ОшМУнун аудиторияларында видео-байкоо камералары коюлууда

Ош мамлекеттик университетинин маалыматында, азыркы учурда сыноо жүргүзүү үчүн математика жана информациялык технология (МИТ) факультетине видео-байкоо камералары сыноо максатында коюлган. Мындай ыкма "жакшы натыйжасын берсе", окуу жайдын баардык факультеттерине орнотулат.

Оштун университеттеринде биринчилерден болуп ОшМУ видео-байкоо камераларын МИТ факультетинде орнотулду. Факультеттин окуу иштери боюнча декандын орун басары Русланбек Арапбаев билдиргендей, факультеттеги материалдык-техникалык базанын коопсуздугун сактоо максатында коюлду.

Ошондой эле ОшМУнун ректорунун колдоосу менен университеттин бюджетинен 100 миң сомдун тегерегиндеги акча каражаты бөлүнгөн. Видео-байкоо камералары кирүү фоейсинде жана коридорлордо орнотолуп көзөмөл жүргүзүлүүдө. Баардык аудиторияларга койгонго финансылык мүмкүнчүлүк болгон жок.

Эгерде бул жерде жарым жылдан ашык убакыттын ичинде мындай байкоолор жакшы натыйжасын берсе, башка факультеттерге да жайылтылмакчы.

"14 аудиторияларга, алты компьютердик класска, сегиз чоң лекциялык залдарга видео-камера коюлду",—деп айтты декандын орун басары "Клоопко" берген маегинде.

Ушул эле факультеттин компьютердик борборунун директору Уланбек Сопуев, байкоочу-камералар коюлгандан баштап, мугалимдердин сабагына өз убагында кирүүсүн, студенттердин сабактарга кандай деңгээлде катышып жатканын көзөмөлдөөрүн айтты.

«Дагы бир артыкчылыгы, ачык сабак боло турган болсо, биз ал аудиторияга кирбей туруп эле, башка аудиториядан [видео-байкоо аркылуу] баалап кое алабыз»,—деп билдирди директор.

Уланбек Сопуев билдиргендей, видео-байкоонун жазуулары ОшМУнун ички локалдык тармак аркылуу МИТ факультетинин деканы, окуу бөлүмү жана университеттин ректору менен окуу иштери боюнча проректорунда көрүүгө мүмкүнчүлүк бар.

«Байкоо ачык-айкындуулукка, окутуучуларды жана студенттерди жоопкерчиликтүү болууга шарт түзөт»,— деп сөзүн жыйынтыктады Сопуев.

Камера жок аудиториялардын «популярдуулугу» өскөн

МИТ факультетинин мугалими Расул Маматовдун айтымында, айрым шарты жок аудиторияларда мугалимдер сабак өтүүнү каалаган эмес. Азыр аларда камера коюлбагандыктан, ошол аудиториялардын «популярдуулугу» өсүп кеткенин белгиледи.

«Сабак өтүүнү жакшы билбеген, сабак өтүүгө көңүлү жок мугалимдер, ошол аудиторияларга өтүүгө аракет кылып жатышат»,—деди Маматов.

Маматовдун сөзүн Сопуев да колдоп, андай мугалимдер кездешип жатканын айтты.

Ош мамлекеттик социалдык университетинин ректору Идирисбек Кенжаевдин оюнда, эгер ОшМУнун мындай тажрыйба "жакшы натыйжасын берсе" өз университетине орнотууну көздөөдө. Ал ошондой эле видео-байкоолор студенттердин сабак учурунда жүрүм-туруму "жасалма болуп калышы мүмкүн экендигин" билдирди.

Ал эми Ош гуманитардык-педагогикалык институтунун ректору Бекмурза Зулпуев болсо, бул билим берүү тармагындагы "негизги колго ала турган реформалардын бири", деп эсептейт.

«Видео-байкоонун бир өзгөчөлүгү, мугалимдердин билим берүү сапатынын жоопкерчилигин күчөтөт да. […] Анткени, бизди ушул тараптан жетекчилик карап турат»,—деди Зулпуев.

Студенттердин ою

МИТ факультетинин жаштар комитетинин төрагасы Мирлан Мирзахимовдун айтымында, видео- байкоо камераларынын коюулушу менен ар бир лекцияда "жазбай отургандар байкалып калгандыктан, студенттер жакшы окуганга аракет кылууда".

«Бул бирден бир коррупцияны жоюшууга таасир этет экен. Азыр МИТ факультети эң таза факультеттердин катарына киргизсе да болот",—деп айтты Мирзахимов.

3-курсунун студенти Самара Токтомамат кызынын өз сөзүндө, студенттер үчүн Интернет бекер болгондуктан көпчүлүгү социалдык тармактарда, агенте отурат. Аларды деканат тарабынан карап күзөтүп отуруп, кайсы студент эмне менен алек болуп жатканын көзөмөл жүргүзөөрүн билдирди.

«Дагы зачет-экзамен учурунда терс көрүнүштөргө каршы пайдасы тийип атат»,—деди Токтомамат кызы.

Редактор: Айзат Шакиева