ИИМ: курман болгон милиционердин аялына «убада кылынган» үй үчүн акча жок

Өткөн, 2010-жылда Кыргызстандын түштүгүндөгү этникалык коогалаңда каза болгон Патрулдук кызматтын кызматкеринин аялы мамлекет «убада кылган» үйдү талап кылып жатат. Жесир аялга берилген убаданы аткарууга ички иштер министрлигинин (ИИМ) азырынча акчасы жок.

Жалал-Абадда курман болгон Кыялбек Бегалиевдин аялы Назира Оторбаева, мамлекет «убада кылган» үйдү ала электигин жана эки баласы, ата-энеси менен ижарага алынган үйдө жашаарын билдирген.

«Атамбаев курман болгондордун туугандарынын баарына жабыр акы жана үй берем деп убада берген. Акчаны, миллион сом, алдык, бирок үйдү алиге чейин бере элек», – деди Оторбаева.

Бегалиевдин аялы Коргоо министри Зарылбек Рысалиевдин кабылдамасына киргенге аракет кылганын, бирок аны кабыл албай койгонун кошумчалап кетти.

ИИМдин финансы-чарбалык башкармачылыгынын башчысы Улан Ниязбеков Бегалиевага 1 миллион 200 миң сом жабыр акы төлөнгөнүн айткан.

Азыр Ниязбековдун сөзү боюнча ведомство жесир аялга үй издеп жатышат.

Ал ошондой эле Бегалиева алып жаткан «жеткиликтүү» пенсия «жашаганга жетет» деп белгилеп кетти.

Фотосүрөттүн автору: «Фликр.ком» сайтынын колдонуучусу ЗАВХОЗ

Автору: Раим Досункулов

Редактор: Зарема Султанбекова

Которгон: Айсулуу Көкөева