Сот укук коргоочулардын абактагы аялдар тууралуу маалымат алуусуна уруксат берген жок

Укук коргоочулар Малекеттик жаза аткаруу кызматынан абактагы аялдар тууралуу маалыматтарды ала алышкан жок. Бишкек райондор аралык соту бийликтин маалыматтардын жашыруун экендиги тууралуу далилдерин «негиздүү» деп тапты. Укук коргоочулар соттун чечимине даттанганы жатышат.

Бишкек райондор аралык сот 23-май күнү Малекеттик жаза аткаруу кызматынын пайдасына чечим чыгарды. Сот Жыргалбек Нурунбетов абактагы аялдар жөнүндө маалыматтын жашыруун экендиги тууралуу дадилдерди негиздүү деп тапты.

«Демократия жана жарандык коом үчүн коалициясынын» укук коргоочулары үстүбүздөгү жылдын январь айында мамлекеттик жаза аткаруу кызматынан Кыргызстандын абактарында отурган аялдар тууралуу маалымат берүүсүн суранышкан.

Эки жумалык мөөнөт өткөндөн кийин укук коргоочулар Конституциянын 33-беренесине таянып аталган мамекеттик кызматты сотко беришкен. Аталган беренеде ар бир кыргызстандыктын мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарынын карамагындагы маалыматтар менен таанышуусу кепилдикке алынган.

Бирок сот муну менен макул болгон жок.

«Бишкек райондор аралык соту [...] «Демократия жана жарандык коом үчүн коалициясынын» доо талаптарын четке кагууну чечти, сот чечимине даттанууга болот», — деп Нурунбетов соттун өкүмүн окуп жатты.

Соттук отурумдун жүрүшүндө Малекеттик жаза аткаруу кызматынын жашыруундук режими боюнча улук инспектору Светлана Кононова сотко болжол менен абактагы аялдар тууралуу маалыматты жашыруун кармоонун себептеринин түшүндүрмөсү жазылган «жашыруун буйрукту» сунган.

Укук коргоочуларга да, кабарчыларга да сотко көрсөтүлгөн документтин мазмуунун аныктоого мүмкүнчүлүк болгон жок.

Малекеттик жаза аткаруу кызматынын өкүлү Жыргалбек Толомушев бүгүн мамлекеттик органды укук коргоочуларга жөнөкөй почта менен жооп жибергенин айтып, сотко мекемеден чыккан документтердин тизмеси катталган журналды көрсөттү.

«Коалициянын» юристи Тимур Арыков эч кандай жооп албагандыгын айтып, жоопту «тийиштүү түрдө» жөнөтүүнү суранды.

Мындан сытркары юрист «Коалиция» соттун чечимине жогоруда турган инстанцияга даттанарын кошумчалап, суралып жаткан маалымат жашыруун болбош керек деп билдирди.

Толомүшев мамлекеттик органдын жашыруун болбогон маалыматтарды укук коргоочуларга берүүгө даяр экендигин билдирди.

Акыркы ай ичинде укук коргоочулар мамлекетке каршы эки соттук ишти жеңип алышкан:

Алардын бирөө Караколдогу убактылуу кармоо изоляторуна каршы соттук иши. Анда сот изоляторду Камиль Рузиевге кыйноолорго каршы күрөшүү боюнча маалыматтарды берүүгө милдеттендирген эле.

Кийинкиси – укук коргоочулардын жумушка келбеген депутаттардын аттарын жарыялоо тууралуу парламентке каршы соттук иш болгон.

Сүрөттүн автору: Евгений Погребняк

Которгон: Нураида Абдыкапар кызы