кожоналиев.

Тренердин айтымы боюнча Кыргызстанда эки гана адам футбол клубдарынын өнүгүүсүнө салым кошуп, үзгүлтүксүз каржылап келет. Алар Аскар Салымбеков жана «Абдыш-Ата» мекемесинин башчысы Эркин Сакебаев.

Мурунку чемпион «Нефтичи» командасы эки жылдан бери «Кыргызнефтегаз» тарабынан каржыланып келген. Бирок, азырынча экөөнүн ортосунда макулдашуу түзүлө элек.

«Нефтичи» клубу азыркы күндө өзүн өзү каржылоого аракет кылган жалгаз клуб болуп эсептелет.

Клубдун менеджери Медер Сыдыковдун айтуусу боюнча, клуб чыгымдарынын жарымын сатылган билеттердин суммасы менен жабууга аракеттенген. Команда чемпионатты жеңип алгандан кийин «Нефтичи» командасына элдердин кызыгуусу арткан.

«Билеттин баасы 30 сом, стадионубуз 3000 орундуу. Оюн учурунда стадиондо бош орун калбайт. Билеттен түшкөн акчалар, команданы суу менен камсыз кылууга жана өздөрүнүн жакшы көргөн командаларын колдоо үчүн келген көрүүчүлөр арасында лоторея ойнотууга коротулат»,-дейт Сыдыков.

Ич аралык көйгөйлөр

Азыркы күндө, чоң жеке компаниялар футболду каржылоого кызыкдар эмес. Себеби-дүйнөдөгү эң атактуу спорт түрүн каржылоодо чыгымдардын көп болоорун билдиришти. Ошондой эле компаниялардын өз ара каржы маселелери боюнча көйгөйлөрү да бар.

«Народный» супермаркет түйүнүнүн өкүлү, компаниянын ичинде каржы маселелери боюнча көйгөйлөрдүн болгондугунан улам футбол клубдарын каржылай албастыгын билдирди.

«Шоро» компаниясынын өкүлү Азиз Хасанов, «Биздин жардам социалдык долбоорлорду каржылоо үчүн багыталган, ошондой эле маунтинбайк спорт түрүн колдоп келебиз»,-дейт.

«Биздин өлкөдө футбол клубдарын каржылоо өтө чыгымдуу. Ал эми биз өз ишкерлерибиздин алдында айлык акы төлөө сыяктуу жоопкерчилигибиз бар, ошондуктан ашыкча чыгымдардын болбошуна аракет кылабыз»,-дейт Хасанов.

«РСК» банкынын жетекчилиги «Клоопко» берген интервьюсунда, банк өзүнүн жеке футбол клубун каржылап келгендигин айтып, бизге «ашыкча чыгымдар» кереги жок деп билдирди.

«Tennisi.kg» букмекердик кеңсе түйүнүнүн башчысынын орун басары Сергей Казаков, «Кыргызстандын мыйзамы боюнча ­ букмекердик кеңселер стадиондогу оюн учурунда өздөрүн жарнамалоого уруксат бербейт»,-деп арызданган.

Мен жакшы көргөн спорт түрү

«Дордой» клубунун ээси, жеке ишкер Аскар Салымбеков, «Футболду колдоп келгенимдин себеби, ал менин сүйүктүү спортум»,-деп билдирди.

Алгач Салымбеков республикалык мелдештерде катышып келген жаштар командасын каржылап турган, ошонун негизинде 1997-жылы Нарында «Дордой Нарын» деген клуб түзүлгөн. 10 жылдан кийин ал команда борбор шаарыбызга көчүп келген.

Бир нече жолу Кыргызстандын чемпиону, АФК Президентинин Кубогунун ээси, эл аралык мелдештерде жакшы жыйынтыктарды көрсөтүп келген «Дордой» клубунун Бишкек шаарында жеке академиясы жана стадиону бар.

«Клуб толугу менен «Дордой» ассоциациясы тарабынан каржыланат, орто эсеп менен бир жылда 700 миң АКШ доллары коротулат»,-деп айтты Аскар мырза «Клоопка» берген интервьюсунда.

2000-жылы негизделген «Абдыш-Ата» клубунун ээси Советбек Сакебаев. Бул клубдун да Кант шаарында үч стадиону жана жеке футбол академиясы бар.

Өзүнүн 11 жылдык тажыйырбасында «Абдыш-Ата» клубу өлкө чемпионатынын төрт жолку күмүш медалынын ээси жана «Кыргызстан кубогунун» эки жолку чемпиону болгон.


