Депутат Аманбаева: Кыргыз чиновниктери кыргыз тилин үйрөнүүсү зарыл [+ аудио]

 

Депутат Урулкан Аманбаева каржы министрлигинин статс-секретары Динара Шайдиевадан, улутту кыргыз болгондуктан парламенттик отрумда кыргызча жооп берүүсүн талап кылды. Укук коргоочулар депутат айымдын талабын катуу сынга алышты.

Өзүнүн Шадиевага каратта айткан талабын, Аманбаева парламентин 11-январдагы отрумунда сунуштады.

Депутат айым статс-секретарга кыргыз тилинде берген суроосуна орус тилинде жооп угуп, төмөндөгү сөзүн айтты:

«Башынан бери кыргыз тилинде суроо берип жатам. Ал эми сиз мага орус тилинде жоопберип жатасыз. Сиз мага кыргыз тилинде жооп бере аласызбы? Мен орусча түшүнбөйм. Мага кыргызча жооп бериңиз. Андан сырткары сиз деген статс-секретарь кызматын аркалап келесиз», — деген Аманбаеванын сөзүн «АКИпресс» кабар агенттиги жазып чыккан.

Аманбаева 12-январдагы «Клоопко» берген интервьюсунда , Шайдиева «улуту боюнча кыргыз» болгондуктан кыргыз тилинде сүйлөшү керек,-деп айтып өткөн.

«Ал улуту боюнча кыргыз, мен ага кыргыз тилинде суроо берген элем, бирок ал мага жооп бере алган жок»,-деди Аманбаева «Клоопко» берген интервьюсунда.

«Эгер сен кыргыз болуп туруп, жогорку кызматка атанып жатсаң, албетте кыргыз тилин билүүң керек. Бул мамлекеттик тил- мамлекеттин байлыгы. Орус же башка улутундагы адам болсо түшүнмөкмүн», — дейт Аманбаева.

Кыргызстандын расмий тили болгон орус тилине эч бир каршылыгы жок экенин депутат Аманбаева кошумчалап өттү.

«Орус тили биздин расмий тил экенин билем. Бирок мен суроону кыргызча берген элем, улутту боюнча кыргыз болгондон кийин мага кыргызча жооп берсе болот да»,-дейт Аманбаева.

Аманбаеванын интервьюсу

[audio:amanbayeva-kyrgyz.mp3]

Аманбаева «конституцияны бузду»

Аманбаеванын мындай талаптары «Демократия жана жарандык коом үчүн» коалициясынын укук коргоочулары тарабынан кыжырданууну жаратты.

Аталган коалициянын укук коргоочулары парламенттин төрагасы Асылбек Жээнбековко, Аманбаевага карата чараларды көрүүсүн талап кылуу менен кайрылуу жасашкан.

«Кыргыз Республикасыныны Конституциясынын 10-беренси боюнча расмий тил катары орус тили колдонулат. «Республика» фракциясынын депутатынын мындай кадамдары Конситуциянын 16-беренесине ылайык «эч ким жынысы, расасы, тили, этноско таандыктыгы, ошондой эле башка жагдайлары боюнча кыстоого алынышы мүмкүн эмес»,- деп жазылат кайрылууда.

«МК- Азия» гезитинин башкы редактору Улугбек Бабакуловдун оюнда, бүгүнкү күндө «жашоочулар парламенттеги улутчулдарды колдоодо».

«Же өлкөбүздө билим берүүнүн деңгээли төмөмндөп жатат: баары эле «жакпаса кеткиле» деп кыйкырып калышты»,—деп өзүнүн блогунда жазып чыккан.

«Эгер Конституцияда орус тили жөнүндө бир дагы сөз айтылбаса, Аманбаеванын талабы мыйзамдуу болмок»,—деп кошумчалап кетти гезиттин редактору.

Кыргызстандагы белгилүү «Дизель» форумунун колдонуучулар «Орус тилди кайра кемсинтип жатышат» деген тема үстүндө катуу талкуу жүргүзүп башташкан. Бирок талкуу эки бетке жеткенде форумдун жетекчилиги тарабынан талкуулоо токтотулган.

Аманбаева өзүн күнөөлү деп эсептебейт.

«Эч бир мыйзамды бузган жокмун»,—дейт Аманбаева «Клоопко» берген интервьюсунда.

Которгон: Бермет Абдыкадырова
Редактор: Айгул Гуламидин кызы
Автор: Бегимай Бекболотова