ОшМУ: Дарыгер-студенттер үчүн жасалма жансыз дене сатып алынды

Ош мамлекеттик университетинин билдирүүсүндө, биринчи жолу студенттер үчүн Орусиядан адамдын анатомиялык препараты алып келинген. Студенттер мындай жаңылануунун пайдалуулугун айтса, серпчилер ар кыл ойдо.

Бул медициналык препарат анатомия сабагында адамдын мүчөлөрүн окуп үйрөнүү үчүн колдонулат. Ал пластмассалык бальзамдоо жолу менен даярдалган.

Медицина факультетинин адамдын нормалдуу жана топографиялык анатомия кафедрасынын башчысы Кыялбек Сакибаевдин айтымында, бул жасалма жансыз дене адамдын ички жана сырткы мүчөлөрүнөн жасалган. Колдонуу учурунда зыяндуулугу жок. Башка препараттардан айырмасы адамдын органдарынын табигый формасы сакталган.

Ошондой эле мындай окуу-көргөзмө материалынын келиши менен «Адам таануу» анатомиялык окуу музей-лабораториясы ачылды.

Буга чейин формалинге катырылган адам мүчөлөрү менен иштегендиктен адамга тийгизген зыяндуулугу жогору болгон. Бул анатомиялык пластинациялык препарат Орусиядан атайын буйрутма менен 2 миллион сомдун тегерегинде сатылып алынды.

« […] Адамдын мүчөлөрүнүн баардык бөлүктөрү бар. Ошто биринчи жолу алынып келип жатат[...]. Буга чейин формалинге катырылган препараттар менен иштейт элек. Анын жыты терс таасирин тийгизет»,—деп кошумчалады Сакибаев.

"Пайдасы көп"

Медицина факультетинин студенти Гулиза Мамажунус кызы, бул кезге чейин формалинге салынган адамдын дене мүчөлөрүнүн эскилиги жеткендиктен окуп үйрөнүү кыйын болгонун айтат.

«Эми мындан ары дайым колдоно албасак да, жаӊы келген препараттарды колдонсок, адамдын дене мүчөлөрүн бири-биринен оӊой ажыратып үйрөнсөк керек»,—деген оюн билдирди Гулиза.

Ушул эле факультеттин 2-курсунун студенти Сайкал Азимова болсо, бир семестрдеги анатомия сабагын окуп бүткөнүнө карабастан, дагы кошумча билим алуу үчүн кафедрага барып тураарын айтты.

«Бизге анатомия сабагы бүттү, бирок, иш жүзүндө окуп үйрөнгөнү анатомия кафедрасына барып турам. Ал жерден кайсы жеринде кандай орган жайгашкан[адамдын] карап үйрөнөбүз»,—деди Азимова.

Медициналык академиянын проректору Шейшенберди Сатылгановдун айтымында, мындай жасалма жансыз дене алардын окуу жайында да колдонулууда. Препараттын пайдасы "көп" жана Германияда гана жасалат. Аларга тазаланган жансыз денени жөнөтүү керек деп түшүндүрдү проректор.

Илимдер академиясынын түштүк аймагындагы медициналык проблемалар бөлүмүнүн директору Рахманбек Тойчиевдин пикиринде, адамдын жасалма денесин ОшМУнун медицина факультетиндеги мугалимдер өздөрү жасаш керек экенин билдирди.

«Бизде азыр эмне көп бомж көп. Эмне көп труп көп. Аны [жансыз денени] сотко алып барса уруксат берген чечим чыгарып берет. Аны алып келгенден кийин препаратка жасап колдонсо болот»,— деди Тойчиев