Өкмөттүн отставкага кетишин талап кылып оппозиция Баткенде митинг өткөрөт

«Ата Журт» жана «Бүтүн Кыргызстан» партиялары Өкмөттүн отставкага кетишин жана 1993-жылдагы Конституциянын кайтарылышын талап кылып жатышат. Оппозициялык партиялар 31-мартта Баткенде кайрадан митингге чыгышат.

«Ата Журт» партиясынын лидери Камчыбек Ташиевдин басма сөз катчысы Нургазы Анаркулов, 31-мартта оппозиция Өкмөткө каршы  кайрадан митингге чыгууну пландаштырып жаткандыгын айтты.

«Оппозициянын лидерлери чогулуп, кеңешип 31-мартта Баткен облусунда митинг өткөрүүнү чечишти. […] Баткенде да нааразы болгондордун саны көп», — дейт Анаркулов.

Анын пикиринде,  1-марттагы митингде айтылган талаптардын аткаруусу үчүн  оппозиция Өкмөткө «дагы бир мүмкүнчүлүк» берүүнү чечти. Эскерте кетсек, 1-марттагы митингде оппозиция өкүлдөрү Өкмөттүн отставкага кетишин жана 1993-жылдагы Конституцияга кайтып келүүнү талап кылышкан.

Анаркулов оппозиция жаңы талаптарды коёрун айтты, бирок кандай талаптар экенин тактаган жок. «Митингде угасыңар» деп чектелди.

«Эгер 31-мартта боло турган митингдеги талаптар аткарылбаса, мындай нааразычылык акциялар республиканын ар бир бурчунда өтөт», — дейт Ташиевдин басма сөз катчысы.

Өкмөттүн маалыматтык саясат бөлүмүнүн жетекчиси Султан Каназаровдун айтымында, оппозициянын сунуштарын жана талаптарын угууга өкмөт дайыма даяр. Бирок, азырынча бул партиялардан эч кандай сунуш түшкөн жок, дейт басма сөз катчы.

«Өкмөттүн отставкасын талап кылып жаткандар, эмне себептерден мындай талаптарды коюп жаткандыгын түшүндүрүшкөн жок», — дейт Каназаров.

Өкмөттү отставкага кетирүү маселесин эмнеге оппозиция парламентте көтөрүп чыккан жок, дейт Каназаров. Анткени, Өкмөттү отставкага кетирүүнүн бул «жалгыз мыйзамдуу жолу».

«Өкмөттүн отставкага кетишин эмне себептерден талап кылып жаткандыгын түшүндүрүп бериш керек да. Ал эми оппозициянын парламентке түшүндүрүп бере турган олуттуу себептери жок болгондуктан, мындай демилгени парламентте эмес, көчөлөрдө-митингдерде кыйкырып жатышат", — дейт Каназаров.

Президент Алмазбек Атамбаев оппозиция менен «сүйлөшүүлөргө даяр экендигин» айткан. Анын айтымында, Ташиев сыяктуу адамдардын парламентте өз ойлорун айта алгандыгы «жакшы».

«Мамлекеттин өнүгүшү үчүн оппозиция керек. […] Саясий талаптарынын болгондугу жакшы»,— дейт өлкө башчысы.

4-марттагы жергиликтүү кеңештерге болгон шайлоолордун «таза өтүшүн» талап кылып, «Ата Журт» жана «Бүтүн Кыргызстан» партиялары 1-мартта митинг өткөрүшкөн.

Оппозиция өкүлдөрү Ош шаарыны мэри Мелис Мырзакматовдун партиясына колдоо көрсөтүшкөн. Шайлоо жыйытыктары боюнча мэрдин «Улуттар Бирмдиги» партиясы биринчи орунду ээледи, бирок күтүлгөн көпчүлүк мандаттка ээ болбой калды.

Эгер оппозициянын талаптары 15-марттка чейин аткарылбаса, оппозиция «чара көрө баштайт, дейт «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын лидери Адахан Мадумаров. Кандай чаралар көрүлөөрүн, Мадумаров тактаган эмес.

Редактор: Эльдияр Арыкбаев

Которгон: Бермет Абдыкадырова