Мурдагы Каржы полициясынын кызматкерлери жаӊы мекемеде коррупцияны көзөмөлдөшөт

Каржы полициясынын жумуштан айрылган кызматкерлери жаӊы түзүлгөн Мамлекеттик экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын ишине мониторинг жүргүзө турган байкоочу орган түзүштү. Мекеменин төрагасы мурдагы кызматкерлер мамлекеттик кызматтын ишин кантип көзөмөлдөшөт, деп таӊ калды.

Каржы полициянын мурдагы кызматкерлери тарабынан түзүлгөн «Офицерлердин намысын коргоо» коомдук бирикмеси экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын таза иштеп жатканын көзөмөлдөйт, деп коомдук бирикменин башчысы Макен Өмүрзаков маалымдады.

«Экономикалык кылмыш иштери таптакыр жоголуусу үчүн биз ар бир ишти көзөмөлгө алабыз», — деди Өмүрзаков.

Анын айтымында, коомдук бирикме калк арасында сурамжылоолорду өткөрүп, тынымсыз телефонго келип түшкөн арыздарды көзөмөлдөп, аталган Мамлекеттик мекемедеги кызматтык ишинен кыянаттык менен пайдалануу жана коррупция тууралуу маалымат чогултат.

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын төрагасы Бакыт Аширов мекеменин жумушун мурдагы кызматкерлер кантип көзөмөлдөй тургандыгын түшүнбөй жатканын айтты.

«Бул мекеме режимдуу объект болуп саналат, аларды киргизишпейт. Алар кантип көзөмөлдөгөнү жатышат?», — деди Аширов.

Ал Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын таза жана мыйзам чегинде иштешин ишендирип кетти.

«Акырындап биз өзүбүздүн интернет-баракчабызды жаӊылайбыз жана жумушубуз түшүнүктүү болуусу үчүн, сыр болбогон маалыматтардын бардыгын ошол жерге чыгарып турабыз», — деп билдирди Аширов.

Каржы полициясы 2012-жылы өкмөт башчысы Өмүрбек Бабановдун демилгеси менен жоюлган.

Ал убакта Бабанов Каржы полициясы түзүлгөндөн бери өзүн «таза эмес, коррупцияланган» орган катары көрсөткөнүн белгилеген.

Өкмөттүн басма сөз катчысы Султан Каназаров март айында Мамлекеттик экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы, каржы полициясынан айырмаланып, «жазаландыруучу» орган болбой тургандыгын түшүндүргөн.

«Бул экономикалык коопсуздукту камсыз кылган жаӊы бир структура болуусу зарыл», — деген басма сөз катчысы.

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын жаӊы кызматкерлеринин тизмеси

Бакыт Аширов 4-июнда журналисттерге аталган мекемеге кабыл алынган кызматкерлердин жарымынан көбү жаӊы кызматкерлери экенин айткан. Айтымында, алардын арасында жогорку окуу жайларындын бүтүрүүчүлөрү, юристтер, экономисттер жана башка тармактардын адистери бар.

Кабыл алынган кызматкерлердин калган 40 пайызы – мурдагы Каржы полициясынын кызматкерлери.

Жаӊыдан түзүлгөн мекеменин кызмат орундарына өткөн конкурсанттардын тизмеси өкмөттүн Интернет баракчасына чыгарылган.

Сүрөт: Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматтын Интернет баракчасынан алынды

Редактор: Зарема Султанбекова

Которгон: Нураида Абдыкапар кызы