Ордо калаа муз үстүндө бийлөө боюнча расмий чемпионатка даярданып жатат

Муз үсүтндө бийлөө боюнча чемпионат 29-февралда башталып 1-мартта бүтөт. Уюштуруучулардын айтымында, 4 жаштан 13 жашка чейинки 52 спортчу катышат.

Бишкек шаардык мэриясынын спорткомитетинин окуу-спорттук бөлүмүнүн жетекчиси Иван Сергиенко, бул чемпионат Бишкектеги алгачкы расмий чемпионат болоорун айтты. Мэриянын маалыматы боюнча, бул чемпионат эл аралык таймашууларга даярдык катары өткөрүлүп жатат.

«Федерация мурдагы жылы өз күчү менен мелдеш өткөргөн, бирок турнирдин расмий статусу жок эле, анткени мамлекеттик спорт мекемелери тартылган эмес», — дейт Сергиенко.

«Катышуучулар 1998-жылдан 2006-жылга чейин төрөлгөндөр. Муз үстүндө спортчулар жалгыз бийлишет, жуп менен эмес, жалгыз бийлөө болот. Ар кайсы разряддагы спортчулар», — дейт спорт бөлүмүнүн жетекчиси.

Муз үстүндө бийлөө Кыргызстанда жаңыдан гана өнүгүп жатат дейт спорткомитеттин кызматкери. Уюштуруучулардын айтымында, 2009-жылы ачылган шаардык муз аянты муз үстүндө бийлөө спортунун өнүгүшүнө түрткү болгон. Ошол эле жылы муз үстүндөгү спорт түрлөрүнүн Федерациясы да пайда болгон.

«Федерацияга атайын Казакстандан машыктыруучулар чакырылган. Азыркы күндө 80дей өспүрүм тарбияланат», — дейт мэриянын кызматкери.

Чемпионат 19-февралда жана 1-мартта өтөт, салтанаттуу ачылыш аземи саат 16:00дө болот.

Чемпионат «Шаардык муз аянты» спорт жана оюн-зоок борборунда өткөрүлөт. Кирүү бекер, ар бир каалоочу чемпионатка күбө боло алат.

«Уюштурууда кыйынчылыктар деле болгон жок, дароо эле тил табышып алдык. Муз үстүндө бийлөө өтө кооз спорт түрү. Мурун өткөрүлчү эмес, эми азыр өткөрүүнү чечтик», — дейт Сергиенко.

Федерациянын тренери Елена Швеймер, чемпионат «жаш фигуристтен» баштап II жана I разряддагы спортчуларга чейин алты категорияда өтөөрүн айтып өттү.

«Катышуучулар спорт чеберчилигине жараша тандалды», — дейт Швеймер.

Катышуучулардын бири 11 жаштагы Александра Местерова муз үстүндө бийлөө менен капыстан эле кызыгып калганын айтты.

«Телевизордон жарнама көрүп барып калдым, ошентип кызыгып да кеттим», — дейт жаш спортчу кыз.

Анын апасы Светлананын айтымында, муз үстүндө бийлөө спортунан жалаң гана позитивдүү таасир калган.

«Аябай кызыктуу спорт түрү, бирок талыкпай күндө иштеш керек. Машыгуулар күндө өтүп жатат. Бизде мыкты машыктыруучулар бар», — дейт Александранын апасы.

Кыргызстандын муз үстүндө бийлөө боюнча курама командасы 2011-жылы ноябрь айында өткөн Казакстандагы «Кузгы Жарыз» мелдешинде байгелүү орундарды ээлешкен.

Кыргызстандык спортчулар төрт алтын, эки күмүш жана төрт коло медалына татышкан. 6 жаштан 13 жашка чейинки спортчулар катышкан.

Автор: Аида Ишмухамедова

Редактор: Эльдияр Арыкбаев

Которгон: Бермет Абдыкадырова
Фото: Caroline Paré