Ош шаарынын аянты Бишкеке караганда "эки эсеге" чоң болушу күтүлүүдө

Шаардын архитектура башкармалыгы экинчи борбордун аянтын кеңейтүү боюнча мыйзам долбоорун Жогорку Кеңешке сунуш кылууда. Ал эми депутаттар бул боюнча ар кандай ойлорун билдиришти.

Ош шаарынын башкы архитектору Нурбек Баетов билдирүүсүндө, Оштун аянтын кеңейтүү маселеси боюнча "Ата Мекен" фракциясынын депутаттары менен 13 январда жолугушкан.

Бул жолугушууда шаар четиндеги Кара-Суу районуна караштуу Папан айылы Оштон 45 километр алыстыкта жайгашкан жана шаардын четинде Учар айылдарын кошулушун талкууланды.

Ушул кезге чейин газ, суу түтүктөрү келбегендиктен ал жерлерди шаардын курамына кошуп, өнүктүрүү керек экендигин Баетов "Клоопко" берген маегинде билдирди.

«50 жылдан бери Ош шаарынын чекесинде турат, муну Союз убагында да чече алган эмес. Себеби бул[айыолдар] Кара-Суу районуна карайт, ал каяктан өнүктүрмөк эле бул жерлерди»,—деди ал.

Ошондой эле шаардын четиндеги Тѳлѳйкѳн жана Папан айылдары Ошко кошулуп калса, ал жерлер тоолуу болгондугунан туристтик аймакка айландырып, шаардын экономикасын жогорулатуу мүмкүн болоорун белгиледи.

Жана бул айылдардын тургундарынын жана депутаттарынын да шаарга кошулушунун макулдугу бар. Эгер ишке ашып калса Бишкектин аянтынан [16 958 гектардан] "эки эсеге" чоң болоорун кошумчалады башкы архитектор.

« [Ош] 5миң 683 гектардан, 72 миңге[гектар] чейин, мындайча айтканда 12 эсеге көбөйөт»,—деп сөзүн жыйынтыктады Баетов.

Ал эми Ош шаарынын биринчи вице- мэри Алимжан Байгазаковдун айтымында, шаар айланасында 30дан ашык айыл-анклавдары башаламан жайгашкан. Айылдарды оңдоп түзөп шаарды кеңейтүү керек.

«Бизде көбүнчө ушу Папан, Төлөйкөн айыл өкмөттө анклавдар көп болгондуктан ушул эки айыл өкмөттү кошуп алайлы деген ниетте кошкон элек»,—деп маалымдады Байгазаков.

Депутаттар ар башка пикирде

"Ата Мекен" фракциясынын мүчѳсү Акуналы Досалиевдин айтымында, болуп өткөн фракция отурумунда экинчи борборду кеңейтүүгө канча акча каражат жана кайсы жерлерди кошуу керектигин архитектура толуктап мыйзам долбоорун кайра сунуштаганын айтышкан.

Ал эми «Ата-Журт» фракциясынын депутаты Азамат Арапбаев болсо, шаардын аянтын кеңейтүүгө каршы жана Оштун башка көйгөйлөрүнө көңүл буруу керектигин билдирди.

«Булар кеңейтип каягына барат билбедим, кошумча каражат каяктан табат деп ойлойм да. Шаардагы жолдордун акыбалы ѳтѳ начар. Азыркы чек ара ичин жакшы иреттеп алса, биринчи анан кийин кеңейткенге аракет кылса»,—деген оюн айтты Арапбаев.

«Ар -Намыс» фракциясынын мүчөсү Каныбек Осмоналиевдин айтуусунда, Оштун ресурстары жетишсиз, бул маселени мамлекеттик масштабда чечүү керек.

«Себеби Ош шаары өзү Кыргыз Республиканын экинчи борбору деген статус алганы менен бүгүнкү күндүн заман чакырыктарына туура келген бир дагы курулуштары жок»,—деди Осмонов.

Бирок "Республика" фракциясынан Нурбек Алимбеков болсо, шаардын кеңейтилишин колдоп, айылдардын кошулушу Оштогу ички миграция маселесин чечет деп билдирди.

"[...]Эсиңерде бардыр азыр 60-70 миңге чейин кезекте [айыл жашоочулар] турушат, ошон үчүн шаарды ички миграция болуп жатпайбы",— деп айтты Алимбеков.

Жашоочулардын оюу

Папан жана Учар айылындагы оюн билдирген жашоочулар шаарга кошулушуна макулдугу бар экендигин билдиришти.

Алардын айтымында, Оштун курамына кирип калса, айылдагылардын турмушуна жакшы шарттар жаралмакчы. Алардын ичинде коммуналдык тейлөө, жолдор жакшырып, газ, суу түтүктөрү уланмакчы.