Өзгөн районундагы айылдын тургундары шор суу ичишет

Өзгөн районундагы Шагым айылынын жашоочулары жердин астынан каздырган суу шор болуп ден-соолукка "зыян алып келүүдө" деп суу чыгарган ишканага нааразы. Ал эми сууну казган ишкананын башчысы жердин "начардыгын" айтты.

Шагым айылынын жашоочулары дайыма агын суу колдонуп жашашкан. 2010-жылдын аягында айылдын жашоочулары молдо аркылуу араб демөөрчүлөрүн таап, таза суу чыгаруу үчүн 450 миң сом алышкан. Андан сырткары ар бир үй-бүлөдөн 2000 сомдон жыйнашкан.

Бирок жашоочулардын айтымында, жаңы чыгарылган суу туздуу. Жашоочу Мыктаркан Саргалчаева, таза суу жоктугунан 30-40 литр сууну 10 күнгө жеткирүүгө аракет кылат.

"Бизде суунун шордугунан таза сууну башка жактан алып келебиз. Биздеги суу шор суу болгондуктан иче албай кыйналабыз. Мурдагы жылы бир адамыбыз акча чогултуп, суу чыгарса ал да шор суу чыгып калды",—деп Саргалчаева нааразычылыгын билдирди.

Ал эми Буажар Саипованын айтымында, мындай суу ичүүнүн жыйынтыгында ден-соолугу начарлаган.

"Мен мындан эки-үч жыл мурун бөйрөгүмдө таш бар дешкен. Анан операция кылып алдырганмын[..]. [Бөйрөктөгү] таш туздуу, шор суу ичкенибизден пайда болгон дешкен дарыгерлер. Бул айылда көп андайлар [туздуу суудан оруп калгандар]",—деди айыл тургуну.

Бул боюнча Өзгөн районунун Куршаб айылындагы оорукананын үй-бүлөлүк дарыгерлер бөлүмүндөгү мээрман Айнаш Абдыразакова "шордуу суудан оорулар катталган эмес",—деп жооп берди.

"Арзан суу — шор суу"

Ушул эле айылдын активисти Бөрүбай Карабаев "Клоопко" берген маегинде, каражаттын жетишпестигинен атайын "арзан суу" чыгарып берген ишкананы жалдашкандыгын айтты.

"Биз аларды 800 миңге (сом) зорго ынатып алып келген элек. Бирок шор суу чыгарган бойдон кетип калышты [..]. Сууну тынбай агызып турсаңар тазаланып кетет деген. Андай болгон жок",— деп кайгырды айыл активисти.

Таза суу чыкпагандыктан айыл тургундары, суу чыгарган ишканага беш-алты жолу барып кайрылышканына карабастан эч жыйынтык чыккан эмес. Кеткен чыгымды кайтартып алуу максатында Ош облустук финансылык полицияга да арыз жазышкан.

Айылда жер казып суу каналын курган «Манас» ЖЧКсынын жетекчиси Жумадил Мамытов жерде минералдык заттар жана туздар көп болгондуктан суу шор чыгып жаткандыгын айтты.

«Бир милиция барып текшерди, баарын көрдү. Мен кудай эмесмин да жердин астында эмне бар экенин билгидей деп айткам. Мындан да сасык канал суусун ичип жүрүшөт эле элдер",–деп сөзүн жыйынтыктады Мамытов.

Ош облустук финансылык полициясынын кызматкери Алай Досовдун айтымында, бул маселе коррупцияга тиешеси жок болгондуктан алардын мекемеси бул арызды караган жок.

Редактор: Айзат Шакиева