Жалал-Абад: Жаңы-Арык айылынын тургундары таза суусуз калды

Жаңы-Арык айылындагы нөшөрөлөп жааган жамгыр таза суу келүүчү каналды агызып кеткен. Азыркы күндө айыл тургундары арыктан кир суу алып, тундуруп ичип жатышат. ӨКМ тазалоо иштерин жүргүзүүгө жетишпей жаткандыгын кабарлады.

Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Жаңы-Арык айылында апрелдин аягында жүргөн сел ташкындары таза суу алып келүүчү каналды агызып кеткен.

Айыл башчы Тагайбек Дүйшеевдин айтымында, айыл тургундары каналды өз күчү менен жаңы эле тазалап бүтсө, 7-майда жааган жамгыр кайрадан каналды агызып кеткен.

«Жамгырдан суу келүүчү лотоктор агып кеткен, аларды оңдоп, жаңы эле бүтүрсөк , кайра агып кетти», — дейт айыл башчы.
Азыркы күндө 350 үй-бүлө 15 күндөн бери таза суусуз, дейт Дүйшеев.

Тургундар арыктан суу алып келип, тундуруп ичип жатышкандыгын кошумчалады.

Жаңы-Арык айыл кирген Шайдын айыл өкмөтүнүн башчысы Ишенбай Акинбаев тазалоо иштеринин 85 пайызы бүтүп калганда, кайрадан сел ташкыны жүрүп кеткендигин айтты.

Айыл тургуну Кубанычбек Барбиев, суунун жоктугунан талаалардагы эгиндер «куурап» калганын айтып кейиди.
Бактыкан Дүйшеева да айылдашынын пикирине кошулду.

«Коңшу, Жаңы-Турмуш айылынан суу алып келип жатабыз [...] Айыл өкмөт көчүп кеткен жерлерди тазалап жатат. Эккен огороддор суу ичпей жатат. [...] Биз болсо арыктан эле алып, ичип жатабыз», — дейт Дүйшеева.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан «эч жардам көрсөтүлбөй жатат» дейт Шайдан айылдык окуругунун депутаты Кадырбек Эрмеков.

Ал эми Жалал-Абад облусундагы өзгөчө кырдаалдар министирлигинин ыкчам кызматкери Шарипмамат Абдулаевдин айтымында учурда ӨКМдин кызматкерлери тазалоо иштерин жүргүзүүгө жетишпей жатат.

Жаздын келиши менен Кыргызстандын түштүк аймактарында сел ташкындары да башталды.

Автор: Гүлзара Бакаева

Редактор: Улугбек Акишев

Сүрөт: ӨКМнын сайтынан алынды