Милиция кызматкерлери автобуста жол кире төлөөдөн баш тартышты

Патруль кызматынын (ППС) үч кызматкери  автобуста жол кире төлөөдөн баш тартышкан. Мэриянын кызматкери Виктор Портной, бул маселенин ММКларда жарыяланышын каалабагандыгын айтты.

Бул окуяга күбө болгон Мира, ишемби күнү Совет жана Бөкөнбаев көчөсүнүн кесилишинде  жол кире төлөөдөн баш тартып жаткан үч милиция кызматкерин көргөндүгүн айтты.

Милиционерлердин бири айдоочунун «колун бурап» сөгүп жаткан. "Биздин укугубуз бар" деп жол кире төлөбөгөндүгүн түшүндүрүшкөн.

«Айдоочу пенсионерлер, жети жашка чейинки балдар жана биринчи-экинчи группадагы майыптар гана жол кире төлөбөйт деген токтом көрсөткөн. Бирок, милиция кызматкерлери соо эмес болчу», — дейт Мира.

Күбөнүн айтымында, бир убакыттан кийин окуя болгон жерге дагы милиция кызматкерлери келип, кесиптештерин колдоп, алардын мас эместигин айтышкан.

«Милиция кызматкерин медициналык экспертизага алып баралы дедик. Бирок ал макул болбой жатты. Калгандары кесиптешин колдоп, мас эместигин айтып мүнөт сайын ага сагыз берип жатышты», — дейт күбө кыз.

Бишкек шаардык мэриясынын транспорт департаментинин башкы инженери Виктор Портнойдун айтымында, милиция кызматкерлери коомдук транспортто жол кире төлөшү керек. Бирок, алар [милиция кызматкерлери] "төлөөгө макул эмес" деп кошумчалады.

«Мэриянын чечими боюнча, бардык күч структуралары — УКК [Улуттук коопсуздук кызматы], ИИМ [ички иштер министрлиги], армия — баары жол кире төлөшөт», — дейт Портной.

Милиция кызматкерлеринин мындай кадамдары «көптөн бери кайталанып жатат», эми бул маселе өкмөттүк деңгээлде чечилет, дейт мэриянын кызматкери. Мэрия ички иштер министрлигине расмий кат жөнөтөөрүн кабарлады.

Портной «Клоопко» берген интервьюсунда, бул окуянын ММКларда жарыяланышын каалабагандыгын айтты.

Жол кыймылынын коопсуздугун тескөө башкармалыгы бул окуя боюнча кабардар эместигин айтты.

Автор: Зарема Султанбекова

Редактор: Эльдияр Арыкбаев

Урматтуу колдонуучулар, укук коргоо органдарынын кызматкерлери коомдук транспортто жол кире төлөшү керекпи? Эмнеге? Комментарийлериңизди төмөндөгү формада калтырыңыз