Ноокаттын аксакалдар кеңеши: колукту үчүн эки таңгак пахтадан көп эмес

Ош облусунун Ноокат районунун аксакалдар кеңеши жаштардын кымбат үйлөнүү тойлору ашыкча чыгашаларды алып келет дейт. Ноокат районунун тургундары аксакалдар кеңешининин чечимин колдошот.

Ноокаттын аксакалдары айылдык чогулушта үйлөнүү тоюна кеткен «ашыкча» чыгымдарды кыскартууну чечишти.

Чогулушта кабыл алынган жобо боюнча – калыңды 50 миң сомдон, төрт кой жана эки таңгак пахтадан көп бербөө сыяктуу чектөөлөр киргизилди.

Аксакалдардын чечими боюнча кыздын себинде ашыкча килем, жууркан-төшөк жана кымбат эмеректер болбош керек.

Алар төрт унаадан көп болгон кортеждер да ашкыча чыгымдарга алып келет деп, джип, лимузин жана «Хаммер» үлгүсүндөгү авто унаалар болбош керек, деген чечим чыгарышты.

Аксакалдардын айтымында, үйлөнүү-үлпөт тою төрт сааттан узак эмес жана алкоголдук ичимдиктерсиз өткөрүлүшү зарыл.

Жаштардын ЗАГСта каттоо өтүүдөн мурун «нике кыйдыруу» салтын өткөрүүсү туура эмес, дейт аксакалдар.

Акимиат аксакалдарды колдойт

Ноокат районун акиминин орун басары Жумагүл Ураимова, айылдык чогулушта кабыл алынган аксакаладарын чечимин акимиатта да колдоп жатканын айтты.

Анын оюнда, аксакалдар айыл тургундарына жардам берүү үчүн мындай чечим кабыл алышты.

Жаштар, үйлөнүү тоюн уюштурабыз деп «карызга батышат», анан «жылдап» карызынан кутула алышпайт, дейт Ураимова.

Ал эми убакыттын чектелиши боюнча акимдин орун басары «төрт саат» үйлөнүү тоюу үчүн жетиштүү деген пикирде.

«Жаштарды тойлорун алкоголсуз өткөрүүгө чакырабыз, анткени алар мас болуп алып, баш аламандык туудурушат», – дейт Ураимова.

Акимдин орун басары 5-апрелде кабыл алынган жобону Ош облусунун башка райондоруна жайылтуу маселесин талкуулоо үчүн айыл тургундарды дагы бир чогулуш өткөрүүнү пландаштырып жаткандыгын айтты.

Жакында үйлөнүүгө камданып жаткан Ноокат районун тургуну Кайым Токтосунов аксакалдардын чечимин колдоп жатат.

«Эмне үчүн кымбат той өткөрүш керек? Жөнөкөй эле авто унаа болот, джип[…]билесизби канча акча турат? Болжолдоп алганда машина 500 доллар турат, бир ай иштеген маянаң – 250 доллар», – деп Токтосунов тойдун чыгымдары айлык акынын өлчөмү менен төп келбегендигин белгилеп өттү

Кымбат үйлөнүү тойлорду өткөрүү салтын «жоюуу керек» деген пикирде.

Нооокат районунун дагы үч тургуну «Клоопко» берген интервьюсунда аксакалдардын чечимин колдогондугун айтышты.

Аксакалдардын чечимине каршы чыккандар

Аксакалдардын чечимин «Дизель» форумунун колдонуучулары арасында катуу талкуу жаратып, мындай чечимге каршы чыккандар да болду.

«Балким жаштар канча акча коротоорун өздөрү чечишет?Алар үйлөнүп жатышат го,силер [чечимди колдоп жаткан колдонуучулар] аксакалдар менен эмес да», – деп кыжырданат satka лакап атындагы форумчу.

Форумдун дагы бир колдонуучусу mr.NikiProf, мүмкүнчүлүгү бар болсо каалагандай той өткөрө беришсин дейт.

«Күндө эле үйлөнө беришпейт да! Үйлөнүү тою – сүйүүнүн жана бакыттын символу. Жаштар өмүр бою эстей турган көз ирмем», – дейт mr.NikiProf.

Форумчу adjaiyp аксакалдын бул чечимин «заманбап эмес» десе, 10.10.10 лакап атындагы колдонуучу мындай чечимди адам укуктарын бузгандык деген көз карашта.

«Бүгүн тойлорго тыюу салды. Эртең эле ошол айылдыктар башка нерсеге карыз алганы барышат», – дейт 10.10.10 колдонуучусу.

Аксакалдардын чечими юридикалык күчкө ээ эмес

Укук коргоочу Нурбек Токтакунов, каада-салт маселелери аксакалдардын «компетенциясында» болгонун айтып, алардын чечимин колдоорун айтты.

Адам укуктары эч бир жерде бузулбай эле, дейт укук коргоочу. Аксакалдардын чечими юридикалык күчкө ээ болбогондуктан, ар ким тойлорду каалагандай өткөрө беришсин.

«Каада-салт жана үрп-адаттар укук-ченемдик нормалар менен жөнгө салынбайт […]. Ар ким каалагандай каражат корото берсин», – дейт Токтакунов.

Автор: Алексей Ким

Редактор: Зарема Султанбекова

Которгон: Айсулуу Кокоева

Сүрөт: youtube.com сайтындагы 2108sultan колдонуучусунун видеоролигинен алынган скриншот.