Кыргызстандык режиссер Нью-Йорк шаарында кинотасма тартат

Режиссер Руслан Акуновдун «Салам, New York» аттуу кинотасмасынын бет ачары жылдын аягына пландаштырылган. Фильмди жаратуучулар киного тартуу үчүн канча каржат кетээрин билишпейт, бирок бардык актерлорго Нью-Йоркко жол киресин жана гонорарды төлөп беребиз дейт.

«Салам, New York» – Кыргызстандык жаштардын жашоосунан алынган чыныгы окуялардын негизинде тартылат. Нью-Йорк шаарынын Манхэттен жана Бруклин райондорунда тартуу пландаштырылган.

Тасма жеке ишкер Нурбек Айбашев жана Акунов тарабынан каржыланат. Керектүү каражаттын суммасы азырынча белгисиз.

Мындан сырткары актерлордун Нью-Йоркко жол киреси, азык-түлүгү жана жашаган жери да төлөнүп берилет, дейт режиссёр. Албетте, актерлор гонорарсыз да калышпайт.

Авиакомпаниялардын биринин маалыматы боюнча, кино тартуучу топ жана актерлорду Нью-Йоркко жеткирүү 42 миң АКШ долларын чапчышы мүмкүн.

Акунов Айбашевдин кино тартууга демөөрчүлүк кылуунун себеби, сценарий ишкерге өзүнүн жашоосундагы окуяларды эске түшүргөндүгү болду дейт.

Тасманын сюжети боюнча кыргызстандык жаш жигит «келечекке болгон жакшы үмүттөрү» менен Нью-Йоркко тууганыныкына келет. Бирок аны эч ким тосуп албай, жигит чоң шаарда, жалгыз, акчасыз калып калат.

Жигит өзүнүн сүйүүсүнө жолугат. Акуновдун айтымында, төшөк сахналары болбойт.

Сюжетти дагы деталдуу айтып берүүдөн баш тартты.

«Нью-Йоркто студент болуп жүргөн кезимде, баарын жоктон баштаган адам жөнүндө кино тарткым келчү. Мекениме кайтып келип, окубай жүргөн жаштарга күбө болдум. Атайын ошолорго акылдуу болуу — ийгиликке жеткирет, дегенди көрсөтүү үчүн тасма тарткым келди», — дейт Акунов.

Тасма кыргыз жана англис тилинде тартылат, андан соң орус тилине которулат.

Азыркы күндө режиссер жаш жигит-кыздар үчүн он-лайн кастинг жарыялады.

«Каармандар көп болгондуктан, америкалык, кыргызстандык жана КМШ өлкөлөрүнөн актерлор катышат. Массовкага актерлорду ошол жерден алабыз», — дейт Акунов.

Режиссердун айтымында кино тартууга даярдыктар бир жарым ай, ал эми тасманын өзүн тартуу бир ай болоору пландаштырылууда.

Кырызстандык тасмалар мурун эле чет мамлекеттерде тартылып келген, бирок Нью-Йоркко режиссерлор биринчи жолу аттанып жатат.

Акунов — «Бишкек, мен сени сүйөм» тасмасынын жаратуучуларынын бири

Руслан Акунов Нью-Йорктогу визуалдык искусство мектебинин бүтүрүүчүсү жана «Бишкек, мен сени сүйөм» тасмасынын жаратуучуларынын бири. Кинотасма «Супер-Инфо» гезитинин версиясы боюнча «2011-жылыдын мыкты тасмасы» наамына татыган..

Интернет-колдонуучулар арсында «Бишкек, мен сени сүйөм» тасмасы катуу талкуу жараткан.

«Кино – бул кесип. Каалоодон башкада кесибиңдин негиздерин түшүнүп, сезишиң керек. Тасма – чийки деп айтуу, эч нерсе айтпагандык десек болот», – дейт «Фейсбук» коомдук тармагынын колдонуучусу MarioShumoff.

Ал эми Azim Azimov ордо калаа жөнүндөгү тасма боюнча жакшы бааларын берди.

«Жалпысынан алганда — Бишкекти мынчалык көрктүү, кооз көргөн эмесмин. Башкалардын бул чыныгы Бишкек эмес деген пикири мен үчүн баары бир. Кир подъезддер, таштандыларга толгон көчөлөр, жарды жаңы конуштар — жашоомдо жетиштүү эле», — дейт.

«Кээ бир сахналар ашыкча эле апыртылган, эмне биздин шаарда баары эле айфон көтөрүп жүрөбү? Тасмада сүйүү көрсөтүлгөн, бирок акчага болгон сүйүү көбүрөөк берилип калган», — дейт колдонуучу.

Дагы бир колдонуучунун айтымында, «Бишкек, мен сени сүйөм» тасмасынын жаратуучулары эбегейсиз иш кылышты.

Автор: Эльвира Акимова

Редактор: Зарема Султанбекова

Которгон: Айсулуу Кокоева