Саламаттык сактоо министринин орун басары пара алгандыкта айыпталууда


Саламаттык сактоо министринин орун басары Оморбай Нарынбеков пара алгандыкта шектүү делип, милиция кызматкерлери тарабынан кармалган. Башкы прокуратура чиновнике карата тергөө ишин козгоду. Нарынбеков комментарий алуу учурунда жеткиликсиз бойдон калды.

Ички иштер министрлиги 11-февралда жиберген пресс-релизинде мамлекеттик ишмердин кармалгандыгы тууралуу мааалыматтын таркаткан.

Мамлекеттик кызматкер 4000 АКШ доллары өлчөмүндө пара алгандыкта шектелүүдө.

ИИМдин маалыматы боюнча, министрдин орун басары башкы врачтык орун үчүн пара талап кылып жаткан жеринен кармалган.

Башкы прокуратура Нарынбеквго карата Кыргыз Республикасынын Кылмыш жаза Кодексинин «Кызмат бергендиги үчүн пара алуу» 312-беренесине ылайык кылмыш ишин козгогон.

Кылмыш жаза кодексинин 312-беренесинин 2- пунктуна ылайык эгерде жооптуу кызмат адамы тарабынан жасалса, мүлкүн конфискациялоо менен үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү кызматтарды ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратуу менен сегиз жылдан он беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу жазасы колдонулат.

Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, министрдин орун басары бул акчаны 2010-жылдын ноябрь айында Ысык-Көл райондук стоматологиялык оорукананын башкы врачынан, кызматка дайындоо боюнча өтүнүчүн оң жака чечип берүү максатында алган.

Министрдин орун басары айымды аталган кызматка дайындаган эмес, акчанын жарымынан көбүн өзүнө кайтарып берген.

Ал айым 9-февраль күнү Нарынбековго карата арыз жазып, укук коргоо органынына кайрылган. Андан кийин аны камакка алышкан.

«Вечерний Бишкек» гезитинин интернет-редакциясы өзүнүн булагына шилтеме жасап, чиновникти «башка бирөөнүн жоопкерчилиги» алдында кое беришкендигин кабарлаган.

Нарынбеков кимдин жоокерчилиги алдында кое берилгендиги жана кайда экени азыркы күндө белгисиз.

Башкы прокуратура бул боюнча тергөө иштерин жүргүзүп жатат. Министрдин орун басары комментарий алууда жеткиликсиз бойдон калды.

Которгон: Бермет Абдыкадырова
Редактор: Айгул Гуламидин кызы