Шериктештик Кубогу: Кыргызстан 9-орунду колго киргизди

Кыргызстандын жаштар курама командасы Шериктештер Кубогундагы 9-орун үчүн күрөшүүдөгү үч оюнда тең жеңишке жетишти. Акыркы оюнда Эстония командасы менен беттешип 2:0 упайы менен жеңишти колго киргизген.

Бул оюнда да «Алга» командасынын оюнчусу Турсуналы Рустамов оюндун 25-мүнөтүндө алгачкы голду киргизип, биздин командага кайрадан жардам берди.

«Дордойчу» Мирлан Мурзаев 76-мүнөттө дагы бир гол киргизип, артыкчылыгбызды жогорулатты.

Мурунку оюндарда Түркменистан жана Тажикстандын командаларынан жеңишти илип кеткен Кыргызстандыктар турнирде 9-орунга жетишишти. Эскерте кетсек, Шериктештер Кубогунда КМШ жана Ирандан чакырылган 12 жаштар курама командалары беттешкен.

«Бүгүн жеңишке жетишибиз керек болчу, Бишкекке башыбызды жерге салбай, сыймыктануу менен барышыбыз шарт эле»,— деди Кыргызстандын курама командасынын башкы машыктыруучусу Мурат Жумакеев.

Эстония менен болгон матч- турнир боюнча Кыргызстандыктар топту өз дарбазасына өткөрбөгөн жалгаз оюн болду.

Турсуналы Рустамов киргизген беш голу менен турнирдин бомбардирлер рейтингинде үчүнчү орунду ээледи.

Группа ичиндеги оюндарда Кыргызстандыктар Латвия, Украниа жана Молдова курама командалары менен болгон үч оюнда тең утулуп калышкан.

Турнирдин жеңүүчүсү Орусиянын курама командасы болду. Финалда коңшулары Беларусия менен беттешип, Владимирдик «Торпедонун» оюнчусу Артём Денкиндин жардамы аркылуу 2:0 упайы менен жеңишти Орусиялыктар илип кетишти.

Шериктештер Кубогунда биринчи жолу жаштар курама командалары ойноду, мурун КМШ өлкөлөрүнүн чемпион клбудары ган беттешип келген.

Которгон: Бермет Абдыкадырова
Редактор: Айгул Гуламидин кызы
Сүрөт: турнирдин расмий сайтынан алынды