«Коммерсантъ»: Атамбаев орусиялык аскердик базалардын карыздары жөнүндөгү маалыматты «адаштырып алды»


Президент Алмазбек Атамбаев Канттагы авиа базанын карыздары жөнүндө айтып жатып Орусиялык аскердик базаларды "адаштырып алды" дейт гезит. Президенттин басма сөз катчысы, «Коммерсантъ»  Атамбаевдин сөзүн «туура эмес түшүнүп", "баарын адаштырып салды" дейт.

«Кыргызстандын президентинин кызматтык сезими адашып калды» аттуу макалада "Коммерсантъ" гезитинин кабарчысы Владимир Соловьев, Атамбаев Орусиянын Канттагы авиа базасынын карыздарын менен Орусиянын башка аскердик объектилерин төлөмдөрүн алмаштырып алып "ыңгайсыз абалда калды" деп жазган.

«Коммерсантъ» гезити Коргоо министрлиги жана Тышкы иштер министрлигиндеги булактарына шилтеме жасап, Атамбаев «туура эмес айтып, баарын алмаштырып алды», анткени Канттагы авиа база макулдашуу боюнча «акысыз» колдонулат дейт.

«Кыргызстандык лидер «макулдашууну жакшы окуган эмеспи же такыр эле ачкан эмеспи» […], анткени макулдашуунун 5-беренеси «орусиялык аскердик база акысыз негизде жайгашат» деген сүйлөмдөн башталат», — дейт «Коммерсантъ».

"Коммерсантъ" Кыргызстандын өкмөтүндөгү булагына да шилтеме жасады. Ал Атамбаев Канттагы авиа базанын карызын талап кылып президент катачылык кетирген деген. Бирок, Орусиялык база макулдашуудагы милдеттерин аткарбай келген деп кошумчалаган.

«База учкучтарды даярдаш керек эле, бирок аларды эч ким окуткан жок. Макулдашуунун шарттары боюнча Л-39 үлгүсүндөгү окуу учактарын оңдош керек эле, бул милдетин да аткарышкан жок», — дейт «Коммерсантъ» Кыргызстандык булагынын сөздөрүнө шилтеме жасап.

"Коммерсантъ" өзү "адаштырып алды"

Президенттин басма сөз катчысы Кадыр Токтогуловдун айтымында,  Атамбаев айткан сөздөрүн «Коммерсантъ» «адаштырып алды».

Токтогуловдун божомолунда, «Коммерсантъ» гезити Орусиянын Коргоо министрлиги Канттагы авиа базадан сырткары башка аскердик объектилер үчүн төлөөрүнөн кабардар эмес.

«Гезит Канттагы авиа база жөнүндө эле кабардар болуп, ошол базанын ижара акысы жөнүндө десе керек. Ал эми сөз, Орусиянын башка аскердик объектилери жөнүндө болгон», — дейт Атамбаевдин басма сөз катчысы.

Сөз Кант авиа базасы эмес, Чүй облусунун Кара-Балта айылындагы жана Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы «Койсары» аскердик объектилер жөнүндө болгонун тактады.

«Атамбаев бул базалардын карыздары жөнүндө кабардар болчу. «Коммерсантъ» адаштырып алды», — дейт Атамбаевдин басма сөз катчысы.

Атамбаев 25-февралда «Эхо Москвы» радиосуна берген интервьюсунда Орусия аскердик база үчүн карыздарын төлөбөй, макулдашуудагы милдеттерин аткарбай жатат деген.

«Орусиялык база төрт жылдан бери ижара акысын төлөбөй жатат, макулдашуу боюнча учкучтарды окутуу боюнча милдеттерин да аткарбай жатат. Ошол эле учурда Кыргызстан Орусияга болгон карызынын пайыздарын үзгүлтүксүз төлөп жатат», — деген өлкө башчысы.

Редактор: Эльдияр Арыкбаев

 Автор: Zarema Sultanbekova

Которгон: Жаркын Абдыкеримова