Банктан кредит алгандар «Халык Банк» бизди коркутуп жатат дейт

Кредит алуучулардын укугун коргоо комитетинин төрайымы Динара Назаркулова «Халык банк» кардарларынын үйлөрүн тартып алып, митингчилердин коркутуп, аларды адаштырууга аракет жасап жатат дейт. Банктын жетекчилиги күнөөлөрдүн баарын четке кагууда.

«Халык Банктын» кызматкерлери укук коргоо органдары менен бирге кредит алгандардын турак жайын тартып алып, үйлөрүнөн чыгара баштаганда  кардарлардын митинги башталган.

Динара Назаркулованын айтымында, банк кепилдикке берилген мүлк менен кредит алуучунун карызынын ортосундагы айырманы төлөп берген эмес. «Халык Банк» үчүнчү тарапка турак-жайды сатып салып, үй ээлери сыртта калып калды, дейт Назаркулова.

Кредит алгандар наазычылык акциясында үйлөрдүн кайтарып берүүсүн талап кылып, кредитти жабуу мүмкүнчүлүгүнүн берилишин талап кылып жатышты. Бирок банк алардын талабына жооп берүүдөн баш тартты.

Динара Назаркулова «Клоопко» берген интервьюсунда, кредит алуучулардын бири Нуржигит Асакеевди «Халык Банк» тарабынан жалданган белгисиз адамдар сабап кеткендигин маалымдады.

«Үйүнө бара жатканда подъездден эки адам кол салган. Алар Нуржигитти бутун тепкилешип, «Халык Банкка» жолосоң бутуңду сындырабыз дешиптир. Банк эми кардарларын коркутуу үчүн адмдарды жалдап баштагандай», — дейт Назарова.

Асакеев журналисттер менен жолугушууга келе алган жок, бирок телефон аркылуу «Клоопко» берген интервьюсунда жогоруда айтылган маалыматты тастыктап, банкттын юристтери мурун эле коркутканын кошумчалады.

Анын айтымында, «Халык Банктын» кызматкерлери митингдер токтобосо кредит алгандарга карата «катуу чаралар» көрүлөөрүн айтып эскертишкен.

«Банктын алдында турсак алардын юристи чыкты. Мага басып келип «жакшылык менен кетпесеңер, катуу чараларды колдонобуз» деди. Мен эч нерсе түшүнбөй эле, кандайча «катуу чаралар»? Эмне сабап кетсиңерби? дедим. Юрист үн чыгарбай басып кетти», — дейт Асскеев.

24-февралда кечки саат сегиздерге митингден келе жаткан Асакеевге кол салышкан.

Назаркулованын айтымында, мындай кадамдар адамдардын «кыжырын келтирип», митингди мындан ары да улантышат. Кийинки нааразычылык акциясыны экинчи мартта Жогорку Кеңештин имаратынын алдына өткөрүшөт.

«Мындай кадамдары менен  кырдаалды ого бетер чыңылыштырышты. Муну менен токтоп калбайбыз. Жума күнү адамдар кайра митингге чыгышат. 20-30 адам эмес, 100-200 гө жакын адам келет», —дейт Назаркулова.

«Банк бир дагы мыйзамды бузган жок»

«Халык Банктын» өкүлү Константин Басков, банкка карата айтылган айыптоолордун баары «негизсиз» дейт.

Банктын бардык операциялары мыйзам чегинде жүргүзүлгөн. Ал эми азыркы кырдаалда, кредит алгандар өздөрү күнөөлү, дейт «Халык Банктын» коопсуздук жана проблемалуу кредиттер бөлүмүнүн жетекчиси Константин Басков.

«Банк мыйзамдын бир да беренесин бузган жок», — дейт Басков.

Константин Басков «Клоопко» берген интервьюсунда митингчилер менен «урушууну» каалабагандыктан, нааразычылык акциясына көңүл бурулбагандыгын айтты.

«Кредит алуучулардын укугун коргоо комитети «кардарларыңарды алдайсыңар, мыйзамдарды бузасыңар» деп канча жолу бизди жамандады. Эгер митинг учурунда алар менен талашып-тартышып кирсек, биздин сөздөрүбүздү бурмалап салышмак», — дейт Константин Басков.

Басков Асакеевге болгон кол салуу жана кардарларды коркутуулар жөнүндөгү айыптоолордун баарын четке кагып, банктын буга тиешеси жоктугун айтты.

«Кылмыш кодексине киргизилген өзгөртүүлөрүдөн кийин «жалган жалаа» үчүн жоопкерчиликке тартуу боюнча берене алынып салынган. Мындай болбогон учурда сотко арыз менен кайрылат элек», — дейт Басков.

Назаркулованын айтымында, азыркы учурда митингчилердин талабынын жарымы аткарылды. Кредит алгандардын кээлерине үйлөрү кайтарылып, кредитти жабуу мөөнөтү узартылды.

Автор: Раим Досункулов

Редактор: Эльдияр Арыкбаев

Которгон: Жаркын Абдыкеримова