Хроника: «Эхо Москвы» радиосундагы президент Атамбаевдин маеги [12:56]

Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев Орусияга болгон расмий иш сапарында «Эхо Москвы» радиосунун түз эфиринде сүйлөдү.

12:56 Алып баруучу, өлкөдөгү исламдаштыруу абалын сурап Кыргызстандагы дин маселеси жөнүндө кеп козгоду. Атамбаев, кээ бир имимдар Ислам динин пакистандык жана ооган маданияты менен «алмаштырып» жатышат дейт.

«Бизде диний партиялыр жок. Тилекке каршы, терроризм деген бизге да жетти, бирок азырынчы алдын алууга жетишип жатабыз. Библия жана Талмудду окубай эле Куранды жөн эле жатап алгандар бар. Ошондуктан, Кыргызстандын мусулмандарынын Исламдын өзөгүн түшүнүүсү үчүн дин иштер боюнча мамлекеттик комиссиясын президенттин карамагына алгам», — дейт Атамбаева.

12:48 Орус тилинин статусун өзгөрлүбөйт дейт президент. Азыркы күндө орус тили Кыргызстанда расмий тил статусуна ээ.

«Көпчүлүк телеканалдар — орус тилинде. Ал эми акыркы 20 жылда күчөп кеткен улутчулдук башка маселе. Азыр деле улутчулдук чакыруулардан башка эч нерсе айта албаган адамдар бар, өздөрүн патриот кылып көрсөткүсү келген. Бирок орус тили сакталаары шексиз», — дейт өлкө башчысы.

12:42  Кыргызстан Грузия жана башка өлкөлөрдүн тажыйырбасын үйрөнүүгө даяр экендигин айтып өттү

«Грузиядан көп нерсени үйрөнүп жатабыз, жашыргым келбейт. Куралдуу күчтөрдү тескеген вице-премьерди, экономика жаатында иштеген министрлерди жана депутаттарды Грузияга жибергем. Саясий мамиле — бир иш, ал эми жакшы жыйынтыктарды берип жаткан нерсени үйрөнүү — такыр башка кеп», — дейт Атамбаев.

12:40 Кесиптеши Дмитрий Медведев менен болгон жолугушуусунда орусиялык базанын ижара үчүн карыздары жөнүндө сүйлөшкөндүгүн айтты. Атамбаевдин айтымында, Медведев бул маселени 10 күндүн ичинде чечилиши боюнча коргоо министрине буйрук берди.

«Баары эле Атамбаев акча сурап жүрөт, анан америкалыктардын авиа базасын чыгарат деп сүйлөп жатышты. Мен келдим — коргоо министрине карыздарды төлөттүм. Экинчиден, бизге бир да тыйын кредит керек жок. 2011-жылдын бюджети үчүн 106 миллион сом берилет деп сөз берилген — биз ишенгенбиз», — дейт Атамбаев.

12:38 2014-жылы Кыргызстандан Манас» транзиттик борбору чыгарылаарын айтты.

«Жарандык аба майданында аскердик база болбош керек. Иран жана АКШнын ортосундагы мамиленин чыңалышына күбө болуп жатабыз. Алар Манасты бомбалашы мүмкүн да. База чыгарылат — бул деген жарандык аба майданы. Элестетсеңер Домодедоводо аскердик база болгонун. Кудай буйруп, түшүнүштү, авиа базаны чыгарып кетишет», — дейт өлкө башчы.

Президент Орусия төрт жылдан бери ижараны төлөбөй өз милдеттерин аткарбай жатат деп орусиялык база маселесин да козгоп кетти.

«Ооба, биз кичинекей мамлекетпиз, бирок эгемендүү жана намыстуу өлкөбүз. Эгер Кыргызстан демократия жолу менен туруктуу өнүксө күчтүү мамлекет болот деп ойлойм. Эгер ортодо макулдашуу болсо милдеттерди аткарыш керек», — дейт президент.

12:36 Сирия резолюциясына добуш берүү маселеси боюнча да пикирлери менен бөлүшүп кетти. Эскерте кетсек, «техникалык бузулуулардан» Кыргызстан добуш бере алган эмес.

«Болгонун болгондой айтканды жакшы көрөм, менимче Башар Асаддын режими алмашат. Ошого карабастан кан төгүүнүн жана Сириянын бөлүнүшүн каалабайт элем. Кээ бир учурларда жакшы ниеттериң такыр башка жыйынтыктарга алып келет. Мисалы, диктатор Саддам Хусейн учурунда Иракта 5000 же 10000дей адам өлтүрүлгөн. Ал эми андан кийин канчалаган адамдар өлтүрүлдү, жүз миңдеген адамдар каза болду го», — дейт өлкө башчысы.

12:29 Өлкө башчысы Кыргызстан Бажы биримдигине кирүүгө даяр экендигин айтты.

«Бирдиктүү экономикалык мейкиндикке кирүүгө даяр экенибизди билдиргенбиз, атайын комиссия түзүлгөн, качан кирүү маселесин чечип жатат. Кыргызстандын кызыкчылыктарнын эске алсак, бүгүнтөн баштап эле мүчө болууга даярбыз. Бирок, кийим тигүүчүлөр үчүн сырьену экспорттого уруксат берилишин суранып жатабыз», — дейт президент.

12:26 Мыйзамсыз миграция маселесинде Кыргызстандын бийлик өкүлдөрүнүн катасы бар экендигин мойнуна алды.

«Акыркы 20 жылда Кыргызстанды туура адамдар башкарганда — 28 ГЭСтин курулуш планташтырылганда. Бирок мындай абалда чыгып кетүү жолу бар — Бажы биримдиги деп аталган бирдиктүү экономикалык мейкиндигине кирүү. Ошондо биздин мигранттардын укугу, Орусия жарандарынын укугу менен бирдей болот. Албетте, шайлоо жана шайлануу укугунан сырткары», — дейт өлкө башчы.

12:21 Орусиянын башкы врачы Геннадий Онищенконун «Орто Азиядан келген справкаларга көп ишенбейм» деген сөзүнө, президент мырза Онищенко «бир аз ойлонуп сүйлөсүн» деп жооп берди.

12:16 Өлкөнүн «жоголуп кетишине аракет кылгандар» Кыргызстанды «таза кандуу кыргыздар башкарсын» деп айткандар дейт Атамбаев. Мындай сөздөр менен, «Ата Журт» партиясынын лидери Камчыбек Ташиевдин айтып жатты.

«Шовинисттик жана улутчулдук окуялар бар. Тилекке каршы, Орусияда да — Орусия орустар үчүн деген саясатчылар бар. Орусиянын күчү — ар бир адамды Орусиянын кызыкчылыгы үчүн күрөшүүгө ишендирет. Екатерина Экинчинин улуту ким эле?», — дейт Атамбаев.

12:11 «Эхо Москва» радиосунун алып баруучусу Алексей Вендиктов жана президент Атамбаевдин ортосундагы маек Кыргызстанда болгон акыркы эки төңкөрүш жөнүндө башталды.

«Биринчи революцияда «Акаевден башка» деген чакырыктар эле. Азыр эстесем, 2005-жылы Акаевди кулаткандан кийин, эч бир орунду ээлебей сегиз ай майрамдап, эми жашоо оңолот деген ойдо элем. Тилекке каршы, тескерисинче, жашоо андан да жаман нукка бурулду. Акыркы бийлик учурунда коррупция көрүнүш эмес, өлкөнү башкаруунун ыкмасы болуп калган», — дейт президент.

Авторлор: Эльдияр Арыкбаев и Бектур Искендер