«Улуттар биримдиги»: БШК мандаттарды туура эмес эсептеди

Ош мэринин Мелис Мырзакматовдун "Улуттар Биридиги" партиясынын эсеби боюнча, шайлоонун жыйынтыгында 23 мандатка ээ болгон. Бирок БШК "20-21 мандат берилет" деп маалымат таркатып жаткандыгына партия нааразы. Ал эми БШК бул боюнча расмий түрдө маалымат бүгүн чыгараарын билдирди.

"Улуттар Биримдиги" партиясынын өкүлү Нуркыз Кадырбек кызы 13-мартта берген маалыматтык жыйында, айрым массалык маалымат каражаттары аркылуу борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) "Улуттар Биримдиги" партиясына болжолдуу 23 мандаттын ордуна 21 мандат берилет деп жарыялай башташкан.

"Биз борбор коммисиясынан суранабыз болгону бизге 23 мандатты берип коюңуздар",—деп айтты Кадырбек кызы.

Ошондой эле мыйзам боюнча талаштуу мандаттар эң көп добуш алган партияга берилиши керек деп кошумчалады ал.

Ушул партиянын жаш өкүлү Сонунбек Жунусбаев болсо, мандаттар БШК тарабынан "туура эмес" эсептелинип жаткандыгынан шайлоочулар партиянын штабына келип мөөнөтсүз митинг өткөрөбүз деп жаткандарын айтты.

"Эгерде бийлик ашыкча тополоңду каалабаса, тынчтык жолу менен чечиш керек. Биз ошол шайлоочуларыбыздын ар бир добушун коргоого милдеттүүбүз",—деди Жунусбаев маалымат жыйынында сүйлөгөн сөзүндө.

Мырзакматовдун партиясы баардык участкаларынын эсеби менен кошо шайлоо күнү 47,35 пайыз добуш алып жергиликтүү кеңешке биринчи орун алган.

Азыр борбордук шайлоо комиссиянын расмий сайтында «Улуттар Биримдиги» 43,46 пайыз добушу бар.

Мандаттар расмий түрдө аныкталат

БШКнын маалымат бөлүмүнүн кызматкери Болот Жумалиевдин "Клоопко" берген маегинде, жергиликтүү шайлоонун жыйынтыктары чыгып, бирок БШК төрагасы бүгүн 14-мартта жарыялаарын билдирди.

Шайлоого катышкан шайлоочулардын добушу 45 мандатка бөлүнөт. Андан чыккан санга добушу жеткен партия бир мандатка ээ болот. Ошондой эле ашып калган талаштуу мандаттар кайсы партиянын калдык сандары көп болсо ошого ыйгарылаарын түшүндүрдү.

"Ашып калган эки мандат мыйзамдын 56 беренесинде 2 пунктунда жазылган. Мисалы, жөн гана айталы кайсы бир партия 5,97 мандат алса, 97 көп болуп жатпайбы ошол партияга кетет",—деп айтты Жумалиев.

Шайлоодо экинчи жана үчүнчү орун алгандар "Республика" жана социал-демократтардын партиялары да комиссиянын жыйынтыгын колдошууда.

Оппозициялык партиялар «Ата-Журт» жана «Бүтүн Кыргызстан» «Улуттар Биримдиги» партиясын колдошууда. Ал эми КСДП жана «Республика» парламенттик коалициянын өнөктөштөрү болуп эсептелинет.

Редактор: Айзат Шакиева