Нарын: жер титирөөдөн кийин окуучулар чатырларда окууга мажбур

Нарын облусунун үстүбүздөгү жылдын 5-февралындагы жер титирөөдө Ак-Талаа районуна караштуу Кызыл-Белес айылындагы Суйунбек Атамбеков атындагы орто мектеп жараксыз абалга келген. Аталган мектептин окуучулары аба-ырайынын сууктугуна карабастан 30 орундук чатырларда окуганга мажбур.

Нарын облустук билим берүү башкармалыгынын башчысы Касымбек Мамытовдун айтымында, Нарын облусунда болуп өткөн акыркы жер титирөө Ак-Талаа районунун үч билим берүү мекемесине өз зыянын тийгизген.

«Акыркы жер титирегенде авариялык абалдагы мектептерге өз таасирин тийгизди», — деп билдирди Мамытов.

Үч мектептин экисинде окуу уланылып жатат, ал эми Кызыл-Белес айылындагы Сүйүнбек Атамбеков атындагы орто мектебинин окуучулары чатырларда окууга аргасыз.

Балдар окуп жаткан чатырлар Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин райондук бөлүмүм тарабынан берилгендигин мектептин директору Асек Абдурахманов маалымдады.

«Айла жоктон окуп жатабыз, […] эми меши бар экен», — дейт Абдурахманов.

Анын айтымында 250 окуучунун жарымы чатырларда окуп, калганы абалы жакшыраак класстарда окуп жатат.

Бул маселе боюнча билим берүү министрлигине кайрылып, бирок азырынча жооп жоктугун Абдурахманов кошумчалап кетти.

Өз кезегинде билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз катчысы Керез Жукееванын маалыматында жер титирөөдөн жабыр тарткан С. Атамбеков атындагы орто мектеп Билим берүү жана илим министирлиги тарабынан капиталдык курулушту талап кылган мектептердин «титулдук тизмесине» киргизилген.

«Биздин министирлик 1950-1960-жылдардын убактысында курулган мектептердин бардыгы тең капиталдык жаңы курулушту талап кылып жаткан мектептер да, мына ушул себептерден алардын ордуна улам жаңы мектептер курулуп келе жатат. Алардын катарында быйылкы жылдын титулдук тизмесине кирген Атамбеков мектеби дагы бар», — дейт Керез Жукеева.

«Учурда бул мектепке ӨКМ [Өзгөчө кырдаалдар министрлиги] тарабынан 30 орундуу 4 палатка берген. [...] Палаткаларда температуранын көрсөткүчү 16 градустан жогору », — деп Жукеева кошумчалады.

Бул мектепти кайра куруу үчүн 29,01 млн сомдук смета түзүлүп, каржы министрлигине жөнөтүлгөндүгүн кошумчалады.

Кыргызгидромет борборунун маалыматы боюнча Нарын облусунда февралдын аягына чейин төмөн температура сакталат.

«Нарын облусунун аймагында абанын температурасы түнкүсүн -18-23 градустан 10-15 градуска чейин, күндүз -6-11ден 0-5 градуска чейин болот», — дейт метереологиялык кызматтын сайтында.

Автор: Кылычбек Азимбаев

Редактор: Эльдияр Арыкбаев
Фото: Илья Каримджанов