Муфтийди мыйзамсыз халал-сертификаттарды берүүдө айыпташты

Муфтияттын алдындагы Ислам борбору муфтий Чубак ажы Жалиловду ислам принцитерин бузуганда шектүү компанияга мыйзамсыз түрдө «Халал» сертификатын бергендигинде айыптады. Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармасы бул маалыматты четке какты.

Кыргызстандын «Халал» стандарты боюнча техникалык комитетинин башчысы Камчыбек Өмүрзаков Жалилов «Аброй» колбаса өндүрүүчүсүнө «Халал» сертификатын «мыйзамсыз түрдө» бергенин билдирген. Анын айтымында «Аброй» компаниясы өзүнүн продукциясына АКШнын тоок этин кошот, бул исламдагы тамак-аш тыюуларына каршы келет.

Ошондой эле, Өмүрзаков «Халал» стандарты боюнча техникалык комитетинин гана мындай сертификат берүүгө укугу бар экенинин кошумчалады.

Анын айтуусу боюнча, «Аброй» компаниясы 2010-жылы техкомитеттен «Халал» сертификатын алган, бирок текшерүүнүн натыйжасында, исламдык тамак-аш нормаларында мүмкүн болбогон АКШдан келген тоок эти табылгандыктан, комитет сертификатын алып койгон.

Андан кийин Жалилов аталган фирмага эки ирет документ берген. Ага Өмүрзаковдун айтуусу боюнча, муфтийдин укуктуу эмес.

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармасынын басма сөз катчысы Максат Мамбеталиев Ислам борборунун айыптоолорун жокко чыгарды. Мүфтияттын билдирүүсү боюнча, «Халал» сертификаты «биринчи иретте» КМДБ тарабынан берилүүсү керек.

«Бизде Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык ыктыярдуу сертификаттарды жалгыз гана мекеме бериши керек деген нерсе жок», — деди Мамбеталиев.

Ошондой эле, ал Өмүрзаковду сертификаттарды берүүдөгү коррупцияда айыптады. Мамбеталиевдин айтуусу боюнча сертификат бергендиги үчүн Мамбеталиев акча талап кылат.

«Бул адамдын [Камчыбек Өмүрзаковдун] уюмдар менен бир нече келишпестиктери болгон, алар ан сертификациялоо үчүн же пара же төлөм талап кыган», — деди КМДБнын басма сөз катчысы.

Ал эгер Ислам комитети «Абройдун» «Халал» кормаларын бузуп жатканын далилдей турган болсо, муфтият өз сертификатын кайра алат, деп кошумчалады.

Колбаса азык-түлүктөрүнүн өндүрүүчүсүнөн комментарий алуу мумкун болгон жок.

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармасынын алдындагы Ислам комитети апрель айында «Ислам тууралуу чын маалыматтарды жайылтуу, экстремизм жана «коррупцияланган мафияга» каршы туруу» максатында түзүлгөн, деп муфтияттын Интернет баракчасында маалымдалат.

«Халал» термини Исламда дин тарабынан тыюу салынган бардык нерсеге колдонулат – ал баарынан көп тамак-ашка тиешелүү.

Эт адал катары эсептелүүсү үчүн жаныбар союлуп жатканда Аллахтын аты аталуусу зарыл.

Адалдын каршысы арам болуп саналат.

Сүрөттүн булагы: azattyk.org

Редактор: Зарема Султанбекова

Автор: Евгений Погребняк

Которгон: Нураида Абдыкапар кызы