Ош шаардык жеке ишкерлер салык төлөөгө даяр эмес

2010-жылдагы этникалык кагылышуудан кийин Ош шаарынын жеке ишкерлери белгилүү мөөнөткө салыктардан бошотулган. Арадан бир топ убакыт өтсө дагы шаардык ишкерелер бизнестерин калыбына келтире электигин айтышып нааразы.

Убактылуу өкмөт - 2010-жылдагы кыргыз-өзбек улут аралык этикалык кагылышуудан жабыр тарткан Ош жана Жалал-Абад облусунун жеке-ишкерлерин бир жыл аралыгында салык төлөөдөн   бошоткон.

Убактылуу өкмөттүн токтомуна ылайык «салыктан эс алуу күндөрү» 2011-жылдын бүтүшү менен аяктаган.

Токтомго ылайык 2012-жылдын январь айынан тартып ишкерлер бекитилген салыктын 50 пайызын төлөп башташ керек. Бирок «Клооптун» кабрачылары тарабынан сурамжылоого алынган ишкерлер жеңилдетилген салык төлөөгө да даяр эместигин айтышкан.

Ишкер Халил Саидов айымдар жана эркектердин сумкасын сатчу. Анын айтымында, 2010-жылдагы этникалык кагылышуу учурунда анын товарлары өртөлгөн же урдалган. Ошондой эле, соодасын калыбына келтирүү үчүн араңдан зорго насыя алгандыгын айттып өттү.

Саидов, жеңилдетүүлөр менен каралган салыкты да төлөй албашын айтып өттү.

«Өкмөт мага бир да тыйын жардам көрсөткөн жок. Кантип төлөп берем? Төлөгөнгө эч мүмкүнчүлүгүм жок»,— деп нааразы ал.

Карамат Бекташева кыз-келиндерге керектелүүчү сулуулук жабдыктарын сатат. Анын айтуусу боюнча, 2010-жылкы окуядан кийин сатуунун абалы кескин төмөндөгөн.

Салыктарды төлөөгө ишкер айым азырынча «даяр эмес». Анын айтымында, 2012-жылдын аягына чейин ишкерлерге болгон жеңилдетүү узартылышы керек.

«Клооптун» кабарчылары Ош шаарында иш жүргүзүп келген 20 жеке ишкер арасында сурамжылоо жүргүзгөн. Алардын арасынан жарымы салык төлөөгө азырынча даяр эместигин билдирген.

Серепчилердин көз карашы

Экономист Нурлан Мырзакуловдун айтымында, ишкерлер салык төлөөгө даяр, себеби салыктардан эс алуу учурунда алар бизнестерин бир топ калыбына келтирип алышкан.

«Соода-сатык абдан жакшы жүрүп жатат, ишкерлер жакшы киреше алышууда. Июнь окуяларына чейин эле алар салык төлөөнү каалаган эмес, тескерисинче өкмөт аларга акча берүүсүн каалашкан»,— дейт Мырзакулов «Клоопко» берген интервьюсунда.

Ишкерлер өкмөткө акча төлөбөй, өздөрүнө киреше алгысы келет деген пикирде экономист.

Башка экономист Мирлан Убайдулаев, эки жыл - бизнести кайра тургузуу үчүн «өтө эле аз» убакыт экенин айтып өттү.

Анын айтымында, ишкерлердин ишмердүүлүгүнө жараша категорияларга бөлүп, салык жеңилдетүүлөрүн аныкташ керек.

Ош шаарынын салык башкармалыгынын айтымында, өкмөттүн токтомуна ылайык салыктарды чогултуу иши жүргүзүлөт, жеңилдетүүлөр болбойт.

«Мындан ары  мыйзам боюнча салык төлөшөт. Келишет, салыгын төлөп кетишет»,— дейт салык башкармалыгынын кызматкери Хасан Мамитов.

Которгон:Бермет Абдыкадырова
Редактор: Айгул Гуламидин кызы
Автор: Муаззам Сатвалдиева

Урматту окурмандар сиздердин оюңуздар боюнча, 2010-жылы болуп өткөн этникалык кагылышуудан жабыр тарткан жеке ишкерлерге  салык төлөө боюнча жеңилдетүүлөр берилиши керекпи? Эгерде бул тууралуу ой-пикирлериңиз болсо төмөнкү форумду колдонуу менен катырыңыз.