Башкы прокуратура: баланын уурдалышында милиция кызматкерлери шектелүүдө

6 жашар бала милиция участогуна жеткирилгенден кийин жоголуп кеткен. Бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын башкы прокуратурасы милиция кызматкерлерине карата кылмыш ишин козгоду. Ички иштер министрлиги (ИИМ) тергөө иши бүтмөйүнчө комментарий берүүдөн баш тартты.

Башкы прокуратуранын айтымында, алты жаштагы баланын уурдалышында ИИМдин кызматкерлери шектелүүдө.

Милиция кызматкерлери кылмыш кодексинин «адамды уурдоо, кызматтык абалын кыянаттык менен колдонуу» беренелери боюнча күнөөлөнүп жатат.

"2012-жылдын 20-февралында  "С.Р" жана "Х.Р" жарандарын милиция участогуна жеткирилген. Мындан сырткары, ИИМдин кызматкерлери балдар укуктары боюнча адистерди чакырбай  жашы жетет элек "С.О"ну дагы камакка алгандыгы иликтөөнүн жыйынтыгында белгилүү болду", дейт прокуратуранын расмий сайтында.

Прокуратуранын маалыматы боюнча, бала ИИМдин имаратынын ичинде калган. Баланын кайда экендиги азыркыга чейин белгисиз.

Баласы жоголуп кеткен Рустам Султановдун адвокаты Бакай Албанов «Клоопко» берген интервьюсунда, Рустам болгон күчүн жана аракеттерин күнөөлүүлөрдү жазалоо эмес, баласын издөөгө жумшап жатат дейт.

«Баланын эмоционалдык, психологиялык абалы жана ден-соолугуна кабатырланып жатабыз. Азыркы күндө бул эң негизгиси, калгандардын баары — экинчи орунда»,  дейт адвокат.

Бири-бирине төп келбеген маалыматтар тарап жатат  бир маалымат боюнча Осман 22-февралда  Казакстанга чыгарылып кеткен, экинчи маалымат боюнча ал азыркы күнгө чейин Кыргызстанда, дейт адвокат.

«Биздин маалыматтар боюнча, баланын апасы азыркыга чейин Кыргызстанда, жашынып жүрөт. Кайда экенин азырынча билбейбиз, аныктап жатабыз»,  дейт адвокат.

Укук коргоочу Олег Казаковдун айтымында, Султанов баланын апасы менен байланышууга аркеттенген. Баланын апасы Казакстандын жараны, телефон чалууларга жооп бербей жатат.

Казакстанга кайрылуу жиберилген, бирок алардан келген жооп боюнча Османдын апасы азыркыга чейин Кыргызстанда, деп Казаков кошумчалады.

Укук коргоочунун айтымында, шаардык милиция башкармалыгы «баланы уурдалышы" жөнүндө мурунтан эле билген, анткени жетекчилик мындан кабардар болбосо милиция мындай кадамдарга барбайт эле.

ИИМдин басма сөз катчысы Рахматилло Ахмедов бул маалыматты тастыктап, тергөө иши бүткөндөн кийин гана ИИМ комментарий бериши мүмкүн деп жооп берди.

Баланын уурдалышы

Адвокат Бакай Албановдун айтымында, баланын уурдалышында Султановдун мурунку аялы шектелип жатат. Алар 2011-жылы ажырашып кетишкен. Султановдун оюнда, аялы милиция кызматкерлерин жалдап, уулун чет мамлекетке чыгарып кетти.

Баланын ким менен калышы жөнүндө сот угуулары боло элек. Адвокаттын айтымында, сот Казакстандын мыйзамдары боюнча өтсө баланын апасы менен калуу мүмкүнчүлүктөрү жогору.

«Биздин сот система жете албагандай кылып, Казакстанга алып кетти деп ойлоп жатабыз. Эгер сот иши Казакстанда өтсө, далилдеп берүү оор болот», — дейт адвокат.

Укук коргоочу Олег Казаковдун айтымында, Асман окуган мектептин жанынан милиция кызматкерлери Султановду уулу менен кошо камакка алып, Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгына жеткиришкен (БИИБ).

БИИБке жеткирилгенден кийин Султановдон уулун алып кетишкен.  Азыркыга чейин Асман каякта экени белгисиз, деп Казаков маалымдады.

Автор: Зарема Султанбекова

Редактор: Эльдияр Арыкбаев