Оппозиция Ош шаарында митинг өткөзүп, кайра чогулшубуз мүмкүн деп эскертишти

«Ата Журт» партиясынын лидери Камчыбек Ташиев 25 миң адам катышкан оппозициянын митингин өткөрдү. Митингчилер 4-марттагы Ош шаардык кеңешке шайлоолор «таза» өтпөсө, оппозиция кайра митингге чыгаарын айтышты. Президент Атамбаев оппозиция менен сүйлөшүүлөргө даяр экендигин билдирди.

4-марттагы шаардык кеңешке болгон шайлоолордун алдында Камчыбек Ташиевдин оппозициялык «Ата журт» партиясы жана Адахан Мадумаровдун «Бүтүн Кыргызстан» партиясы митинг өткөрүү үчүн биригишти.

Митингчилердин негизги талаптары — министрлер кабинетинин отставкасы, жаңы Өкмөттүн түзүлүшү жана конституциялык кеңешти чогултуу, дейт Ош шаардык мэриясынын сайтында.

«Эгер талаптарыбыз аткарылбаса, чараларды көрөбүз. Шайлоолордун таза өткөрүлүшүнө бут тоскондор болсо, өзүнө өзү эле жамандык кылат», — дейт «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын лидери Адахан Мадумаров.

Эгер демонстранттардын талаптары 15-мартка чейин аткарылбаса жана 4-марттагы шайлоолор «таза» өтпөсө оппозиция кайра митингге чыгат, деп бийлик өкүлдөрүнө эскертүү беришти.

Митинг жөнүндө кененирээк

Президент Атамбаев УТРКга берген интервьюсунда оппозиция менен сүйлөшүүлөргө даяр экендигин билдирген. Анын айтымында, Ташиев сыяктуу адамдардын парламентте өз ойлорун айта алгандыгы «жакшы».

«Мамлекеттин өнүгүшү үчүн оппозиция керек. […] Саясий талаптарынын болгондугу жакшы»,— дейт өлкө башчысы.

«Чечүүчү шайлоо»

Ош шаарынын мэри Мелис Мырзакматовдун «Улуттар Биримдиги» партиясы  оппозициялык «Ата Журт» жана парламентке өтпөй калган «Бүтүн Кыргызстан» партияларынын колдоосуна ээ.

Анын негизги атаандашы — президенттик социал-демократтар партиясы. Ош шаардын мэри аларды административдик ресурстун колдонулушунда күнөөлөгөн.

КСДП мэрдин сөздөрүн «негизсиз» деп, айыптоолордун баарын четке каккан.

Серепчи Марс Сариевдин айтымында,  азыркы күндө бийлик өкүлдөрү Ош шаарынын мэри Мэлис Мырзакматовду ордунан кетирүүгө аракеттерди жасап жатышат. Бул түштүк шайлоочуларынын наараазычылыгын жаратууда.

«Ош шаардык кеңешке шайлоолор таза өткөн учурда деле, утулган тарап дайыма нааразы болот», — дейт Сариев.

Саясат таануучу Марат Казакпаевдин айтымында, Мырзакматов шаар үчүн көп нерселерди жасады, ошондуктан Ош шаардык тургундарынын колдоосуна ээ.

Казакпаевдин пикиринде, түштүк жергесинде жашаган этникалык өзбектер мэрди колдошпойт. Анткени, алардын көпчүлүгү Мырзакматовду улутчул деп эсептешет, дейт серепчи мырза..

Ош шаарындагы шайлоолор  оппозиция үчүн да, бийлик үчүн да стратегиялык жактан өтө маанилүү, дейт серпчилер.

Казакпаевдин айтымында, Ош шаары «Ата журт» жана «Бүтүн Кыргызстан» сыяктуу оппозициялык партиялардын акыркы чеби болуп калды.

Саясат таануучунун айтымында, бийлик өкүлдөрү административдик ресурс колдонуп баштаса, кырдаал тескөөдөн чыгып кетиши мүмкүн. Анткени, түштүк шайлоочулар Мырзакматовду колдоп келишет.

Авторлор: bstark жана Айдай Токоева

Редактор: Эльдияр Арыкбаев

Которгон: Бермет Абдыкадырова