Ош базарынын айланасындагы сатуучулар «Беш Сары» комплексинин сакчылары менен мушташа кетишти

Ош базарынын жанындагы «Беш Сары» соода комплексинин айланасында соода кылган соодагерлер «Беш Сары» комплексинин сакчылары кол салды деп билдиришүүдө. Комплекстин ээси Камчыбек Жолдошбаев соодагерлер өзүлөрү сакчыларды көкүтүп жатышат деп айтууда.

Соодагерлердин мушташы денесине жаракат алуу жана башка залал келтирүүлөр менен аяктады. Соодагерлер Ош базарынын территориясында жайгашкан «Беш Сары» соода комплексинин сакчыларын кол салды деп күнөөлөшүүдө.

Соодагерлердин айтканы боюнча сакчылар комплекстин ээси Камчыбек Жолдошбаев менен чогуу келип алышып, Киевский жана Бейшеналиева көчөлөрүн кеңейтүү иштерине жолтоо кылбашын талап кылып, кубалай башташкан.

Соодагер Майрамгуль Садирова ал товарларын жайып жатканда аны Жолдошбаев келип, тээп жиберген деп билдирди.

«Эртең экспертизага барабыз. Биз РИИБге [Райондук ички иштер бөлүмү] арыз менен кайрылганбыз. Ал такай келип алып, бизди сөгөт, тилдейт. Кемсинтет», — дейт Садирова.

Соодагер Чинара Латипова ишкерлер менен «Беш Сарынын» сакчылары мушташып жатканда ажыратканга аракет жасап жатса аны базардын сакчысы сүйрөгөнгө аракет жасады деп арызданды.

«Жолдошбаев келди да, сакчыларга мени «подвалга сүйрөгүлө» деп айтты. Алар мени сүйрөп баратышкан, ошол маалда милициялар келип, мени алардан бөлүп кетишти. Милиция болду, алар бизге жардам беришти», — дейт Латипова.

Мушташтан жабыр тарткандар Ленин районунун РИИБине арыз жазышты. Аларды ким жана канчалык деңгээлде ургандыгын тастыкташ үчүн судмедэкспертизага жөнөтүштү.

«Алар өздөрү мушташканга көкүтүшөт»

«Беш Сарынын» ээси Камчыбек Жолдошбаев баардык күнөөлөөлөрдү жокко чыгарып, ал уруш кезинде жок болгондугун айтты. Анын сөзү боюнча сатуучулар өздөрү сакчыларды көкүтүп, мушташтарды башташат.

«Мен ал кезде Ош базарында болгон эмесмин. Алар менен бетме-бет кездешкен эмесмин, ал жерде менин балдарым жүргөн, алар тигилерге бул жерде ремонт болот, кеткиле деп айтышты», — деп түшүнүк берди Жолдошбаев.

Комплекстин ээсинин сөзү боюнча ишкерлерге базардагы башка сатуу орундарын сунушташкан, бирок алар кымбат ижаралык төлөмгө шылтап баш тартышкан.

Ленин районунун ички иштер башкармалыгы запкы көргөн сатуучуларды денеге келтирилген залаканын оордугун текшертиш үчүн аларды судмедэкспертизага жиберди.

Ош базарынын сатуучулары парламенттин имаратынын алдына бир нече жолу нааразычылык билдирип чыгышкан. Акыркы каршылык акцияларынын биринде алар эгер алардын сатуу орундарынан ажыратышса алар «миңдеген адамдар чыккан митинг» уюштурабыз деп коркуткан.

Авторлору: Светлана Пак жана Евгений Погребняк

Редактор: Эльдияр Арыкбаев

Которгон: Айсулуу Көкөева