Ош шаардык ИИБ окуучуларды убактылуу кармоочу жайлар менен тааныштырышты

Шаардык ички иштер башкармалыгы, 14-февралдан баштап шаардагы убактылуу кармоочу жайларда окуучуларга экскурсия жүргүзөт. Ал эми окуучулардын айрымдары, анын ичин көргөнгө кызыгышса, кээси корккондугун айтышты. Мугалимдер жана серепчилер мындай демилгени колдоодо.

Ош шаарынын ИИБинин басма сөз катчысы Замир Сыдыковдун айтымында, шаардык билим берүү башкармалыгы менен биргеликте 14-февралдан 21-февралга чейин шаардагы мектептин тизмесиндеги тарбиясы «начар» окуучулар үчүн убактылуу кармоочу жайларда экскурсия өткөрүлөт.

Анын негизги максаты жаш өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулукту, рэкетчиликти алдын алып, «жаман жолго барса арты кандай болоорун» түшүндүрүү болуп саналат.

«Баардык окуучу эле кылмыштуулук эмне экенин билбейт да. Ошондуктан жаштык кылып башка жолго түшүп алышы мүмкүн. Бул жерди көргөндө сестенет да. Окуучулар эле эмес чоӊ адамдар киргиси келбейт бул жергечи»,—деди Сыдыков.

Милициянын нөөмөт бөлүмүнүн нөөмөтчүсү полковник Касым Кадыров,бул экскурсияда, кылмыштуулуктун түрлөрүн, ага өспүрүмдөрдүн эмне себептен аралашып калгандыгын окуучуларга айтып берет.

«Же келечекте өзүнүн турмушуна балта чаап койбош үчүн, кылмыш дүйнөсүнө кирип кетпеш үчүн ушундай иштерди жасап жатабыз»,—деп түшүндүрдү Кадыров.

Шаардык билим берүү башкармалыгынын маалыматында, 18 мектептин 9- 10- жана 11-класстардын ИИБинин кылмыштуулуктун тизмесинде турган окуучулар экскурсияга катышууга тандалган.

«Жаман иштерге барбайбыз»

«Олимп» орто мектебинин 10-классынын окуучусу Тимурлан Асаналы уулу, бул экскурсия абдан таасир бергенин айтты.

«Алдыдагы кылмыштар азайыш үчүн ушундай кылган деп ойлойм.[экскурсияны уюштуруу]. Ар бир адам эле көргөндөн кийин эле аракет кылат да бул жакка келбеш үчүн. Биз кызыгып келгенбиз»,—деп оюн билдирди Тимурлан.

№38 Барпы Алыкулов орто мектебинде 9-класста окуган Абдурасул Боронбаев мындай жайларга биринчи киргендиктен коркунучтуу болгонун айтты.

«Киргенде абдан коркунучтуу болду. Абдан күчтүү сезимдер болду. Мындан кийин мындай жаман иштерге эч качан барбайм го»,—деди Абдурасул.

Мугалимдер жана серепчилердин колдоосу

№38 Барпы Алыкулов орто мектебинин директордун орунбасары Гүлбара Алдыракованын айтуусунда, убактылуу кармоочу жайга, балдардын физикалык жана психологиялык жактан күчтүү болгон лидерлерди алып келишкен.

«Бул экскурсия балдарга чоӊ таасир этти. Бул өз убагында болду деп ойлойм. Жаткан жери менен тамак жегени баары бир камерада экен, ошонусу буларга чоӊ таасир этти»,— деди Алдыракова.

№3 М.Ю.Ломоносов атындагы орто мектебинин директору Гулсара Атабаева, ИИБинин мындай демилгесин колдоорун билдирди.

Жергиликтүү юрист Чолпон Кулдушеванын оюнда, мындай экскурсиялар туруктуу жыл сайын өткөрүлүп туруу механизмин иштеп чыкса жакшы болмок деген көз карашта.

Ал эми талдоочу Сабыр Арстановдун айтымында, азыркы кезде мектеп окуучулар арасында «криминалдык» түшүнүктөр көбөйүп кеткендиктен убактылуу кармоочу жайдагы адамдарды көрсө сабак болоорун айтты.

«Миӊ уккандан бир көргөн дегендей, барып көрүп мындай экен, жакшына жүрүш керек экен деген жыйынтык чыгат болуш керек»,—деди Арстанов.


Редактор: Айзат Шакиева