«Кыйноолордон» кийин шал болуп калган туткун ооруканага которулду

Кыйноолордон жана инсульттан кийин шал болуп калган Абдрахман Мамаяров №47 колониядан Улуттук ооруканага которулду. Тамактана албай жана табигый керектөөлөрүн канаатандыра албай калган. Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы кыйноолордун колдонулгандыгын четке какты. Укук коргоочулардын айтымында, Мамаяровдун денесинде уруп-согуулардын издери бар.

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) жетекчилиги «кыйноолордон» шал болуп калган Абдрахман Мамяровду 11-апрелде улуттук ооруканага которду.

Ага биринчи топтогу майыптык берилген.

«Сокулук райондук соту Мамаяровду колониядан ооруканага которуу арызы менен кайрылган», – дейт ЖАМКтын басма сөз катчысы Александр Никсдорф.

Мамаяров мамлекеттик укук коргоочулар менен болгон жолугушууда ЖАМКтын кызматкерлери тарабынан болгон кыйноолор жөнүндө айткан.

Жүргүзүлгөн соттук-медициналык экспертиза «кыйноолордун» изин таба алган эмес.

Бирок «Эркиндик үнү» укук коргоо уюмунун юристи Асель Койлубаева экспертиза «компетенттүү» өткөн жок деген пикирде.

«Жүзүндөгү, мурду, чекесинде айыгып жаткан тырыктарды, бутундагы жаракаттарды өз көзүм менен көргөм», – дейт Койлубаева.

ЖАМКтын медбөлүмүнүн жетекчиси Акылбек Асанов, кызматкерлер тарабынан угуп-согуулар жөнүндө биринчи жолу угуп жаткандыгын айткан.

Жаза өтүү шарттарынын өзгөрүшү

«Эркиндик үнү» уюмунун кызматкерлери Мамаяровдун жаза өтүү шарттарын өзгөртүү боюнча Сокулук райондук сотуна кайрылышкан.

«Улуттук ооруканада шал болуп кыйымылдай албай, колу кишенелип турганына карабастан дайыма конвой алдында турат», – дейт «Эркиндик үнү» уюмунун юристи Асель Койлубаева.

Мамаяровдун ден-соолугу алгач 15-мартта начарлаган, медициналык изилдөө инсульттун белгилерин таба алган эмес.

ЖАМКтын кызматкерлери аны «симуляциялап» жатат деп, аны тескөөгө алышкан.

Мамаяровдун ден-соолгуну 19-мартта кескин түрдө начарлап кетип, ЖАМКтын кызматкерлери тез жардам чакырышкан.

Эртеси ал №47 колониянын ооруканасына которулду.

Мамаяров каракчылык жана контрабанда беренелери боюнча айыпталып жатат.

Автор: Азиза Кожонбердиева

Редактор: Эльдияр Арыкбаев