Жарнамалоо жана офицалдуу турнирлер

Кыргызстандын футбол федерациясынын басма сөз катчысы Канат Асеновдун айтымында, Кыргызстанда футболду саналуу адамдар гана колдоп, Эл аралык футбол федерациясынын ассоциациясы (ФИФА) тарабынан жардам көрсөтүлүп келет.

ФИФА Кыргызстан футбол федерациясына ар бир мезгилде 250 миң АКШ долларын которуп турат .

«Жаңы инвесторлор келип, футбодун өнүгүшүнө салым кошууга даяр экендигин айтышат, бирок, бул сөз бойдон эле калууда. Маркетинг жана пиар боюнча азырынча иш жүргүзө элекпиз, анткени бул тармакта иштей ала турган адистерибиз жок. Кийинки жылы демөөрчүлөрдү издөөнү пландап турабыз»,-дейт Асанов.

Кыргызстандын курама командасынын машыктыруучусу Мурат Джумакеевдин пикири боюнча, каржылык жактан колдоо жок болгондугу футбол чемпионатынын деңгээлине терс таасирин тийгизет.

«Кыргызстан чет мамлекеттик мелдештерде өзүн татыктуу көрсөтүүгө ФИФАнын бөлгөн акчасы аздык кылат. Футболдун өнүгүшүнө Өкмөт тарабынан колдоо болушу зарыл. Албетте бизге жеке инвесторлор керек. Жеке ишкерлер жөн эле келе бербейт. Ал биринчи өзүнө кандай пайда болоорун карап көрт, андан соң гана спорттук жетекчиликке жолугат»,-деп билдирди машыктыруучу.

Федерациянын расмий сайттында билдиргендей, каржылоо булагы чектелүү жана көп акчаны талап кылган оюндарды даярдоо абдан кыйын.

Асановдун ою боюнча, инвесторлордуу тартуу үчүн ар бир клубда жана Федерациянын өзүндө маркетинг бөлүмү болуусу зарыл. Азырынча мындай бөлүм клубдарда да, федерациянын өзүндө да жок.

«Кийинки чемпионаттарды демөөрчүлөрдун жардамы менен өткөрүү үчүн демөөрчүлөрдү издеп жатабыз, ошентип акырындык менен алдыга жылып баштадык»,-дейт Асенов.

«Алай» клубунун директору Нурдин Сматов, «Биздин клуб муниципалдык болгондуктан, анын маркетинг бөлүмү жок. Азыркы күндө клубду Ош шаарынын мэриясы каржылап келет»,-деп айтып өттү .

«Бирок муниципалитеттин каржылоосу жеткиликтүү эмес. Жеке ишкерлер акча короткусу келбей, ошондуктан бизди азыр мэрия гана колдоп келет»,-деп арызданды Сматов.

Бишкек «Алга» клубунун директору Эмиль Бусурманкуловдун билдирүүсүндө, клуб муниципиалдык болуп эсептелет. Анын кайра жаралганына аз гана убакыт болду. Мэриянын демилгеси менен «Алга» командасы 2010-жылы чемпионатка кайтып келген.

«Демөөрчү издеп, бул багытта колубуздан келген кадамдарды жасап жатабыз. Тилекке каршы, биздин клубда долбоорлорду иштеп чыга турган адисибиз жок жана аны каржылоого акчабыз да жок»,-дейт «Алга» клубуну директору.

«Эртеңки күндүн белгисиздигинен жана туруксуздугунан жеке ишкерлер футболду каржылоого умтулушпайт»,- дейт Бусурманкулов.

«Алга» клубунун өкүлү спонсорлор менен жолугушууларды өткөрүп жаткандыгын билдирип, болочок демөөрчүнүн атын айткан жок.

«Нефтичи» клубунда маркетинг бөлүмү жок, бул милдетти азырынча пресс-атташе аткарып келет. Клубддун менеджери Медер Сыдыковдун айтымында, жакында кочкор-аталык футболчулар клубдун символу менен ар түрдүү сувенирлерди сата баштайт.

«2011-жылы сувенирлерди чыгаруу боюнча көптөгөн пландарыбыз бар болчу, бирок команданын АФК Президентинин Кубогуна болгон сапарынан кийин, август айында каржылоо тармагыбыз солгундай түштү, ошого байланыштуу пландаган максатыбызга жетпей калдык», - дейт Сыдыков.

Которгон: Бермет Абдыкадырова
Кыргыз редактор: Айгул Гуламидин кызы
Авторлор: Улукбек Акишев жана Анатолий Шаршеев