Эл өкүлдөрү 44 өлкө үчүн визасыз режимди кабыл алышты

Кыргызстандын парламенти 44 өнүккөн өлкө үчүн бир тараптуу визасыз киргизүү жөнүндө мыйзам долбоорун үчүнчү жолку окууда кабыл алды. Мыйзамга ылайык, мындай режим кеминде 2020-жылга чейин күчүндө болот.

Мыйзам президент Алмазбек Атамбаев тарабынан кол коюлгандан кийин күчүнө кирет. Визасыз режим 44 мамлекет үчүн 60 күн мөөнөткө чейин күчүндө болот.

Бул бир тараптуу режим болгондуктан, кыргызстандыктарга ал өлкөлөрдө визалык режим сакталат.

Экономика жана монополияга каршы министрлиги бул мамлекеттер менен визасыз режимдин киригизилүүсу туризм тармагындагы адамдардын кирешесин көбөйтүп, өлкөгө көбүрөөк туристтерди тартат, деп билдирүүдө.

Кыргызстандын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитети көпкө чейин мындай режимге каршы чыгып жаткан, себеби, алардын ою боюнча, чет өлкөлүктөрдүн мамлекетке кирүүсүнүн көзөмөлү жоголуп, бул улуттук коопсуздукка коркунуч жаратышы мүмкүн.

Бирок, жыйынтыгында УКМК өкмөттүн пикирине кошулду.

Тышкы иштер министрлиги да консулдук чогултуулардын азайышын режимдин тескери таасири катары белгилеп, бул мыйзамга каршы чыгып жаткан.

Бүгүнкү күндө Кыргызстандын негизинен мурунку СССР өлкөлөрү болгон 12 өлкө менен визасыз режим жөнүндө келишими бар.

Визасыз режим киргизиле турган өлкөлөрдүн тизмеси:

№ Өлкө:

  1. Австралия
  2. Австрия
  3. Бельгия
  4. Босния жана Герцеговин
  5. Ватикан
  6. Великобритания
  7. Венгрия
  8. Германия
  9. Нидерланды
  10. Греция
  11. Дания
  12. Исландия
  13. Ирландия
  14. Испания
  15. Италия
  16. Канада
  17. Түштүк Корея
  18. Кувейт
  19. Латвия
  20. Литва
  21. Лихтенштейн
  22. Люксембург
  23. Мальта
  24. Монако
  25. Жаңы Зеландия
  26. Норвегия
  27. Бириккен Араб Эмираттары
  28. Польша
  29. Португалия
  30. Сауд Аравиясы
  31. Сингапур
  32. Словакия
  33. Словения
  34. АКШ
  35. Финляндия
  36. Франция
  37. Хорватия
  38. Чехия
  39. Швейцария
  40. Швеция
  41. Эстония
  42. Катар
  43. Бруней
  44. Бахрейн

Автор: Улугбек Акишев

Которгон: Нураида Абдыкапар кызы